Ислам дини » Динибиз » Ширк жана кооптуу сөздөр » Муртад мусулман болсо




Муртад мусулман болсо


Суроо: Муртад (мусулманчылыктан чыккан) кайра мусулман болгондо муртад болбостон мурда окубаган намаздарынын казасын окуусу керекпи?

Жооп

Мусулман болгон муртад адам мусулман кезинде кылган ибадаттарынын казасын орундашы керек. Анткени, намаз менен орозону таштап коюу күнөө жана күнөө кайра мусулман болгондон кийин да кала берет. (Дурар ва Гурар)

Муртаддын муртад болуудан мурдагы ибадаттары жана сооптору жок болот. Кайра ыйманга келгенде эгер бай болсо кайрадан ажыга баруусу зарыл болот. Намаздарынын, орозолорунун жана зекеттеринин казасы керек эмес. Муртад болуудан мурда казага калтыргандарынын гана казасын орундашы керек болот. Себеби, муртад болгондо мурдагы күнөөлөрү жок болбойт. (Ислам Ахлагы)

Муртаддын муртад кезиндеги окубаган намаздарынын казасын окуусу керек эмес. (Хиндиййа)

Хиндиййада жалгыз муртад кезинде окубаган намаздарынын казасын гана окубайт деп айтылууда. Бул жерде муртаддыктан мурдагы окубаган намаздарынын казасын окуу керектиги түшүнүлөт.

Динден чыккан бир адам муртад кезиндеги окубаган намаздарынын казасын окубай тургандыгы сыяктуу андан мурда окуган намаздарынын да казасын окубайт. Бул маселеде бир гана ажылык андай эмес. (Дурр-ул-мухтар)

Бул маселени түшүндүрүп берген Ибни Абидин хазреттери: "Андан мурда окубугундарынын казасын окубайт”, - деп айтууда. Бул жерден да окубагандарынын гана казасын окуу керектиги түшүнүлүүдө. Анткени, Дурар ва гурар китебинде бул маселе так билдирилген.

Муртад тообо кыла алат

Суроо: "Бир аятта бир мусулман муртад болсо, анан тообо кылып мусулман болсо, анан кайра муртад болсо, андан кийин тообо кылса да ал башка кечирилбейт”, - деп айтылган экен. Бул туурабы?

Жооп

Туура эмес. Ал аяттын мааниси төмөндөгүдөй:

"Ыйман келтирип анан ыйманын жоготкондорду, анан дагы ыйман келтирип кайра ыйманын жоготкондорду, анан дагы ыймансыздыктарын арттыргандарды Аллах кечирбейт, туура жолго да салбайт.” [Ниса сүрөсү 137]

Бул жерде: "Ыймандан кайткандан кийин тообо кылгандар кечирилбейт”, - деп айтылган жок. "Ыймансыздыктарын арттыргандар, б.а., ыймансыз бойдон калгандар кечирилбейт”, - деп айтылууда. Бир адам канча жолу муртад болсо дагы эң акырында тообо кылса мусулман болот. Б.а., миң жолу тообосун бузган болсо дагы эң акырында тообо кылган болсо, акыркы абалы эсепке алынат. Өкүм натыйжага карап берилет. Имам Куртуби хазреттери дагы айтты: "Бул аят-и каримага ылайык Муса алейхиссаламга ыйман келтирип, кийин Узайр алейхиссаламдан баш тартып ыймансыз болгондорду, кийин Узайр алейхиссаламга ыйман келтирип, кийин Иса алейхиссаламдан баш тартып ыймансыз болгондорду, анан дагы Мухаммед алейхиссаламдан баш тартып ыймансыздыктарын арттыргандарды Аллах кечирбейт. "Кийин дагы ыймансыздыктарын арттыргандар” сөзүнүн мааниси "Ыймансыздыктарында бекем туруп алгандар” дегенди билдирет.” (Куртуби Тафсири)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш