Ислам дини » Динибиз » Отуз үч парз




Отуз үч парз


Ар мусулмандын билүүсү жана кылуусу керек болгон ыйман жана ибадат маалыматтарынан эң маанилүүлөрү отуз үч парз болуп саналат.

Ыймандын шарты алты (6).

Исламдын шарты беш (5).

Намаздын парзы он эки (12).

Даараттын парзы төрт (4).

Гусулдун парзы үч (3).

Таяммумдун парзы үч (3). (Таяммумдун парзы эки деген аалымдар да болгон. Ушундайча баары отуз эки болот.) (Кутбуддин Изники)

Нике кыйдыра турчу күйөө бала жана келин отуз үч парзды билүүлөрү жана буларга ишенүүлөрү керек. Эгер билишпесе нике кыя турчу киши Бисмиллах, хамд жана салават (Пайгамбарыбызга дуба) окугандан кийин бул отуз үч парздан ыймандын жана Исламдын шарттарын ылайык жолун таап күйөө бала менен келинге үйрөтүүсү керек.

ОТУЗ ҮЧ ПАРЗ БУЛАР:

Ыймандын шарттары (6)

1. Аллаху тааланын бар жана бир экенине ишенүү.

2. Аллаху тааланын периштелерине ишенүү.

3. Аллаху таала жиберген китептерге ишенүү.

4. Аллаху тааланын пайгамбарларына ишенүү.

5. Акырет күнүнө ишенүү.

6. Тагдырга, б.а., жамандык жана жакшылыктын Аллаху тааладан экендигине ишенүү.

Исламдын шарттары (5)

7. Келиме-и шахадат келтирүү.

8. Күн сайын беш жолу маалы киргенде намаз окуу.

9. Мал-мүлкүнүн зекетин берүү.

10. Рамазан айында күн сайын орозо кармоо.

11. Колунда бар, күчү жеткен адамдын өмүрүндө бир жолу ажыга баруусу.

Намаздын парздары (12)

А. Намаздын жети тышкы парзы бар. Булар шарттары да деп аталат.

12. Хадастан тахарат (тазалануу) .

13. Нажестен тахарат (тазалануу).

14. Сатр-и аврат (Аврат жерлерди жабуу).

15. Истикбал-и Кыбла (Кыбыланы кароо).

16. Убакыт.

17. Ниет.

18. Ифтитах же тахрима такбири.

Б. Намаздын беш ички парзы бар. Алар рукун деп аталат.

19. Кыйам.

20. Кыраат.

21. Руку.

22. Сажда.

23. Када-и ахира (соңку отуруу).

Даараттын парздары (4)

24. Даарат алып жатканда бетти жуу.

25. Колдорду чыканак менен бирге жуу.

26. Баштын төрттөн бирине масх тартуу.

27. Бутту кызыл ашыктары менен бирге жуу.

Гусулдун парздары (3)

28. Оозду жуу. (мазмаза)

29. Мурунду жуу. (истиншак)

30. Денени толугу менен жуу.

Таяммумдун парздары (3)

31. Жунуптуктан же дааратсыздыктан тазалануу үчүн ниет кылуу.

32. Эки колду таза топуракка уруп, бетке масх тартуу.

33. Эки колду таза топуракка уруп, сол кол менен оң колду, оң кол менен сол колду чыканактан алаканга чейин сылоо.

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш