Ислам дини » Динибиз » Периштелерге ишенүү » Периштелер жана Иблис




Периштелер жана Иблис


Суроо: Иблис лаанат болуудан мурда периштелердин устазы беле?

Жооп:

Ооба периштелердин устазы жана башчысы эле. Ислам аалымдары айтышат: "Аллаху тааланын буйругу менен бардык периштелер Адам алейхиссаламга сажда кылды. Периштелердин устазы болгон Иблис буйрукту укпай, сажда кылбады.” Имам Салаби хазреттеринин Ибни Аббас хазреттеринен риваят кылганы боюнча: "Иблис периштелер менен бирге эле. Оттон жаратылган жиндер тайпасынан эле. Периштелер болсо нурдан жаратылды. Иблистин мурдагы аты Азазил эле. Бейиштин сакчыларынан эле. Дүнүйө асманынын жана жердин султаны эле. Периштелерден илимде жогору эле. Асман менен жердин арасын башкарчу. Ошондуктан, өзүн жогору деп билди. Бул абалы анын Аллахка каршы чыгуусуна себеп болду. Аллаху таала да аны ырайымынан алыстатты.” (Жамиул Ахкам)

Ибни Аббас хазреттери айтат:

"Иблис Бейиштин сакчыларынан эле, дүнүйө асманынын иштерин башкарчу.” [Байхаки]

Саид бин Мусаййиб хазреттери айтат:

"Иблис периштелердин башчысы жана устазы эле.” [Ибни Жарир, И. Суйути]

Ахмет Рыфаи хезреттери шакирттери менен сухбат кылып жатканда "Адамдардын өзүн жактыруусу” деген темага байланыштуу бир суроого берген жообунда айтты: "Илиминин жана амалынын көптүгү менен сыймык сезимине кабылып, текеберленген адам марифат (илим) ээси эмес. Анткени, шайтандын да илими көп болчу. Жаңылыш ойлонуп, оттун топурактан жогору экенин айтып туруп алды. Болбосо, ал периштелердин устазы эле. Аягында өзүнүн напсинин жогору экенин айтып чыгып, текеберленди. Ушинтип, Аллаху тааланын ачуусуна дуучар болду жана лаанатталды. Түбөлүккө ырайымынан узак кылынды.” (Олуялар энциклопедиясы)

Периштелердин башчысы иблис эле. (Рахбар энциклопедиясы)

Суроо: Куранда Иблиске эмес периштелерге сажда буйругу берилгендиги билдирилүүдө. Шайтанга мындай буйрук берилбеген болсо анда эмнеге жазаланып, лаанатталды?

Жооп

Кудай сактасын, Аллаху тааланын жаңылыш, керексиз бир нерсе кылуусу, кабар бербестен күнөөсүз бир макулугуна жаза берүүсү, б.а, зулумдук кылуусу албетте мүмкүн эмес! Иблис периштелер менен бирге жашачу, алардын устазы болчу. Аллаху таала ичинде Иблис да болгон периштелердин тобуна буйрук берди. Ал топто Иблис болбогондо берилген буйруктан жоопкер болмок эмес. Аяттарда: "Бир гана Иблис сажда кылбады”, - деп билдирилгени боюнча Иблис дагы сажда буйругу берилгендерден болчу. Бир аяттын мааниси төмөндөгүдөй:

"Периштелерге: "Адамга сажда кылгыла”, - деген элек. Иблистен башка бардыгы сажда кылган эле. Ал жиндерден болчу. Раббинин буйругунун сыртына чыкты. Эми силер менден баш тартып, Иблисти жана анын шериктерин дос кылып жатасыңарбы? Бирок, алар силердин душманыңар. [Шайтандын жолунда жүргөндөрдү дос кылып, Бейишти берип, Тозокту алуу] залымдар үчүн кандай жаман айрыбаш.” [Кахф 50]

Шайтанга сажда кылуу буйрук кылынгандыгы тууралуу билдирилген эки хадиси шарифтин мааниси төмөндөгүдөй:

"Адам баласы сажда аятын окуп, сажда кылганда шайтан ыйлап ал жерден узакташат. Анан мындай дейт: "Мага өкүнүчтөр болсун, адам баласы саждага буйрук кылынды жана сажда кылганы үчүн Бейишке жетти. Мен да саждага буйрук кылындым бирок, каршы чыкканым үчүн Тозоко дуушар болдум.” [Муслим]

"Текебердиктен сактангыла. Текебердик шайтандын сажда кылбоосуна себеп болду.” [И .Асакир]

Суроо: Эмне себептен Иблис Хазрети Адамга сажда кылбагандыгы үчүн лаанатталды? Шайтандын Хазрети Адамга сажда кылбашы менен Аллахка исйан кылуусунун (каршы чыгуусунун) эмне байланышы бар? Аллахка каршы чыккан болсо дагы каршы чыгуу лаанатка, куфурга себеп болобу? Эмнеге Аллах өзүнө эмес Хазрети Адамга сажда кылынуусун буйрук кылды?

Жооп

Сажданын Адам алейхиссалам үчүн эмес Аллах үчүн кылынуусун кааланды. Б.а, Хазрети Адамдын багытында Аллахка кылынуусуна буйрук берилди. Биз дагы Каабанын багытында Аллах үчүн сажда кылуудабыз. Каабага сажда кылып жаткан жокпуз. Периштелер менен бирге Иблиске Адам алейхиссаламдын багытында Аллахка сажда кылууга буйрук берилди. Иблис болсо бул буйрукту жаңылыш деп билип, сажда кылбады. Б.а, Иблис сажда буйругун аткарбагандыгы үчүн эмес Аллахтын буйругун жаңылыш деп билгени үчүн лаанаттады.

Намаз окубаган, орозо кармабаган адам Аллахка каршы чыккан болуп эсептелсе да ага капыр деп айтылбайт. Бирок, намазды керексиз деп билсе капыр болот.

Ошондуктан, шайтан да Аллахтын буйругун туура көрбөй: "Мен оттон, ал болсо топурактан жаратылды. Оттон жаратылгандын топурактан жаратылганды кыбыла кылуусу жаңылыш”, - деп сажда кылбады жана түбөлүккө лаанат кылынгандардан болду.

Периште жана шайтан

Суроо: Ар бир адамдын жанында бир периште жана бир шайтан барбы? Андан башка "Ислам ахлакы” китебинде "Шайтаным мусулман болду” деген хадис жазылган. "Шайтаным мусулман болду” деген эмне?

Жооп

Ар бир адамдын жанында бир шайтан болгону сыяктуу ар кимдин жанында периште да бар. Шайтан адамдын жүрөгүнө жаман ойлор, васвасалар (күмөн, шек) салат. Периште болсо адамга жакшы ойлорду салат. Үч хадиси шарифтин мааниси:

"Периштеден келген ойлор Исламга ылайык болот. Шайтандан келген васваса Исламдан айрылууга себеп болот.” [Тирмизи]

"Аллаху таала менин жанымдагы шайтандын васвасаларынан мени коргоду.” [Барика]

"Аллаху таала мага ихсан кылды. Шайтаным мусулман болду.” [Барика]

Бул жердеги "мусулман болду” дегени баш ийди, мага зыян кыла албады дегенди түшүндүрөт. Ансыз деле, "мусулман" деген сөздүн мааниси - баш ийген, шексиз-күмөнсүз моюн сунган дегендик.

Шайтан эмне үчүн капыр?

Суроо:Шайтан Аллаху тааланы тааныйт. Бейиш менен Тозокту көрдү. Күнөө кылгандардын Тозокто азап көрө тургандыгын билет. Ошондуктан, адамдарга васваса берүүдө. Күнөөгө жана куфурга чакырууда. Куфурга киргендердин Тозокто жазалана турганын билет дагы тынбай васваса берүүдө. Шайтан бир мусулмандын ишенүүсү керек болгон нерселерге ишенет. Аллахтын бир гана буйругун орундабады. Мусулман дагы Аллахтын көп буйруктарын орундабай жатат. Эмнеге шайтан бир күнөөдөн улам түбөлүк Тозоктук болуп калды?

Жооп

Шайтан күнөөсүнөн улам эмес, куфурунан улам түбөлүк Тозоктук болду. Аллахтын буйругун орундабаганы үчүн эмес, жактырбаганы үчүн б.а, Аллахтын оттон жаратылган бир кулунун топурактан жаратылган бир кулуна сажда кылуу буйругун жаңылыш экенин айтканы үчүн куфурга кирди жана куфуруна өкүнгөн эмес. Эми бир мусулман такыр ичпесе да: "Мас кылбай тургандай аз ичсе күнөө болбойт”, - деп айтса куфурга кирип, капыр болот. Себеби, диндин буйругун жактырбаган болуп саналат. Шайтан дагы Аллаху тааланын буйругун жактырбаганы үчүн капыр болгон. Ошондуктан, динибиздин кандайдыр бир буйругун жактырбоодон өтө сактануу керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш