Ислам дини » Динибиз » Ширк жана кооптуу сөздөр » Кабыл болбой турган дуба




Кабыл болбой турган дуба


Суроо: Кабыл болбой турган дубага "амин" делбейт деп айтуу куфур эмеспи?

Жооп

Алгач кабыл болбой турган дуба болобу же болбойбу аны карап көрөлү! Мисалы, "Эй, Рабби! Мени пайгамбар кыла көр!” деп айтуу кабыл болбой турган бир дуба. Мындай дуба кылуу Аллахтын буйругуна каршы болуп саналат жана мындай дубага амин делбейт.

Айрыкча Аллаху тааланын адатына каршы болгон дубаларга да амин делбейт. Мисалы, "Мени өлтүрбө, мени периште кыл, мени аял кыл” деп айтуу мына ушул сыяктуу. Айрыкча, ибадат кылбай Бейишке кирүү үчүн дуба кылуу да күнөө. (Ислам Ахлагы)

Харам акчадан садага берсе, алган кедей да анын харам экенин билип туруп берген адамга "Аллах ыраазы болсун” десе же "Аллах кабыл кылсын” десе жана берген адам дагы "амин” десе экөө тең ыйманын жоготот. Башка бирөө да "амин” десе ал да каапыр болот. (Биргиви шархы)

Харамдан табылгандыгы билинген кандайдыр бир акча менен мечит салдыруу же жакшылык кылуу жана андан сооп күтүү куфур. (Радд-ул-мухтар)

Демек, кабыл болбой турган жана амин делбей турган дубалар бар. Ошого байланыштуу "Кабыл болбой турган дубага амин делбейт” деп айтуу куфур эмес. Бирок, андай сөздөрдү айтпаган жакшы болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш