Улуу периштелер


Периштелердин бири-биринен үстөмдүктөрү бар. Эң улуулары төртөө:

1- Жабраил алейхиссалам: Милдети - пайгамбарларга вахий жеткирүү, буйрук жана тыюуларды билдирүү.

2- Исрафил алейхиссалам: "Сур” деген кернейди үйлөй турган периште. Сурду эки жолу үйлөйт. Биринчи үйлөгөндө Аллаху тааладан башка жандуу нерселердин бардыгы өлөт. Экинчи жолу үйлөгөндө бардыгы кайта тирилет.

3- Микаил алейхиссалам: Жокчулук, молчулук, арзанчылык сыяктуу экономикалык система куруу, тынчтык орнотуу, бардык нерселерди кыймылга келтирүү милдетин аткарат.

4- Азраил алейхиссалам: Адамдардын жанын алуу кызматын аткарат.

Ушул төрт периштеден кийин "хамала-и арш” периштелери деп аталуучу төрт периште бар. Алар кыямат күнү сегиз болот. Мукаррабин, Карубиян, Руханиян аттуу периштелер да бар. Булардын бардыгы – Улуу периштелер. Алар пайгамбардан башка бардык адамдардан жогору турат. Мусулмандардын олуялары жана чыныгы салих момундар төмөн саптагы периштелерден жогору турушат. Катардагы периштелер катардагы мусулмандардан жогору турат. Ал эми капырлар болсо жаратылган бүткүл нерседен да төмөн болушат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш