Кабыр суроолору


Суроо: Кабырда эмнелер суралат, жооптору кандай?

ЖООП

Кабыр суроолоруна жооп катары мына буларды үйрөнүү керек:

Раббиң ким?

ЖООП: Аллаху та'ала.

Диниң эмне?

ЖООП: Ислам дини.

Кайсы Пайгамбардын үммөтүнөнсүң?

ЖООП: Мухаммед алейхиссаламдын.

Китебиң эмне?

ЖООП: Кур'ан-и карим.

Кыбылаң кайсы?

ЖООП: Кааба-и муаззама.

Итикадда махзхабың эмне?

ЖООП: Ахли сүннөт вал жамаат.

Амалда мазхабың эмне?

ЖООП: 4 мазхабдан кайсынысы болсо, мисалы, Ханафи, Малики, Шафии жана Ханбалиден бири айтылат.

Ошойдой эле, төмөндөгү негиздерди дагы билүү керек:

Кимдин урпагынансың?

ЖООП: Адам алейхиссаламдын

Кимдин миллетиненсиң?

ЖООП

Ибрахим алейхиссаламдын

Ыйман деген эмне? Амантунун негиздери эмнелер?

ЖООП

Ыйман Мухаммед алейхиссаламдын Аллаху таала тарабынан алып келген буйрук жана тыйууларга ишенүү жана ишенгендигин тил менен айтуу болуп саналат.

Ыйман - Амантуда билдирилген алты негизге ишенүү жана Аллаху таала тарабынан билдирилген буйрук жана тыйуулардын бардыгын кабыл кылуу жана жактыруу.

Аманту мындай:

Аманту биллахи ва малаикатихи ва кутубихи ва русулихи вал йавмил ахири ва билкадери хайрихи ва шеррихи миналлахи таала вал ба'су ба'дел мавти хаккунАшхаду ан лаа илахе иллаллах ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва расулуху.

[Аллахка, периштелерине, жиберген китептерине, пайгамбарларына, акырет күнүнө, тагдырга, жакшылык менен жамандыктын Аллахтан экендигине, өлгөндөн кийин тирилүүгө ишенем. Аллахтан башка илах болбогондугуна жана Мухаммед алейхиссалам Аллахтын кулу жана соңку Пайгамбары экендигине шахадат кыламын.]

Исламдын шарттары эмнелер?

ЖООП

1-Келиме-и шахадат келтирүү

«Ашхаду ан лаа илаха иллаллах ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва расулуху» деп айтуу. Мааниси мындай:

(Мен шахадат кыламын [б,а., көргөн сыяктуу билемин жана билдиремин]Аллахтан башка илах жок. Жана дагы шахадат кыламын, Мухаммед алейхиссалам Анын кулу жана расулу.)

Расулуллахка ишенүү Анын билдиргендеринин бардыгын кабылдоо, ишенүү жана бардыгын жактыруу болуп саналат.

2-Намаз окуу

3-Зекет берүү

4-Орозо кармоо

5-Ажылыкка баруу

Аллаху та'аланын сыпаттары эмнелер?

ЖООП

Аллаху тааланын Сыфат-ы затиййасы алты:

1-Вужуд

2-Кыдем

3-Бека

4-Вахданиййат

 

5-Мухалафатун-лилхавадис

6-Кыйам би-нафсихи

Аллаху тааланын сыфат-ы субутиййасы сегиз: 

1-Хайат

2-Илм

3-Сем’

4-Басар

5-Ирада

6-Кудрат

7-Калам

8-Таквин

Өлгөн адам кабырга коюлгандан кийин биз билбеген түрдө тирилип, амалдарына жараша ырахатын көрөт же азап тартат.  Мункар жана Накир деп аталган эки периштенин коркунучтуу адам кейпинде мазарга келип сурак сурай тургандыгы тууралуу хадистерде ачык айкын билдирилген. Кабыр жашоосуна ишенүү керек.

Кыямат күнү адамдар карманган мазхаб имамдарынын аты менен чакырыла тургандыгы, мисалы: "Ханафилер келгиле! Сүннүлөр келгиле!” - деп айтыла тургандыгы "Рух-ул-баян” тафсиринде "Исра” сүрөсүнүн 71-аятында жазылган.

Кээ бир аалымдардын пикири боюнча кабыр сурактары кээ бир ишенимдерден суралат, кээ бирлеринин пикири боюнча бир канча акаид маселесинен (ыйман маселесинен) суралат. Ошондуктан,  балдарыбызга: "Раббиң ким? Диниң эмне? Кимдин үммөтүсүң? Китебиң эмне? Кыбылаң кайда? Ишеним жана амалда мазхабың кайсы?” - деген сурактардын жоопторун үйрөтүүбүз кажет. Ошол суроолорго дүйнөдө ахли сүннөт жолунда болбогондордун жооптору туура болбойт. Туура жооп бергендердин кабыры кеңейип, ага Бейиштен бир терезе ачылып, Бейиштеги жерлери көрсөтүлөт. Периштелер ага жакшылык кылышат, кубанычтуу кабарлар айтышат. Туура жооп бере албай турган болсо, темир токмоктор менен урушат. Үнүн адамдардан жана жиндерден башка бардыгы угат. Кабыры тарайып, денесин кысат. Тозоктон бир терезе ачылып, Тозоктогу бара турган жерин көрүп, Сурак күнүнө чейин азап тартат. Кабырдагы, кыяматтагы жагдайларды дүйнө иштерине окшотууга болбойт. Андагы өмүр – акыйкат өмүр!

Өлгөндөн кийин кайрадан тирилүүгө ишенүү – шарт. Эт менен сөөк чирип, топурак, газга айлангандан кийин, кайрадан жыйналып, рух денеге кирип, мазардан турат. Ошондуктан, бул убакыт "Кыямат күнү” деп аталат.

Суроо: Кабыр суроосу баарынан суралабы жана кичине жашта өлгөн балдарга да кабыр суроосу болобу?

ЖООП

Бул тууралуу Сираж китебинде мындай делген: «Бүткүл адамдардан кабыр суроосу сурала тургандыгын Ахли сүннөт аалымдары сөз бирдиги менен билдирүүдө. Наристе кезде өлгөн балага да Аллаху таала жооп берүүнү илхам кылат.» Ибни Абдул-Барр жана Имам Суюту хазреттери дагы: «Момун жана мунафык болгон ахли кыбылага сурак бар», - деп буюрушкан. Хазрети Омарга кабыр суроосу болгондугу жана берген жоопту билдирген кабарлар китептерде бар.

Өлүү кабырга коюлган кезде

Суроо: Бир киши өлүп кабырга коюлганда аны эмнелер күтүүдө жана ал жерде каршылаша турчу биринчи нерсе эмне?

ЖООП

Имам Газали хазреттери Дурра-тул Фахира фи-кашф-и улум-ил-ахыра делген китебинде бул тууралуу мындай деген:

«Өлүү кабырга коюлган кезде үстүнө топурак ташталганда кабыр маййитке минтип айтат: «Менин үстүмдө жүргөндө ырахаттуу элең. Азыр астымда капалуу болосуң. Менин үстүмдө тамактарды жечү элең. Азыр болсо сени менин астымда курттар жешет.» Кабыр толуп, топурак менен үстү жабылганга чейин ушундай ачуу сөздөрдү айтат. Асхабы кирамдан Ибни Масуд хазреттери айтып берген. Бир күнү өзү Пайгамбарыбыз алейхиссаламдан:

- Йа, Расулаллах, өлүү кабырга коюлганда биринчи болуп кезигише турчу нерсе эмне? – деп сураганда Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай деп буюрду:

- Йа, Ибни Масуд, муну сенден башка эч ким менден сурабады. Өлүү кабырга коюлган кезде алгач бир периште үн катат. Ал периштенин ысымы Руман. Кабырлардын арасына кирет. Анан айтат: «Йа, Абдаллах, амалыңды жаз!» Ал киши айтат: «Менин бул жерде жазгыдай кагазым да, калемим да жок, эмнени жазайын?» Ал периште айтат: «Бул сөзүң кабыл кылынбайт. Сенин кепениң кагазың, түкүрүгүң сыяң, манжаларың калемиң. Периште кепенинен бир бөлүк кесип берет. Ал пенде дүнүйөдө канчалык жазганды билбесе да ал жерде сообун, күнөөсүн ошол бир күндө кылган сыяктуу жазат. Мындан кийин периште ал жазган кепендин бөлүгүн түрүп, ал өлүүнүн мойнуна асат. Мындан кийин Пайгамбарыбыз алейхиссалам:

«Ар адамдын кылган иштерин көрсөткөн барактарды биз мойнунда кылдык» деген маанидеги Исра сүрөсүнүн 13. Аяти каримасын окушту.

Суроо: Өлүү кабырга коюлган кезде эмнеге туш болот?

ЖООП: Бир хадиси шарифте бул абал мындайча түшүндүрүлгөн:

«Өлүү кабырга коюлганда артынан келгендердин буттарынын добуштарын угат. Мазардан башка аны менен сүйлөшкөн эч ким болбойт. Мазар мындай дейт:

- Менин кандай болгонуман жана мендеги коркуу жана азаптан сага айтылгандар аз, мен үчүн эмне даярдадың?

- Убал болсун сага эң адам баласы! Мен бар турганда эмнеге менменсиндиң? Менин азаптуу, караңгы, жалгыз жана курт-кумурскалар менен толо бир жер экендигимди билчү эмес белең?

- Үстүмдө басып баратканда бир бутуң артта, бир бутуң алдыда адашып турганыңда эмнеге алдандың?

Эгер ал киши салихтерден болсо бир үн мындай дейт:

- Эй, мазар, эмнелерди айтып жатасың, ал туура киши эле? Амри маруф, нахй-и мункар кылчу эле. Ага албетте жашыл бакчаларды даярдадым. Кийин анын денеси нурга айлантылат да руху асманга чыгарылат.»

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш