Тагдырга ишенүү


Ишенүүгө тийиштүү алты нерсенин алтынчысы - тагдырга, жамандык менен жакшылыктын Аллаху тааладан экендигине ишенүү. Адамдарга келе турган жакшылык жана жамандык, пайда жана зыяндын баары Жараткандын жазуусу менен жүзөгө ашат.

Тагдыр: сөздүк мааниси "көп нерсени өлчөө”, "өкүм” жана "буйрук”, "чоңдук”, "көптүк” болуп эсептелет. Аллаху тааланын бир нерсенин болуусун эзелтеден каалоосу "тагдыр” деп аталат.

Каза – тагдырдын, б.а., "бар болсун” деп каалаган нерсенин бар болуусу. "Каза” жана "тагдыр” сөздөрү бири-биринин ордуна колдолуна берет. Демек, "каза” деген сөз эзелден чексиз акырына чейинки жаратыла турган нерселерди Аллаху тааланын эзелден каалап коюусу. Ушул нерселердин баарын казага ылайык түрдө жаратылышы "тагдыр” деп аталат. Аллаху таала боло турган нерселердин баарын эзелден билет. Ушул илими "Каза жана тагдыр” деп аталат.

Тагдырга ишенүү кандай болот?

Тагдырга ишенүү үчүн мына ушуларга жакшы ишенип, билүү керек. Аллаху таала бир нерсени жаратууну эзелтеден кааласа, аз да көп да эмес, дал ошол каалаганыдай болууга тийиш. Бар болуусун каалаган нерселердин жок болуусу жана жок болуусун каалаган нерселердин бар болуусу мүмкүн эмес.

Бардык жандуулардын, өсүмдүктөрдүн, жансыз нерселердин, катуу, суюк, газ түрүндө бардык нерсенин, асмандагы объекттердин, молекуланын, атомдордун, электрондордун, электромагниттик толкундардын козголуусу, химиялык жана физикалык кубулуштар, ядро реакциялары, энергиялык алмашуулар, физикалык кыймылдар, пенделердин жакшы жана жаман иштери, дүйнө жана акыретте жасаган иштеринен жоопко тартылуу – бардыгы Аллаху тааланын илиминде эзелтеден бар эле. Аллах эзелтеден чексиз акырына чейин бар боло турган заттарды, алардын сыпаттарын, кыймыл-аракеттерди, кубулуштарды эзелдеги илимине ылайык жаратууда. Адамдардын жакшы-жаман, эрктүү-эрксиз бардык иштерин, мусулман болууларын, ыймансыз болууларын Аллаху таала жаратат. Жаратуучу, бар кылуучу тек гана Ал. Себептердин таасири менен жүзөгө аша турган бардык тиричилик Анын жаратуусу менен болот. Бардык нерсени бир себеп менен жаратат.

Мисалы, от күйгүзөт. Бирок, күйгүзгөн Аллаху таала. Оттун күйгүзүү менен эч кандай тийешеси жок. Ал эми, Аллаху тааланын адаты (белгилеген мыйзамы) боюнча бир нерсеге от тиймейинче күйгүзүүнү жүзөгө ашырбайт. От тутануу температурасына чейин ысытуудан башка эч нерсе кылбайт. Органикалык заттардын курамындагы көмүртекти, суутекти, кислородду бириктирип, электрондорду алмаштыра турган от эмес. Акыйкатты көрүүгө кудурети жана илими жетпегендер буларды от аткарат деп ойлойт.

Күйгүзүүчү, күйүү реакциясын жүзөгө ашыруучу от эмес. Кислород да эмес. Ысыктык да эмес, электрондордун аралашуусу да эмес. Күйгүзгөн - бир гана Аллаху таала. Ал булардын бардыгын күйүүнүн себептери кылып жараткан. Илими жок адам "от күйгүзөт” деп эсептейт. Илим илгерилеген сайын себеп деп эсептелген нерселердин аркы жагында башка канча деген себептердин бар экендиги аныкталууда, илимдердин сырын билген, акыйкатты толук көргөн пайгамбарлар жана алардын жолундагы илим дарыясынан ичип канган Ислам аалымдары азыркы кезде көпчүлүктүн күйгүзүүчү, бар кылуучу же болбосо жаратуучу деп ойлогон нерселердин алсыз, бир фактор, себептер экенин; чыныгы Жаратуучунун Аллаху таала экенин айтышууда. Күйгүзө турган – Аллаху таала. Ал отсуз деле күйгүзө алат. От менен күйгүзүү – адаты. Күйүүсүн каалабаса, от ичинде да күйбөйт. Ибрахим алейхиссаламды от ичинде да күйгүзгөн жок. Аны өтө жакшы көргөндүктөн адатын бузду. Ал оттун күйгүзүү аракетинин алдын ала турган нерселерди да жараткан. Аларды химиктер табууда.

Аллаху таала кааласа, бардык нерсени себепсиз, адатсыз да жаратмак. Отсуз күйгүзөр эле, тамаксыз тойгузар эле, учаксыз эле учурар эле, радиосуз да алыстан угузар эле. Ал эми, пенделерине жакшылык кылып, бардык нерсени бир себеп менен байланыштырды. Белгилүү бир нерселерди белгилүү бир куралдар менен эрежелер менен жаратууну каалады. Өэүнүн күчүн, аракеттерин эрежелер жана себептердин ичине жашырган. Анын бир нерсени жаратуусун каалаган адам ошол нерсенин себебине жармашып, тилегине жетет. Башы ооруган адам даары ичет, Бейишке кирүүнү каалаган адам Исламга моюн сунат, өзүн пистолет менен аткан, уу ичкен адам өлөт, тердеп туруп суу ичкен адам ооруйт, күнөөгө батып куфур кылып ыйманынан айрылган адам Тозокко кетет. Ким кандай себепке жармашса, ошол себеп аркылуу натыйжага ээ болот. Ахли сүннөт аалымдарынын китептерин окуган адам Исламды үйрөнүп, сүйүп, мусулманчылыкты кабыл кылат. Динсиздердин арасында чоңойгон, алардын сөздөрүн тыңдаган адам динден алыс болот. Алардын көпчүлүгү ыймансыз болушат. Адам кайсы багыттын унаасына түшсө ошол багытка карай кетет. Аллаху таала өз иштерин эрежелер менен, себептер менен жаратпаганда эч ким эч кимге муктаж болмок эмес.

Ар ким керек болгон нерсесин Аллахтан сурап, эч бир чара көрмөк эмес. Андай кезде адамдар арасында башчы, кызматкер, жумушчу, өнөрпоз, шакирт, устаз сыяктуу адамдар арасындагы мамилелер жоюлуп, дүйнө жана акыреттин тартиби бузулмак. Сулуу менен көрксүз, жакшы менен жаман, күнөөсүз менен күнөөкөр арасында айырмачылык калмак эле.

Аллаху таала кааласа эрежелерин башка түрдүү да жасамак. Мисалы, кааласа ыйман келтирбегендерди, өз кызыкчылыгынан башка эч кимди ойлобой турган, башкалардын жанынын, мүлкүнүн, намысынын эсебинен күн көргөндөрдү Бейишке жиберер эле. Ыймандууларды, ибадат, жакшылык кылгындарды Тозокко жиберер эле. Бирок, аяттар менен хадистер муну каалабагандыгын көрсөтүп турат.

Адамдардын ар бир ишин, эрктүү-эрксиз жасай турган бардык аракеттерин жарата турган Аллаху таала кулдарын каалаган аракетин болгузуу үчүн кулдарына ыктыяр, б.а., тандоо жана ирада (каалоо) өзгөчөлүгүн берген, ошол тандоо менен каалоону иштердин жаратылуусуна себеп кылган. Пенде бир нерсе жасоону кааласа, аны Аллаху таала да кааласа, ошол ишти жаратат. Пенде да, Аллаху таала да каалабаса ал нерсени жаратпайт. Ал нерсе бир гана пенденин каалоосу менен да жаратылбайт. Аллах да кааласа гана жаратылат. Пенделердин каалаган иштерин жаратуусуна, мисалы, от тийгенде күйүүнү жаратканы сыяктуу жүзөгө ашат. Бычак тийгенде кесүүнү жаратат. Кесе турган бычак эмес, Аллаху таала. Бычак – кесүү куралы. Демек, Ал пенделердин каалаган иштерин алардын кааалоолору, тандоолору менен жаратууда. Ал эми, жаратылыштагы кубулуштар пенделердин каалоолоруна байланыштуу эмес. Алар бир гана Аллаху тааланын каалоосу менен башка себептерге байланыштуу жаратылууда. Асман, жер жана бардык ааламдагы кыймыл-аракеттердин жана кыймылсыздыктардын баары бир гана Аллахтын жаратуусу менен болууда. Андан башка Жаратуучу жок. Бир гана жансыз нерселердин кыймыл-аракеттери жана адам менен жаныбарлардын эрктүү аракеттери арасында да мындай айырмачылыктар бар; адамдар бир нерсе кылууну каалап, аны Аллах да кааласа, адамга ошол нерсени кылууга күч берип, колдойт, ошол ишти жүзөгө ашырат. Кулдун аракет кылуусу анын өзүнүн колунда эмес. Ошондой эле, кандай кыймылдап жатканын да билбейт. Адамдын ар бир аракети көптөгөн физикалык жана химиялык кубулуштар аркылуу жүзөгө ашат. Мындан өзүнүн да кабары болбойт. Жансыз нерселердин аракеттеринде тандоо деген нерсе болбойт. От тийген кезде, Аллахтын жагуу, күйүү процессин жаратуусу, оттун күйгүзүүнү каалосу менен жүзөгө ашпайт.

Сүйгөн, мээримдүүлүк көрсөткөн кулдарынын жакшы, пайдалуу тилектерин Ал дагы каалап, жүзөгө ашырат. Алардын жаман, зыяндуу тилектерин Ал каалабайт жана орундабайт. Бул пенделерден бир гана пайдалуу иштер жүзөгө ашат. Алар, бир катар тилектеринин жүзөгө ашпагандыгына таарынышат. Бул иштердин натыйжасы ал үчүн зыяндуу боло турганын түшүнгөндө таарынышпайт болчу. Тескерисинче, ага кубанып Аллаху таалага шүкүр кылышаар эле. Аллаху таала адамдардын эрктүү иштерин алардын көңүлдөрү каалагандан кийин жүзөгө ашырууну эзелтеден каалаган. Мурда мындай каалабаган болсо эрктүү иштерибизди да биз каалабай туруп эле мажбурлап жүзөгө ашырат болчу. Анын эрктүү иштерибизди биз каалагандан кийин жаратуусу – эзелтеден ошондой каалагандыгы үчүн. Демек, биздин каалообуздун үстүндө Анын каалоосу ар дайым өз үстөмдүгүн, Аллахтын абсолюттук ирада ээси экендигин көрсөтүп турат.

Пенделердин эрктүү аракеттери эки нерседен турат: Биринчиси – пенденин жүрөгүнүн каалоосу жана күчү. Ошондуктан, пенденин аракеттери "касб” деп аталат. Касб – адамдык сапат.

Экинчиси: Аллаху тааланын жаратуусу, бар кылуусу. Аллаху тааланын буйруктарды, сооп жана азапты жаратуусу адамда касб сыпаты болгондуктан жүзөгө ашат. "Саффат” сүрөсүнүн 96-аятында: "Аллаху таала силерди жаратты жана иштериңерди жаратты”, - деп жазылган. Бул аят адам аракеттеринде көңүлүнүн каалоосу жана ирадаи жузийасы (тандоо эркиндиги) бар экендигин билдирет. Мажбурлоонун жок экендигин ачык айкын билдирип турат. Ошол себептен адамдын иши деп аталат.

Кулдун иши жасалуусу үчүн алгач бул ишти кулдун жүрөгү каалоосу керек. Кул күчү жеткен нерсени каалайт. Бул каалоо "касб” деп аталат. Хазрети Амиди бул касбдын иштердин жаратылуусунун себеби, таасири экенин айтат. Кул каалаган нерсесинин бардыгын жасай албайт. Кээде каалабаган нерселеринин да орундалуусу, жаратылуусу мүмкүн. Кулдун каалагандарынын бардыгын жасап, каалабагандарын болтурбай коюусу кулдукка жатпайт, кудуретке таандык нерселер болуп саналат.

Пенделерге Аллаху таала жакшылык, мээримдүүлүк кылып, аларга буйруктарын аткара тургандай жана өздөрүнө керектүү боло тургандай деңгээлде күч-кубат, б.а., энергия берген. Мисалы, ден-соолугу жакшы, акчасы жетиштүү адам өмүрүндө бир жолу ажылыкка бара алат, жылына бир жолу орозо кармай алат, күнүнө беш маал намаз окуй алат, зекет бере алат. Мындан белгилүү болуп тургандай, адам өз эрктүү иштерин кааласа кылат, каалабаса кылбайт. Аллаху тааланын улуулугу ошол жерден байкалат. Жахил (сабатсыз) адамдар тагдыр тууралуу эч нерсе түшүнбөгөндүктөн ахли сүннөт аалымдарынын сөзүнө ишенишпейт. Кулдардын күчү менен каалоосуна шектенет. Адамды эрктүү иштеринде күчсүз жана мажбур деп эсептешет. Кээ бир иштерде кулдардын каалоосу жүрбөгөндүгүн көрүп ахли сүннөткө тил тийгизишет. Алардын бул айткандарынын өзү аларда каалоонун, тандоонун бар экендигин көрсөтүп турат.

Бир нерсени кылууга же болбосо кылбоого күчтүн жетүүсү "кудурет” деп аталат. Кылууну же кылбоону тандоо "ыктыяр” (тандоо) деп аталат. Тандалган нерсени кылууну тилөө, "ирада” (каалоо) деп аталат. Бир нерсени кабылдоо, ага каршы келбөө – "риза” (ыраазылык, макулдук, жактыруу) деп аталат. Иштин орундалуусуна милдеттүү түрдө таасир кылуу шарты менен ирада менен кудуреттин биригүүсү "халк” (жаратуу) деп аталат. Ал эми, таасирлүү болбой биригүү "касб”деп аталат. Бир ишти ыктыяр кылган, тандаган ар адамдын халык, б.а., жаратуучу болуусу милдетүү эмес. Ошол сыяктуу ар бир кааланган нерсеге ыраазы болуу да милдеттүү эмес. Аллаху таала халык (жартуучу) жана мухтар (каалоочу), ал эми, кул болсо касиб (орундоочу) жана мухтар (каалоочу) деп аталат.

Аллаху таала кулдардын жакшы жана жаман иштерин каалайт жана аны жаратат. Ал эми, Ал жакшы, соопту иштерден ыраазы. Жаман, күнөө иштерден ыраазы болбойт жана жактырбайт. Бардык нерсе Анын жаратуусу менен бар же жок болот. "Эн’ам” сүрөсүнүн 102-аятында "Андан башка илах жок. Бардык нерсенин Жаратуучусу бир гана Ал”, - деп билдирилген.

"Мутазила” сектасындагылар ирада менен ыраазылык арасында айырмачылык жок деп эсептеп, тагдыр жана казага каршы болушуп, ишенишпейт. "Жабрия” сектасындагылар адамдын тандоого укугу жок деп ойлоп, адамды ташка, отунга теңдештирет. Адамдар күнөө иш кылбайт. Бардык жаман нерселерди кылдыра турган Аллаху таала деп эсептешет. Эгер "жабрия” өкүлдөрүнүн айтканындай адамда ирада жана ыктыяр болбосо, жамандыктар менен күнөөлөрдү Аллах кыйнап кылдырып жаткан болсо, колу- буту байланган адамдын тоодон төмөн карай жыгылуусу менен өз буту менен тегеректи кыдырып, басып баратып тоодон жыгылуунун арасында айырмачылык болбошу керек эле. Ал эми, биринчисинин жыгылуусу мажбурлуу түрдө, ал эми экинчисинин жыгылуусу ирада жана ыктыяр, б.а., өз каалоосу менен жүзөгө ашып отурат. Бул айырмачылыкты көрбөгөндөр – аң-сезими төмөн болгондор. Дагы алар аяттарга да ишенбеген болуп чыгат. Аллаху тааланын буйруктарын орунсуз деп эсептеген болот.

Аллаху таала дүйнөдө бүткүл адамзатка мээримдүүлүк кылууда. Адамдарга кажеттүү нерселерин жаратып, баарына берүүдө. Дүйнөдө тынч өмүр сүрүү жана акыретте түбөлүк бакытка жетүү үчүн эмне кылыш керек экендиктерин ачык айкын билдирүүдө. Напсилерине, жаман досторуна, зыяндуу китеп, гезит, теле-радио берүүлөргө алданып, куфр жолуна түшкөндөрдүн ичинен каалаганын туура жолго салууда. Аларды туура жолго тартууда. Азгын, заалым адамдарга мындай ниматтарды бербөөдө. Аларды өздөрү жактырган, каалаган, өздөрү түшкөн куфурлук баткагында калтырууда.

Каза жана тагдыр зээндүү адамдардын көп такала турган маселеси болуп саналат. Бул анын туура түшүнбөөсүнөн улам пайда болот. Тагдырдын эмне экени жакшы түшүнүлө турган болсо, эч бир адамдын көңүлүндө күмөн калбайт жана ыйманы бекемдейт.

Ааламдардын Жаратуучусу болгон Аллаху таала жараткан жана жарата турган нерселердин баарын эзелден соңсузга чейин чоң-кичине бардыгын, заттарды, маанилерди бир арада жана бир мезгилде билет. Ар бир нерсени жаратпастан мурда эле билчү.

Ахли сүннөт вал-жамаат мусулмандар тагдырга ишенген, тагдырга ишенүүнү ыймандын шарты деп эсептеген. Б.а., тагдырга ишенбеген адам момун деп эсептеген.

Тагдырдын ачуусу менен таттуусу, жаманы менен жакшысы - баары Аллахтан. Анткени, тагдыр – билген нерселерин жаратуу деген сөз.

Улуу Ислам аалымы Имам Бегави "Тагдыр илими – Аллаху тааланын өз пенделеринен жашырган сырларынын бири. Бул илимди эң жакын периштелери жана дин ээси болгон пайгамбарларына да ачып билдирген эмес. Бул илим – чоң дарыя. Эч ким бул тууралуу сүйлөбөшү керек. Бир гана мына буларды билүү жетиштүү: Аллаху таала адамды жаратат. Алардын бир канчасы күнөөкөр. Алар Тозокко барат. Бир канчасы Бейишке барат. Бир киши Хазрети Алиден тагдыр тууралуу сурайт. "Ал – караңгы жол. Ал жол менен барба”, - деп жооп берет. Дагы сурайт. "Терең деңиз”, - дейт. Дагы сурайт. Бул жолу: "Тагдыр –Аллаху тааланын купуясы. Аны сенден жашырган”, - деп жооп берет”.

Адамдын эрктүү аракети мына ушул төрт нерсе аркылуу жүзөгө ашат:

1. Ошол нерсени оюнда элестетүү.

2. Ошол нерсени жактырып, жакшы сезимге бөлөнүү.

3. Ошол нерсени кылууну чын жүрөктөн каалоо, б.а., аракет кылууну тилөө.

4. Аракеттин пайда болушу. Биринчи жана экинчилерди Аллаху таала жаратат. Себеби, ойлоо менен жактыруу бар нерселер. Бар нерселер жаратылууга муктаж. Ал эми каалоо менен тандоо – пендеден. Аракетти жарата турган – Аллаху таала. Пендеде каалоо менен ирадаи жузийанын (тандоо эрки) пайда болушу алгач пендеде аны ойлоо жана жактыруу деген нерселердин жаратылуусунан кийин ишке ашат. Мисалы, бир адам садага берүүнү жана сообун ойлосо, ошол нерсе тууралуу анда кызыгуучулук же жек көрүүчүлүк пайда болот. Ошол амалды кылууну же болбосо кылбоону тандайт. Жактыруу, кызыгуучулук бул каалоо эмес. Жек көрүү, жаман ойдо болуу да пенденин каалоо укугун колдонбоосу дегендик эмес.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш