Ислам дини » Динибиз » Аллаху таалага ишенүү » Аллаху тааланын сыпаттары




Аллаху тааланын сыпаттары


Османлы мамлекетинин Кадизада Ахмед бин Мухаммед Амин деген аалымы ыймандын алты шартын билдирген Аманту биллахи... нин түркчө түшүндүрмөсүн берип, эки жүз элүү беттен турган китеп жазган. Бул китеп "Фараид-уль фаваид" деп аталат. Аалым Сеййид Абдулхаким Арваси бул китептин өтө баалуу экенин айткан. Ушул китепте Аллаху тааланын алты сыфат-ы затиясы жазылган. Алар "сыфат-ы вужудия" жана "улухият сыпаттары" (кудайлык сыпаттары) деп аталат. Алар:

1. Вужуд: "Бар болуу" дегенди билдирет. Аллаху таала - важиб-ул вужуд. Мааниси "Анын бар болуусу зарыл вужуд" дегенди билдирет.

2. Кыдем: Аллаху тааланын бар болуусунун башталышы жок.

3. Баки: Бар болуусунун соңу жок, түбөлүк.

4. Вахданиййат: Аллаху тааланын затында, сыпаттарында, иштеринде окшошу жана ортогу жок.

5. Кыям би-нафсихи: Аллаху таала затында, сыпатында, иштеринде мекенге муктаж эмес. Материя, мекен жок кезде да Ал бар эле. Материя жана мекенди Ал жараткан.

6. Мухалафатун-лилхавадис: Жаратылгандардын эч бирине окшобойт.

Аллаху тааланын сыфат-ы субутиясы булар:

1. Хаят: "Тирүү болуу" деген сөз. Анын өмүрү башка жаратылгандардын өмүрүнө окшобойт, Ага ылайыктуу өмүр түбөлүк сыпатта болот. Башы жана акыры жок.

2. Илим: Аллаху таала бардык нерсени билет. Анын билүүсү башкалардын билүүсүнө окшобойт. Адамдын ойлорун да билип турат.

3. Сам: Аллаху таала угат. Куралсыз, багытсыз угат. Анын угуусу кулдарыныкына окшобойт.

4. Басар: Аллаху таала көрөт. Куралсыз жана шартсыз түрдө көрөт. Анын көрүүсү көз менен эмес.

5. Ирада: Аллаху тааланын каалоосу бар. Бардык нерсе Анын каалоосу менен болот. Каалаганын жасайт. Анын эркине кедерги боло турчу эч бир күч жок. Анын пенделеринин каалоосу "Ирада-и жузия" (чектелген каалоо), ал эми Аллаху тааланын каалоосу "Ирада-и куллия" (чексиз каалоо) деп аталат.

6. Кудурет: Аллаху тааланын бардык нерсеге күчү жетет. Ал чексиз кудуретке ээ.

7. Калам: Аллаху таала сүйлөйт. Анын сүйлөөсү кандайдыр бир курал,тамга, үн жана тил аркылуу сүйлөбөйт.

8. Таквин: Аллаху таала-Жаратуучу. Андан башка Жаратуучу жок. Бардык нерсени Ал жаратат. Ал бардык нерсени бир себеп менен жаратат, бирок, себептердин таасири Анын жаратуу ишине эч кандай катышы жок.

Аллаху тааланын сегиз сыпаты туруктуу. Алар өзгөрбөйт. Аллаху таала ушунча көп нерсени жаратты. Аларды ар дайым жок болуудан коргойт. Ал эми Анын өзү болсо жалгыз. Анын окшошу жок. Жаратылган нерселердин бардыгы ар дайым Ага муктаж. Анын өзү эч кимге муктаж эмес.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш