Ислам дини » Динибиз » Аллаху таалага ишенүү » Бардык нерсени Аллаху таала жаратты




Бардык нерсени Аллаху таала жаратты


Аллаху таала бардык нерсени жаратты. Мурда эч нерсе жок болчу. Бир гана Аллаху таала бар болчу. Ал ар дайым бар болот. Кийин бар болгон эмес. Мурда жок болгондо, Аны жараткан бир күчтүн бар болуусу керек эле. Анткени, жок нерсени жарата турган бир күч болбосо, ал нерсе жок болмок. Бул күчтүн ээси - Аллаху таала. Эгерде, ошол күчтүн ээси да кийин бар болгон дей турган болсок, аны жараткан күч болуусу керек. Ошентип, түбөлүккө улануусу мүмкүн. Ал эми бул - баштапкы жаратуучунун болбошу деген сөз. Ал жок болсо, анда эч нерсе бар болбошу керек. Материя жана рухтар бар болгондуктан алардын бир жаратуучусунун да бар болушу керек.
Аллаху таала алгачкы инсанды жансыз денелерден жана рухтан жаратты. Андан мурда эч кандай адам болгон эмес эле. Жаныбарлар, өсүмдүктөр, жиндер жана периштелер алгачкы инсандан мурда жаратылган. Бул инсандын аты - Адам (алейхиссалам). Ал алгачкы инсан жана алгачкы пайгамбар. Андан Хавва деген аялды жаратты. Бүткүл адамзат ал экөөнөн тарады.
Жаныбарлар да өз түрлөрүнөн көбөйгөн. Жандуу денелердин арасында биринин денесинен башкасына көчүп өтүү деген кубулуш жок. Ар бир түр өз ичинде өзгөрүүгө учурайт. Ч. Дарвиндин эволюция теориясынын эч кандай негизи жок. Жандуу-жансыз бардык нерсенин ар дайым өзгөрүп туруусу белгилүү. Түбөлүктүүлүк сыпаттагы, башы менен акыры болбогон нерсе гана эч качан өзгөрбөйт.

Аллаху таала – жалгыз жаратуучу. Андан башканы кандай максатта болсо да жаратуучу деп атоо бул - куфур. Б.а., Ислам дининен чыгууга себеп болот. Адамдарды "жаратуучу” деп айтууга болбойт. Жалгыз Аллаху таалага таандык болгон "Аль-Халик" (кыргызча Жаратуучу) деген ысым башка эч бир нерсеге карата колдонулбашы керек. "Рахман" жана "Рахим" аттары да ушундай.
Аллаху таала ар бир нерсенин жаратылышы үчүн бир нерсени себеп кылган. Ошондуктан, бир нерсенин жаратылуусун каалаган адам, анын жаратылуусуна себеп кылынган нерсеге кол жеткизиши керек.

Мусулмандардын жетимиш эки адашкан тобунун бирөө болгон "Мутазила" тобунун өкүлдөрү: "Адам өз ишинин жаратуучусу", - деп айтуу менен туура жолдон тайышкан. Алар ушул ката ишенимдерин Курани карим жана хадистерден бурмалап чыгаргандыктан капыр болбосо да, хакты (чындыкты) кабыл кылбагандыктары үчүн белгилүү бир убакыт Тозокто күйүшөт. Ал эми, аят, хадис, дин, ыймандан кабары жок адамдардын кереги тийе турчу адамдарга жагынуу үчүн аларды жаратуучу деп айтуулары куфурга жатат. Алар динден чыгышат. Аллаху тааладан башка жаратуучу жок. Ал ар бир нерсени себеби менен жаратууда. Ошол себептердин баарына таасир кылуу күчүн берген да Аллаху таала. Ал адамдарга акыл жана эрк да берген.

Аллаху тааланын атын уккан, айткан, жазган кезде "Субханаллах", "Табаракаллах", "Жалла жалалуху", "Азза исмух", "Жалла кудратуху" же "таала" сыяктуу урмат мамилени билдирген сөздөрдү кошуп айтуу биринчисинде важиб, кайталанганда айтуу мустахаб болуп эсептелет.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш