Ислам дини » Динибиз » Аллаху таалага ишенүү » Аллаху таала бар жана Ал жалгыз




Аллаху таала бар жана Ал жалгыз


Айлана чөйрөбүздө болуп жаткандарды биз сезүү органдарыбыз аркылуу билебиз. Сезүү органдарыбызга таасир этүүчү нерселер "болмуш" деп аталат. Болмуштардын сезүү органдарыбызга тийгизген таасири "өзгөчөлүк" же "сыпат" деп аталат. Болмуштар бири-бири менен ошол өзгөчөлүктөр аркылуу айырмаланат. Жарык, үн, суу, аба, айнек - булар болмуш (дене) б.а, мавжуд(бар) нерселер. Салмак жана көлөмгө ээ болгон нерселер "материя" деп аталат. Материялар бири-бири менен спецификалык сыпаттары аркылуу өзгөчөлөнөт. Аба, суу, таш, айнек, булар – материя. Ал эми, жарык жана үн болсо материя эмес. Себеби, алардын көлөмү жана салмагы жок. Бардык нерседе энергия, кубат болот. Б.а., иш аткара алат. Зат катуу, суюк жана газ сыяктуу үч абалда болот. Материянын белгилүү бир түрү "дене" деп аталат. Денелер жөнөкөй жана татаал болуп экиге бөлүнөт. Материяда болуучу өзгөрүштөр "кубулуш" деп аталат.
Кубулуш физикалык жана химиялык болуп экиге бөлүнөт. Материянын эң кичинекей бөлүгү "атом" деп аталат. Окшош атомдордун биригүүсүнөн "элемент" пайда болот. Бүгүнкү күндө бизге 105 элемент белгилүү. Ошол 105 элементтин бардыгы абалын өзгөртө ала тургандыгы, ар бир элементте физикалык жана химиялык кубулуштардын жүзөгө аша тургандыгы белгилүү. Атом ядролорунда да өзгөрүштөр боло тургандыгы, ядронун да бөлүктөргө бөлүнө тургандыгы да белгилүү. Ядро бөлүнгөндө материя өзгөрүшкө учурайт, энергияга айланат.
"Шарх-и акаид" китебинин башында мындай деп жазылган: "Бардык болмуштар Аллаху тааланын бар экендигинин белгиси болгондуктан жаратылыштагы нерселер "аалам" деп аталат. Болмуштардын бир тектүү болуусу да аалам деп аталат. Мисалы, адамзат ааламы, периштелер ааламы, жаныбарлар ааламы, жансыз нерселер ааламы”.
"Шарх-и мувакиф" деген китебинде: "Аалам (бардык нерсе) жаратылган, б.а жоктон бар кылынган". Денелердин материасы да, сыпаттары да кийин жаратылган деп айтылган. Бул жерде ушул төрт нерсени айтууга болот:

1. Мусулмандар, яхудилер (еврейлер), христиандар жана мажусийлердин (отко сыйынгандар) пикири боюнча денелердин материасы да, сыпаты да кийин жаратылган.

2. Аристотель жана анын жолунда болгондордун ою боюнча денелердин материясы да, сыпаттары да мурунтан бар. Бул пикирдин ката экенин азыркы химия илими так көргөзүп турат. Бул пикирге кошула тургандар да мусулмандыктан чыгат. Ибн Сина менен Фарабий да ушул пикирде эле.

3. Аристотельден мурдагы философтордун пикири боюнча материя мурдатан бар, бирок, өзгөчөлүктөрү кийин жаратылган. Буга ишенүү да куфур болуп эсептелет.

4. Материянын кийин жаратылгандыгы анын өзгөчөлүктөрүнүн эчактан эле бар экени тууралуу эч ким эч кандай пикир билдирген эмес. Мусулмандар материя жана анын сыпаттары кийин жаратылгандыгына ишенишет жана аны бир канча жолдор менен далилдешет.
Мусулман болуу үчүн ушуга ишенүү керек. Аалам жоктон бар болгон болсо, анын жаратуучусу да бар. Ал важиб-ул вужуд. Б.а., жоктон бар болбогон, мурдатан бар. Ар дайым бар болот. Бар болуусу керек. Бар болуу үчүн эч нерсеге муктаж эмес. Ар дайым бар болуусу керек эмес болгондо, анда мумкин-ул вужуд болоор эле.

"Вужуд"– бар болуу деген сөз. Анын үч түрү бар:

1. Важиб-ул вужуд: Бар болуусу зарыл болгон "вужуд” дегенди билдирет. Жалгыз Аллаху таала гана – важиб-ул вужуд болуп саналат.

2. Мунтани-ул-вужуд: Бар болбойт. Ар дайым жок болууга тийиш. Мисалы, Аллаху тааланын шериги, Ал сыяктуу башка кудай бар болбойт.

3. Мумкин-ул-вужуд: Бар болуусу да мүмкүн, жок болуусу да мүмкүн. Бүткүл аалам, жаратылыш ушул сыяктуу. "Вужуд" сөзүнүн антоними – "адем" (жок болуу). Аалам бардык нерсе бар болуудан мурда адемде болчу. Б.а., жок болчу.

4. Аллаху тааладан башка нерселердин баары "масива" же болбосо аалам деп аталат. Азыр болсо "табият" деп атайт. Аалам мурда жок болчу, аны Аллаху таала кийин жараткан. Аалам жоктон бар болгон. Кайра жок болуусу да мүмкүн. Хадиси шарифте: "Аллаху таала бар эле. Башка эч нерсе жок эле", - деп айтылган.

Аллаху таала – важиб-ул вужуд, чыныгы жаратуучу. "Ушул дүйнөнү жана акыреттеги бардык нерсени денесиз, убакытсыз, жана теңдешсиз түрдө жоктон бар кылган бир гана Аллаху таала деп толук ишенүү зарыл. Бардык материяны, атомдорду, молекулаларды, элементтерди, органикалык заттарды, клеткаларды, өмүрдү, өлүмдү, бардык окуяларды, ар бир реацияларды, ар түрдүү күчтөрдү, энергия түрлөрүн, аракет козгогучтарды, закондорду, рухтарды, периштелерди, жансыз- жандуу бардык нерсени жоктон бар кылган бир гана Аллаху таала. Ааламдагы бардык нерселерди бир заматта жоктон бар кылганы сыяктуу, ар дайым бири-биринен да бар кылууда. Кыямат убактысы келгенде бардык нерсени бир заматта жок кылат. Бардык нерсенин жаратуучусу, ээси, кожоюну Аллаху таала деп ишенүү керек. Бардык жогору сыпаттар Ага таандык. Анда эч кандай кемчилик болбойт. Ал каалаган нерсесин жасайт. Жасаган нерселери өзүнө же бирөөлөргө пайдалуу болушу үчүн эмес. Ал нерселерден жооп да күтпөйт. Ушуну менен бирге, Анын ар бир ишинде даанышмандык менен жакшылык, мээрим орун алган.

Кулдарына жакшы, пайдалуу нерселерди берүүгө, бирөөгө сооп жазып, бирөөнө азап берүүгө Ал мажбур эмес. Күнөөкөрлөрдүн баарын Бейишке киргизсе мээримдүүлүгүнө жарашат. Өзүнө кулчулук, ибадат кылгандарды Тозокко жибере турган болсо, адилеттүүлүгүнө кайчы келгет болбойт. Бирок, Ал мусулмандарды жана ибадат кылгандарды Бейишке киргизип, аларга чексиз ниматтарды бере турганын, ал эми капырларды Тозокто түбөлүк азапка калтыра турганын билдирген, каалаган жана убада берген. Ал убадасында турат. Бардык жандуулар Ага ыйман келтирип, кулчулук кылса да Ага эч кандай пайдасы болбойт. Бүткүл аалам капыр болуп, кутуруп, Ага каршы келсе да Ага эч кандай зыяны тийбейт. Пендесинин кылгысы келген нерсесин Ал дагы каалабай турган болсо эч нерсе жүзөгө ашпайт. Ал каалабаса эч ким капыр боло албайт. Аны сынга алууга, себеп суроого да эч кимдин акысы жок. Аллахка шерик кошуудан, ыймансыздыктан башка күнөө кылып, тообо кылбай кайтыш болгон адамды кечирүүсү мүмкүн. Капырлар менен муртаддарды эч качан кечирбей турганын, аларга чексиз азап кыла тургандыгын билдирген.
Мусулман (ахли кыбла) болуп, кулчулук кылган, бирок, ишеними ахли сүннөт ишенимине шай келбей турган жана тообо кылбай кайтыш болгон адамды Тозок азабында калтырса да, андай (бидат ишенимдүү) мусулмандарды Тозокто түбөлүк калтырбайт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш