Ислам дини » Динибиз » Акырет күнүнө ишенүү » Өлүм азабын кимдер сезбейт?




Өлүм азабын кимдер сезбейт?


Суроо: Өлүм азабын ар бир адам сезеби?           

Жооп: Өлүм азабы дүнүйөдөгү азаптардын бардыгынан да катуураак. Бир ыймансыз уйку дарысын ичип же денесинин ар бир жерине наркоз берилгенден кийин өлсө да өтө катуу болгон өлүм азабын сезет. Бирок, салих момун ок жамгырынын астында калып кетсе да, бул азапты сезбейт. Хадиси шарифте айтылды: "Аллаху таалага ант берип айтамын, өлүм периштесин көрүү миң кылыч соккусунан да катуураак. Дагы Аллаху таалага ант берип айтамын, момун кулдун ар бир тамыры өлүм азабын сезмейинче жаны чыкпайт”. (Абу Нуайм)

"Шейит өлүм азабын сезбейт”. (Байхаки)

"Шейит өлтүрүлүү азабын болгону бүргө чаккандай сезет”. (Насаи)

Өлүм азабы 70 жолу кылыч менен туурап салгандан да катуураак. Бирок. Аллаху таала сүйгөн кулдарына бул азапты сездирбейт. Өлүм азабы кабыр азабынын жанында эч нерсе болбой калат. Кабыр азабы махшар азабынын жанында эч нерсе болбой калат. Махшар азабы да Тозок азабынын жанында эч нерсе эмес. Салих момун өлүм азабын да, кабыр азабын да жана Тозок азабын да сезбейт. Сырат көпүрөсү Тозоктун үстүнө курулат. Сырат көпүрөсүнөн ар бир адам өтөт. Эки хадиси шарифтин мааниси:

"Жакшы-жаман бардык адамдар (Тозоктун үстүнө курулган Сыраттан) өтүшөт. Ибрахим алейхиссаламга оттун салкын болгондугу сыяктуу, бир гана момунга салкын жана саламаттык болот. Тозок "Момундун нуру отумду өчүрүп жатат” деп кыйкырат. Андан кийин Аллаху таала такыбаа адамдарды куткарат, заалымдарды болсо ал жерде түбөлүк калтырат”. (Ибни Мажа)

"Кыяматта Тозок момунга "Тезирээк өткүн эй момун! Нуруң отумду өчүрүп коёт” деп кыйкырат”. (Табарани)

Салих момун жаны чыгып жатканда ырайым периштелерин жана Пайгамбарыбыз алейхиссаламды көрүп, жан берүү азабын сезбейт. Бул таң калыштуу нерсе эмес. Мисалы, Мысыр аялдары Юсуф алейхиссаламдын сулуулугуна айран-таң калышып, өздөрүн толук унутуп коюшкандыктан колдорун кесип алгандыктарынан кабары да болгон жок эле. 

Өлүм азабынын катуулугу

Суроо: Өлүм азабынын миң кылыч соккусунан да оор экендиги хадисте айтылган. Бул мусулмандарга да тийиштүүбү?

Жооп: Ооба, мусулмандарга да тийиштүү. Бирок, момундар бул азапты сезишпейт. Аллаху таала ар бир мусулманга өлөөрдө Расулуллах алейхиссаламды көргөзөт жана Анын сулуулугун көрүп, рухун кантип тапшырганын да билбей калат. Юсуф алейхиссаламды көргөн аялдар анын сулуулугунун жанында манжаларын бычак менен кесип салганын байкашпаганы сыяктуу, мусулмандар да өлүм азабын сезишпейт. Андай болсо туура ыйман менен өлүүгө аракет кылуу керек.  

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш