Ислам дини » Динибиз » Элүү төрт фарз




Элүү төрт фарз


1- Аллаху тааланын бир экенине ишенүү.

2- Халал тамак-аш жеп-ичүү.

3- Даарат алуу.

4- Беш маал намаз окуу.

5- Намаз үчүн аялдардын хайздан жана бардык мусулмандардын жунуптуктан тазалануу үчүн гусул алуулары.

6- Ырыскынын Аллаху тааладан экендигине жана ырыскыга Аллаху тааланын кепил экендигине ишенүү.

7- Адал, таза кийим кийүү.

8- Хакка тобокел кылып, эмгектенүү.

9- Канаат кылуу.

10- Берген ырыскылар үчүн Аллаху таалага шүгүр кылуу. Б.а., аларды буйрук ылган жерлеринде колдонуу.

11- Тагдырга ыраазы болуу.

12- Кыйынчылыктарга сабыр кылуу.

13- Күнөөлөрдөн тообо кылып, баш тартуу.

14- Аллах ыраазычылыгы үчүн ибадат кылуу.

15- Адам жана жин тайпасынын шайтандарын душман деп билүү.

16- Куран-и Каримдин өкүмдөрүнө ыраазы болуу.

17- Өлүмдүн акыйкат экенин билүү жана өлүмгө даярдануу.

18- Аллахтын досторуна дос, душмандарына душман болуу. Бул - хубб-и филлах жана бугд-и филлах деп аталат.

19- Ата-энеге жакшылык кылуу.

20- Жакшыга үндөп, жамандан кайтаруу (амр-и маруф нахй-и мункар).

21- Махрам болгон туугандар менен аралашып туруу.

22- Аманатка кыянат кылбоо.

23- Ар дайым Аллаху тааладан коркуп, харам иштерден сактануу.

24- Аллаху таалага жана Расулуна баш ийүү. Б.а., фарздарды орундап, харамдардан сактануу.

25- Күнөөлөрдөн качып, ибадат менен алектенүү.

26- Улул-амирге, жетекчилерге баш ийүү.

27- Ааламга сабак (ибрат) назары менен кароо.

28- Аллаху тааланын бар экенин ойлоо.

29- Тилин жаман сөздөрдөн коргоо.

30- Жүрөктү дүнүйөлүк нерселерден тазалоо.

31- Эч кимди маскара кылбоо.

32- Харам нерсени карабоо.

33- Кандай абалда болбосун сөзүндө туруу.

34- Кулагын харам нерселерди тыңдоодон коргоо.

35- Илим үйрөнүү. (Фарздарды, харамдардын эмнелер экендигин окуп үйрөнүү.)

36- Тараза жана башка чен-өлчөм каражаттарын дурус колдонуу.

37- Аллаху тааланын азабынан коркуу.

38- Мусулман кембагалдарга зекет берип, көмөк көрсөтүү.

39- Аллаху тааланын ырайымынан үмүт үзбөө.

40- Напсиге баш ийбөө, анын жаман каалоолоруна берилбөө.

41- Аллаху тааланын ыраазычылыгы үчүнач адамдарды тойгузуу.

42- Жетиштүү өлчөмдө ырыскы табуу үчүн эмгектенүү.

43- Мал-мүлкүнүн зекетин, түшүмдүн ушурун берүү.

44- Хайз абалындагы жана жаңы төрөгөн жубайына жакын болбоо.

45- Жүрөгүн күнөөлөрдөн тазалоо.

46- Бой көтөрүүдөн сактануу.

47- Балагатка жете элек жетимдин мүлкүн коргоо.

48- Уул балага жакындабоо. (Б.а., ливата кылбоо. Ливата - чоң күнөө. Педофилия, гомосексуализм)

49- Беш маал намазды убактысында окуп, каза кылбоо.

50- Зулумдук менен эч кимдин мүлкүнө кол салбоо, тартып албоо. (Ажырашкан аялынын махр акчасын төлөө кул акысына кирет. Төлөбөсө дүйнөдө жана акыретте чоң азапка тартылат. Кул акысынын эң маанилүүсү – туугандарына жана кол алдындагыларга Аллаху тааланын буйруктарын үйрөтпөө. Аларга дин илимин үйрөтүүнү таштап кою. Алардын жана бардык мусулмандардын динин үйрөнүүлөрүнө, ибадат кылууларына зулумдук менен же алдоо менен кедерги болгон адамдын капыр, Ислам душманы экендиги белгилүү болот. Бидатчылардын, мазхабсыздардын Ахли сүннөт ишенимин өзгөртүү, динди, ыйманды бузуулары ушундай.)

51- Аллаху таалага шерик кошпоо.

52- Зинадан качуу.

53- Шарап жана алкоголдук ичимдиктерди ичпөө. Спирт ичимдиктери оор нажис болуп эсептелет.

54- Жок нерсеге ант ичпөө.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш