Ислам дини » Ыйман маалыматтары » Куфур деген эмне?




Куфур деген эмне?


Жамандыктардын эң жаманы Аллаху таалага ишенбөө, атеист болуу. Ишенүү керек болгон нерселерге ишенбөө куфур болот. Мухаммед алейхиссаламга ишенбестик куфур.

Мухаммед алейхиссаламдын Аллаху таала тарабынан алып келип билдирген нерселердин бардыгына жүрөк менен ишенүү, тил менен тастыктап айтуу ыйман деп аталат. Сөз менен билдирүүгө тоскоол болгон учурда айтпоо кечиримдүү. Дайым туура ыйманда болуу үчүн Ислам дини эмнелерди куфурдун белгилери деп билдирген болсо, аларды айтуудан жана колдонуудан сактануу керек. Исламдын өкүмдөрүнөн б.а., буйрук жана тыюуларынан кандайдыр бирөөнө маани бербөө, Курани карим, периште, пайгамбарлардын бирин «алейхимуссалавату ваттаслимат» мазактоо куфурдун белгилери. Баш тартуу, б.а., уккандан кийин аны кабыл албоо, ишенбөө аны тастыктабагандык болот. Шек саноо да баш тартуу (инкар) болот.

Куфурдун үч түрү бар: жахли, жухуди жана хукми.

I. Укпагандыктан, ойлонбогондуктан капыр бойдон калгандардын куфуру «куфур-и жахли» деп аталат. Жахлдин да эки түрү бар: Биринчиси - жөнөкөй. Мындай адам жахилдигин (сабатсыздыгын) билет. Аларда ката акыйда болбойт. Айбан сыяктуу. Себеби, адамды айбандан айырмалаган нерсе билим менен түшүнүк. Алар айбандан дагы төмөн. Себеби, айбан өз жаратылуу максатында өмүр сүргөндүктөн алар мындай адамдардан жогору турат. Экинчиси – жахл-и мураккаб. Туура эмес, жаңылыш акыйда (ишенич). Грек философторунун жана мусулмандардан жетимиш эки бидат топтун ачык түрдө билдирилген нерселерге ылайык болбогон ишеничтери мына ушундай. Бул жахалат биринчисинен дагы жаман. Дарысы билинбеген оору.

II. Куфр-и жухуди деген куфур куфр-и инади деп да аталат. Билип турса да моюнга албоо ушундай. Бой көтөрүү, аброюн көтөрүүнү ашыкча сүйүү же кемсинүүдөн же айыпталуудан коркуу сыяктуу себептерден улам болот. Фараон жана жолдошторунун, Византия королу Гераклиустун куфурлары мына ушундай.

III. Куфурдун үчүнчү түрү – куфр-и хукми. Куфурдун белгиси деп Ислам билдирген нерселерди сүйлөгөн жана кылган адам жүрөгүндө тастык болсо жана ишенгендигин айтса да капыр болот. Ислам буттун алдында тебелөөнү буйрук кылган нерселерди урматтоо, урматтоону буйрук кылган нерселерди тебелөө куфур болот. Төмөндө Ислам дининде капырлыкка себеп боло турчу куфур сөздөр жана иштер билдирилди:

1- «Аллаху таала Арштан же асмандан бизди карап» жатат деп айтуу куфурлук болот.

2- «Сен мага зулум кылганыңдай, Аллаху таала да сага зулум кылып жатат» деп айтуу куфурлук болот.

3- «Баланча мусулман мен үчүн яхудий сыяктуу» деп айтуу куфурлук болот.

4- Жалган сөздү «Аллаху таала билет, бул туура» деп айтуу куфурлук.

5- Периштелерди кемсинткен нерселерди сүйлөө.

6- Курани каримди, жада калса анын бир тамгасын төмөнсүнтүп сүйлөө, бир тамгасына ишенбөө куфур.

7- Музыкалык аспаптын коштоосунда Курани карим окуу.

8- Чыныгы Тоорат жана Инжилге ишенбөө, аларды жамандоо. (Учурда чыныгы Тоорат жана Инжил жок).

9- Курани каримди арапчадан башка тамгалар менен окуп, «бул - Курани карим» деп айтуу куфурлук.

10- Пайгамбарларды кемсинте турчу нерселерди сүйлөө.

11- Курани каримде ысымдары билдирилген жыйырма беш пайгамбардын «алейхимуссалавату ваттаслимат» бирөөнө болсо да ишенбөө.

12- Көп жакшылык кылган бир адамды «Пайгамбардан дагы жакшы» деп айтуу куфурлук.

13- «Пайгамбарлар муктаж болушкан» деп айтуу куфурлук. Себеби, алардын кедейлиги өз каалоолору менен болгон.

14- Бир адам «Пайгамбармын» десе, ага ишенгендер да капыр болот.

15- Акыретте боло турчу нерселерди азилдөө-маскаралоо.

16- Кабырдагы жана кыяматтагы азаптарга («акылга, илимге ылайык эмес» деп айтуу) ишенбөө.

17- Жаннатта Аллаху тааланы көрүүгө ишенбөө, «мен Жаннатты каалабайм, Аллаху тааланы каалайм» деп айтуу куфурлук болот.

18- Исламга ишенбөөнүн белгиси болгон сөздөрдү, «дин үйрөнгөнчө тил же болбосо техника илимдерин үйрөнгөн оң» деп айтуу куфурлук.

19- «Намаз окусам да, окубасам да баары бир, эч нерсе өзгөрбөйт» деп айтуу куфурга себеп болот.

20- «Зекет бербейм» деп айтуу куфурлук.

21- «Пайыз (процент) халал болгондо кана!» деп айтуу куфурлук.

22- «Зулумдук халал болгондо кана!» деп айтуу куфурлук.

23- Харам жолдон келген мал-мүлктү кедей адамга берип, андан сооп күтсө, ал эми кедей адам берилген акчанын харам экенин билип туруп аны берген адамга дуба кылса.

24- «Имам Азам Абу Ханифанын кыястары (өкүмдөрү) хак эмес, туура эмес» деп айтуу куфурлук. Ваххаббилер ушул себептен улам капыр болушту.

25- Белгилүү сүннөттөрдүн бирөөнү жактырбоо.

26- «Кабырым менен минбарымдын ортосу, (Равда-и мутаххара) - Жаннат бакчаларынан бир бакча» деген хадиси шарифти укканда: «Мен минбар менен кабырдан башка эч нерсе көргөнүм жок», -деп айтуу куфурлук.

27- Ислам маалыматтарына ынанбоо, аларды жана дин аалымдарын төмөнсүнтүү куфур.

28- Капыр болууну каалаган адам буга ниет кылар замат капыр болот.

29- Башка бирөөнүн капыр болуусун каалаган адам анын куфурун жактыргандыгы үчүн каалап турган болсо капыр болот.

30- Куфурга себеп экендигин билип туруп, каалоосу менен куфур сөздөрдү сүйлөгөн адам капыр болот. Билбей айтып жатса да аалымдардын көпчүлүгүнүн оюу боюнча баары бир капыр болот.

31- Куфурга себеп боло турган бир ишти билип туруп жасаган адам капыр болот. Билбестен жасаса да капыр болот деген аалымдар көп.

32- Белине зуннар деп аталган поптордун бел боосун байлануу жана куфурга тийиштүү бир нерсе кийүү куфур. Соодагердин Ислам мыйзамдары орун албаган жерде да колдонуусу куфур. Буларды азилдешүү, башкаларды күлдүрүү, тамашалоо максатында пайдалануу да куфурга себеп болот.

33- Капырлардын майрамында ал күнгө тийиштүү нерселерин алар сыяктуу колдонуу, аларды капырларга белек кылуу куфур болот.

34- Акылдуу, билимдүү, адабиятчы экенин көрсөтүү максатында же жанындагыларды күлдүрүү, таң калтыруу, сүйүнтүү же шылдыңдоо үчүн айтылган сөздөрдө да куфр-и хукмдан коркуу керек. Ачуу, ыза же напсине катуу берилүү менен айтылган сөздөр мына ушундай.

35- Гыйбат (ушак) кылган адам: «Мен ушактаган жокмун, ал адамда болгон нерсени айттым», -десе куфур болот.

36- Бала кезинде никеси кыйылган кыз акылга жана балагатка киргенде ыйманды, Исламды билбесе жана андан сураганда түшүндүрө албаса эринен бош болот, өзү муртад болот. Эркек да ушундай.

37- Бир мусулманды (күнөөсүз жерге) өлтүргөн же өлтүрүлүүсүн буйрук кылган адамга «туура кылдың» деп айтуу куфурлук болот.

38- Өлтүрүлүүсү важиб болбогон адамды «өлтүрүлүшү керек болчу» деп айтуу куфурлук.

39- Бирөөнү адилетсиз түрдө сабаган же өлтүргөн заалим адамга «жакшы кылдың, ал ушуга ылайык эле» деп айтуу куфурлук.

40- «Аллаху таала билип турат го, сени өз баламдан да жакшы көрөм» деп жалган сүйлөө.

41- Мартабасы бар бир адам чүчкүргөндө ага «Йархамукаллах» деген адамга «чоңдорго карата минтип айткан болбойт» деп айтуу куфур.

42- Милдет экенине ишенбей, маани бербей намаз окубоо, орозо кармабоо, зекет бербөө.

43- Аллахтын ырайымынан үмүт үзүү.

44- Негизи өзү харам эмес, бирок, кийин кандайдыр бир себептен улам харам болгон мал, акча харам-ы ли гайрихи деп аталат. Уурдалган жана харам жол менен келген нерселер ушуга кирет. Буларды халал деп айтуу куфур эмес. Өлүк, чочко, шарап сыяктуу, незигинде харам нерселер харам-ы ли айнихи деп аталат. Буларды халал деп айтуу куфур болот.

45- Харам экендиги так билинген бардык күнөөлөрдү халал деп эсептөө.

46- Азан, мечит жана фыкх китептери сыяктуу Исламиятта баалуу болуп эсептелген нерселерди кемсинтүү.

47- Дааратсыз экенин билгенине карабастан намаз окуу.

48- Билип туруп кыбыладан башка тарапка карап намаз окуу. «Намазды кыбылага карап окуу зарыл эмес» деп айткан адам капыр болот.

49- Бир мусулманды жамандоо үчүн капыр деп айтуу куфур болбойт. Бирок, капыр болуусун каалап айтуу куфур болот.

50- Күнөө экенине маани бербей күнөө кылуу.

51- Ибадат кылуу жана күнөөлөрдөн сактануу керек экенине ишенбөө.

52- Чогултулган салык султандын мүлкү экендигине ишенүү.

53- Капырлардын диний жөрөлгөлөрүн жактыруу, зарылчылыгы жок болгонуна карабастан зуннар байланып, куфурга киргизе турчу нерселерди пайдалануу жана аларды жактырып урмат кылуу.

54- Эгер өз каалоосу менен «баланча нерсе баланчада бар же жок, жалган айтсам капыр болуп кетейин, яхудий болуп кетейин» деп ант ичсе, ал нерсе ошол адамда болсо да болбосо да бул адам өз ыктыяры менен куфурга барган болот.

55- Зина, ливата (гомосексуализм), процент, жалган айтуу сыяктуу ар бир динде харам болуп эсептелген нерселерди «халал болсо, а мен болсо аны жасасам» деп эңсөө.

56- «Пайгамбарларга «алейхимуссалавату ваттаслимат» ишенем, бирок, Адам алейхиссалам пайгамбар беле, билбейм» деп айтуу куфулук болот.

57- Мухаммед алейхиссаламдын акыр заман Пайгамбары экендигин билбеген капыр болот.

58- Кимдир бирөө «Пайгамбарлардын айтканы туура болсо, анда биз кутулдук» десе, капыр болот. (Себеби, бул адам пайгамбарларга күмөн кылган болот.)

59- Бирөөнө «кел намаз оку» дешсе, ал болсо «окубайм» десе, капыр болот. Бирок, «сенин сөзүң менен окубайм, Аллаху тааланын буйругу менен окуйм» десе капыр болбойт.

60- Бирөөнө «сакалыңды бир тутамдан кыска кеспе же бир уучтан ашыгын кес, тырмактарыңды ал, себеби, бул Расулуллахтын (саллаллаху алейхи ва саллам) сүннөтү» деп айтышса, ал адам «кеспейм» десе капыр болот. Башка сүннөттөр да ушундай. (Сенин сөзүң менен кылбайм, бирок, Расулуллахтын сүннөтү болгондугу үчүн кылам)деп айтуу куфур болбойт. Тануу, баш тартуу максаты менен болсо куфур болот.

61- Бирөө мурутун кыскартып кессе, жанындагы адам «мына кестиң, эми бир нерсеге жарабай калды» десе, анын ыйманынан күмөн саналат. (Себеби, мурутту кыскартуу сүннөт. Сүннөткө маани бербеген болот.)

62- Кимдир бирөө баштан аяк жибектен кийим кийинсе, ал эми башка бирөө ага «Куттуу болсун» десе, мунун куфурунан коркунуч бар.

63- Кимдир бирөө кыбыланы карап бутун узатып жатуу, түкүрүү, какыруу сыяктуу макрух аракет жасаса, ага «кой, бул кылганың макрух» дешсе жана ал адам «ар күнөөбүз мынчалык болсо канттик» деп какшыктаса, макрухка маани бербегендиктен анын куфурунан коркунуч бар.

64- Бирөөнүн кызматчысы эшиктен кирип, кожоюнуна салам берсе, кожоюнунун жанындагы адам «Кожоюнга салам берилчү беле» десе, муну айткан адам капыр болот. Бирок, максаты тарбия, адеп үйрөтүү болсо, саламды ичиңен берүүң керек эле дегиси келсе куфур болбойт.

65- «Ыйман көбөйөт, азаят» деп айтуу куфур. Бирок, ыймандын көркөмдүгү (йакиин жана кемелдиги) жагынан айтылса куфур болбойт.

66- «Учурда эки кыбыла бар: бирөө Каабада, экинчиси Кудуста (Иерусалимде)» деп айтуу куфур. «Азыркы абалда эки кааба бар» деп айтуу куфур. Бирок, «Байт-и Мукаддес мурда кыбыла болгон, кийин Кааба кыбыла болду» десе куфур болбойт.

67- Кимде ким Ислам аалымына себепсиз душмандык кылса, сөксө анын куфурунан коркунуч бар.

68- Кимде ким «тамак жеп жатканда сүйлөшпөө мажусилердин жакшы салттарынан» десе же «хайзы келген жубайынын жанына жатпоо мажусилердин жакшы салттарынан» деп айтса капыр болот дешкен.

69- Бирөөнөн «сен мусулмансыңбы? деп сурашса, ал адам да «Иншаллах, Кудай буюрса, кааласа» дегендей жооп берип, муну түшүндүрө албаса куфур болот.

70- Баласы өлгөн адамга «Аллаху таалага уулуң керек болуптур» деп айткан адам капыр болот дешкен.

71- Бир аял белине бир кара жип байласа, андан: «Бул эмне?» - деп сурашса, ал аял: «Бул зуннар», - деп жооп берсе капыр болот.

72- Кимде ким харам тамак жегенде «Бисмиллах» деп айтса капыр болот. Харам-ы ли айнихи, б.а., өлүк, шарап сыяктуу харамдар үчүн ушундай. Өзү харам болбогон харам-ы ли гайрихи үчүн мындай эмес. Тонолуп алынган мал-мүлктү жегенде «Бисмиллах» деп айтуу куфур болбойт. Себеби, ал мүлктүн өзү эмес, аны тоноо харам.

73- Кимдир бирөөнүн куфуруна ыраазы болуу куфур. Бир адамга баддуба кылып (каргап), «Аллаху таала сенин жаныңды куфур менен алсын» десе анын капыр боло тургандыгында аалымдардын арасында пикир айырмачылыгы бар. Куфурга ыраазы болуу куфур. Бирок, зулумдугунан жана бузукулугунан улам «азабы дайым катуу болсун» деген ниет менен айткан болсо куфур эмес.

74- Кандайдыр бир ишти кылып, аны кылгандыгын билип, бирок, «Аллаху таала билет, мындай ишти кылбадым» десе капыр болот. Ар нерсени билүүчү болгон Аллаху тааланы билбөөчү деп сыпаттаган болот.

75- Кимдир бирөө күбөсүз нике кыйып, «күбөбүз Аллаху таала менен Пайгамбар» деген эркек мене аял экөө тең капыр болот. Себеби, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) тирүү кезинде кайыпты билчү эмес. «Кайыпты билчү деп» айтуу куфур. (Кайыпты Аллаху таала жана Ал билдиргендер билет.)

76- «Мен уурдалган жана жоголгон нерселерди билем» деген төлгөчү жана ага ишенген адам капыр болот. «Мага жиндер кабарлайт» десе да капыр болот. Пайгамбарлар жана жиндер дагы кайыпты билишпейт. (Кайыпты Аллаху таала жана Ал билдиргендер билет.)

77- Эгер Аллаху тааланын атына ант берүүнү каалаган адамга «мен Аллаху таалага антыңды каалабайм, ар-намысыңа ант бер» десе капыр болот дешкен.

78- Кимдир бирөө жаман көргөн адамына «сенин жүзүң мен үчүн жан алгычтын жүзүндөй десе» капыр болот дешкен. Себеби, жан алгыч периште (Азраил алейхиссалам) улук периште.

79- Кимде ким «намаз окубаган кандай жакшы» десе капыр болот. Бирөө «кел намаз оку» десе, ал адам болсо «намаз окуу мен үчүн оор» десе капыр болот дешкен.

80- Кимде ким «асмандагы Аллаху таала менин күбөм» десе капыр болот. Себеби, Аллаху тааланы белгилүү бир жерге таандык кылган болот. Аллаху таала мекандан (белгилүү бир жерден) көз карандысыз.

81- Аллаху тааланы «ата, баба» деп айткан капыр болот.

82- «Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) тамак жегенден кийин ыйык манжасын жалачу» деген адамга «бул адепсиздик» деп жооп кайтарган адам капыр болот.

83- «Пайгамбар (алейхиссалату вассалам) кара болчу» деген адам капыр болот. (Азыр кара түстөгү иттерди «араб-араб»деп чакыруу, кара түстөгү адамдарды «араб»деп маскаралоо жайылып кетти. Мындан абайлоо керек).

84- «Ырыскы Аллаху тааладан келет, а бирок, пенде дагы кыймылдаш керек деп айтуу ширк. Себеби, кулга кыймыл-аракетти берген да Аллаху таала.

85- «Яхуди болгончо христиан болуу, коммунист болгуча америкалык капыр болуу артык» деген адам капыр болот. Себеби, капырлыкты жакшы деген болбойт. Аларды бири-бири менен салыштыра турган болсо«баланча капыр баланча капырдан жаман» деп айтуу керек.

86- «Кыянаттык кылгандан көрө капыр болгон жакшы» деп айтса капыр болот.

87- «Илим чогулушунда эмне ишим бар» же болбосо, «аалымдардын айткандарын аткарууга кимдин күчү жетет» деп айтса, же болбосо фатваны жерге ыргытса, «дин адамдарынын сөздөрү эмнеге жарамак эле» деп айтса капыр болот.

880- Кимдир бирөө куфурга тийиштүү сөз айтса, башкасы ага күлсө, экөө тең капыр болот. Эгер күлүүгө мажбур болгон болсо капыр болбойт.

89- Бир адам «Олуялардын арбактары дайым хазыр, алар билишет» деген адам капыр болот.«Хазыр болот»десе куфур болбойт. (Олуялардын рухтары Аллаху таала сыяктуу хазыр жана назыр боло албайт (дайым көрүп, билип тура албайт). Алар тууралуу кеп кылынып, эскерилген жерлерде гана хазыр болушат. Эскериле электе ал жерде болгон эмес.)

90- «Исламды билбейм же каалабайм» деген адам капыр болот.

91- «Адам алейхиссалам буудай жебегенде биз шаки (Тозоктук) болбойт элек» деген адам капыр болот. Бирок, «биз дүйнөдө болбойт элек» деп айтса, аалымдарда мунун куфур боло тургандыгы тууралуу пикир айырмачылыгы болгон.

92- «Адам алейхиссалам кездеме токучу» десе, башка бир адам «демек, биз токуучунун тукуму турбайбызбы» десе капыр болот.

93- Эгер бирөө кандайдыр бир кичинекей күнөө кетирсе, ага башкасы «тообо кыл» десе, ал эми, ал «тообо кылгыдай эмне күнөө кылыпмын» десе капыр болот.

94- Бирөө экинчисине «Кел Ислам аалымына баралы же фыкх, илмихал китебин окуп үйрөнөлү» десе, «мен илимди эмне кылмак элем» десе капыр болот. Себеби, илимди төмөнсүнтүүдө.

95- Тафсир жана фыкх китептерине тил узатып, аларды жактырбай жамандаган адам капыр болот.

96- Бир адамдан «Кимдин урпагысың, улутуң эмне, акыйдада жана амалда мазхаб имамың ким?» деп сурашса жана ал адам муну билбесе капыр болот.

97- Белгилүү харамды халал деген адам капыр болот. (Тамекини харам деп айтуу кооптуу).

98- Бардык диндерде харам болуп эсептелген, халал болуусу хикматка (сырга) каршы болгон нерсенин халал болуусун тилөө куфур. Зина, ливата (гомосексуализм), курсагы тойгондон кийин дагы ичип-жеш, процент алып-беришүү сыяктуу. Шараптын халал болуусун тилөө куфур эмес. Себеби, бардык динде харам кылынган эмес эле.

99- Ыйык Курани каримди сүйлөшүп, тамашалашып жаткан учурда колодонуу куфур.

100- Яхйа аттуу адамга «Йа, Яхя! Хуз-ил-китаба» десе капыр болот. Курани каримди шылдыңдаган болот. Музыкалык аспап чертип, ойноп, ырдап жатканда Курани карим окуу дагы ушундай.

101- Азыр келдим «Бисмиллахи» десе жаман болот. Бир нерсени көп көрсө, маанисин билбей туруп «Махалакаллах» десе капыр болот.

102- «Сени азыр сөкпөйм, сөгүүнүн атын күнөө коюшуптур» деп айтуу жаман.

103- Бир адам «Жабраил музоосундай жыпжылаңач болуптурсуң» десе жаман болот. Периштени мазактаган болот.

104- Уулумдун башы үчүн, же болбосо өзүмдүн башым үчүн деген сөзгө биллахи сөзүн кошуп, мисалы, «валлахи уулумдун башы үчүн» десе куфурга кирүү коркунучу бар.

105- Курани каримди, мавлидди жана илахи ырларды музыкалык аспап чалынып жатканда окуу же алар менен окуу куфур.

106- Курани каримди, мавлидди, илахилерди жана салават-ы

шарифтерди харам иштер кылынган жайларда урмат менен окуу харам. Ойноп-күлүү, көңүл ачуу үчүн окуу куфур.

107- Сүннөткө ылайык окулган Азан-ы Мухаммедини тыңдабай, маани бербеген адам дароо капыр болот.

108- Курани каримге өз акылы менен маани берген адам капыр болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш