Ислам дини » Динибиз » Аллаху таалага ишенүү » Аллаху тааланын ысымдары




Аллаху тааланын ысымдары


Аллаху тааланы Ислам дини билдирген ысымдар менен айтуу керек. Алардан башкасын айтууга болбойт. Мисалы Аллаху таалага "Алим” (Аалым) деп айтылат. Бирок, Аны аалым маанисин түшүндүрө турган факих деп айтууга болбойт. Себеби, Ислам Аны факих деп атаган эмес. Ошол сыяктуу, Аллахтын ордуна "көктеңир" деп айтууга болбойт. Башка тилдердеги "Гад", "Бог" деген сөздөр да "Аллах" ысымынын ордуна колдонулбайт. Булар бир гана илах маанисинде колдонулушу мүмкүн.

Аллаху тааланын ысымдары көп. Санын билбейбиз. Токсон тогуз ысымын Куранда адамзатка билдирген. Ал "Асмаи хусна" (эң сулуу ысымдар) деп аталат. Ал ошол ысымдары менен аталып, ошол ысымдары менен зикир кылынат.

Нух алейхиссаламдын уулу Яфес ыймандуу эле. Урпактары көбөйүп, аларга башчы болгон. Бардыгы атасы сыяктуу Аллаху таалага кулчулук кылышчу. Яфес дарыядан өтүп баратып, сууга чөгүп кайтыш болуп, анын ордун "Түрк" аттуу кенже баласы ээлейт. Анын урпактары "түрктөр" деп аталат. Аларда атасы сыяктуу эмгекчил, сабырдуу момундар эле. Убакыт өтүшү менен алар көбөйүп отуруп, Азияга тарашкан.

Аларды башкарган кээ бир заалым эл бийлөөчүлөр чыныгы динди бузуп, элди буттарга сыйындыра башташты. Алардын ичинде азыр Сибирде жашаган якуттар ушу күнгө чейин буттарга сыйынышат. Динден алыстагандан кийин мурдагы маданияттары менен үрп-адаттарыда жок болгон. Ислам маданияты Мекке шарында пайда болуп, илим, ахлак, ыйман нурлары бүткүл ааламга тарай баштаган алгачкы доорлордо, византиялыктардын Азия менен Африкага тараган зулумдуктары жана бузуку бийлик алдындагы элдердин Исламды угууларына тоскоол болгон эле. Бул тоскоолдор кылычтын жардамы менен жоюлган. Ал эми Түрк хандары башка динсиз диктаторлор сыяктуу Исламдын жайылуусуна тоскол болушкан эмес. Ошондуктан түрк элдери Исламды топ-топ болуп кабыл кыла башташкан. Түрктөрдөн мурда ассириялыктар Түркстанга келип, түрктөрдү күнгө, жылдыздарга сыйынууга үйрөтүшкөн. Таң аткандан кийин, күнгө сыйынышчу, ошол себептен улам күндү "таңйери", кийин "теңри" деп аташкан. Курани каримде: "Менин ысымым Аллах. Мени "Аллах" деп чакыргыла. Аллах деп кулчулук кылгыла, Аллах деп жалбаргыла", - деген аяттар бар. Андай болсо, Аллаху тааланы Ислам дини билдирген ысымы менен оозго алып, кулчулук кылуубуз керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш