Ислам дини » Динибиз » Периштелерге ишенүү » Периштелерге кандай ыйман келтирилет?




Периштелерге кандай ыйман келтирилет?


Периштелер Аллаху тааланын кулдары болуп саналышат. Алар Аллаху тааланын шериги эмес. Капырлар периштелерди Аллаху тааланын кыздары деп эсептешет. Мындай ишенүү туура эмес. Аллаху таала периштелердин баарынан ыраазы. Периштелер Аллаху тааланын буйруктарына моюн сунушат жана күнөө кылышпайт эркек-аял болуп бөлүнүшпөйт, үйлөнүшпөйт, балалуу болушпайт. Алар жандуу, өмүр сүрүшөт. Периштелердин кишилик каталары (бул "зелле” деп аталат) алардын күнөөсүздүгүнө таасир кылбайт.

Периштелердин саны өтө көп. Алардын канча экенин Аллаху тааладан башка эч ким билбейт. Асманда периштелер ибадат кылбаган бош жер жок. Асманда да, жерде да, өсүмдүктөрдө, жылдыздарда, жандуулар жана жансыздарда, жамгыр тамчыларында, бактын жалбырактарында, ар бир молекула, ар бир атомдо, ар бир реакцияда, ар бир кыймыл-аракетте, кыскасы бардык нерседе периштелердин аткара турган милдеттери бар. Алар ар бир жерде Аллаху тааланын буйруктарын орундашат. Аллаху таала менен Анын жараткан нерселеринин арасындагы курал сыпатында болуп, кээ бирөөлөрү башка периштелерге башчылык кылат, кээ бирөөлөрү пайгамбарларга кабар жеткирүү менен алек болсо, дагы кээ бирөөлөрү адамдын жүрөгүнө жакшы ойлорду салат, ал "илхам” (көңүл чабыты) деп аталат. Кээ бирөөлөрү адамзаттан жана жаратылыштан кабары болбойт, бир гана Аллаху таалага ибадат кылуу менен алектенишет. Периштелердин канаттары бар. Алардын канаттарынын кандай экендигин биз биле албайбыз. Канаттары да өздөрүнүн денесинен болот. Христиан чиркөөлөрүндө кээ бир китептерде жана фильмдерде периште деп көрсөтүлүп жаткан аял сүрөттөрү ойлоп чыгарылган нерселер. Алар периште эмес. Бейиштин периштелери Бейиште болушат. Эң улуусунун аты Рыдван. Тозок периштелери Тозокто Аллаху тааланын буйруктарын аткарышат. Алар Забани деп аталышат. Эң чоңунун аты Малик. Ар бир адамдын кылган жакшылыктары менен жамандыктарын жазып турган, экөө күндүз жана экөө түндө келүүчү төрт периште "кираман катибин” же "хафаза периштелери” деп аталат. Хафаза периштелери алардан бөлөк деп да айтылат. Оң жактагы периште сол жактагы периштеге амир (башчы) болуп саналат, жакшы иштерди жана ибадаттарды жазып барат. Сол жактагы периште кылган жаман амалдарды жазып барат. Кабырда капырларды жана күнөөкөр мусулмандарды азаптай турган жана кабыр суроосун сурай турган периштелер бар. Сурак сураган периштелер "Мункар” жана "Накир”, мусулмандардан сурай тургандары "Мубашшир” жана "Башир” деп аталат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш