Күнөө кылуу жана ыйман


Суроо: Күнөө кылуу жана күнөө кылууну улантуу адамдын ыймансыз өлүүсүнө себеп болобу?

Жооп

Чоң күнөөлөрдү кылуу жана улантуу адамды куфурга алып барып, ыймансыз өлүүсүнө себеп болушу мүмкүн.

Суроо: Чоң күнөөлөр кайсылар?

Жооп

Чоң күнөөлөрдүн айрымдары төмөндөгүлөр:

1. Бидат ээси болуу.

2. Күнөө кылууну улантуу.

3. Мусулман экенине шүгүр кылбоо.

4. Ыймансыз өлүүдөн коркпоо.

5. Зулумдук кылуу.

6. Эне-атага каршы чыгуу.

7. Туура болсо да көп ант берүү.

8. Намазды үйрөнүүгө жана бала-бакырасына үйрөтүүгө маани бербөө.

9. Ичкилик ичүү.

10. Жалгандан олуямын деп айтуу.

11. Күнөөсүн кичи көрүү.

12. Өзүн жактыруу.

13. Илими жана ибадаты менен өзүн жогору көрүү.

14. Көралбастык кылуу.

15. Сынап көрбөй бир адамды жакшы деп айтуу.

16. Жалган сүйлөөнү жана ушак айтууну улантуу.

17. Ахли сүннөт аалымдарынын китептеринен узак туруу.

18. Кошунасына зулумдук кылуу.

19. Дүнүйө иштерине көп ачуулануу.

20. Сыйкырчылык кылуу.

21. Салих болгон махрам туугандарды зыярат кылууну таштап койуу.

22. Аллаху тааланын сүйгөндөрүн сүйбөө; сүйбөгөндөрүн сүйүү.

23. Момун бир тууганына үч күндөн көп таарынып жүрүү.

24. Зина жана ливата кылуу.

25. Ачык кийинүү.

26. Адам өлтүрүү.

27. Уурулук.

28. Наркотик колдонуу.

29. Бирөөнүн мал-мүлкүн тартып алуу.

30. Рамазан орозосун кармап, ачыктан жеш.

31. Зарылдык болбосо дагы пайызга акча берүү.

32. Адилетсиз жерге жетимдин мал-мүлкүн жеш.

33. Тараза жана өлчөм каражаттары менен туура эмес тартуу.

34. Намазды убагынан мурда же кийин окуу.

35. Көңүл оорутуу.

36. Пара алуу.

37. Мал-мүлкүнүн зекетин жана ушурун бербөө.

38. Тирүү жандыкты өрттөө.

39. Курани каримди үйрөнгөндөн кийин окууну унутуу.

40. Аллахтын ырайымынан үмүтүн үзүү.

41. Кыянат кылуу.

42. Расулуллахтын сахабаларынан кимисин болбосун жактырбоо.

43. Намыстуу аялды сойку деп атоо.

44. Мусулмандардын арасында сөз ташуу.

45. Аврат жерин ачуу же башкалардын аврат жерин кароо.

46. Аманатка кыянат кылуу.

47. Сараңдык.

48. Дүнүйөгө берилүү.

49. Аллаху тааланын азабынан коркпоо.

50. Харамды харам, халалды халал деп билбөө.

51. Төлгөчүлөрдүн төлгөсүнө ишенүү.

52. Аялдарга, кыздарга, б.а., харамды кароо.

53. Аялдардын эркек кийимин кийүүлөрү, эркектердин аял кийимин кийүүлөрү.

54. Кылган жакшылыкты колко кылуу.

55. Аллахтан башкасына ант берүү. Мисалы, "баламдын өлүгүн өпөйүн” деген сыяктуу.

56. Кичине күнөөлөрдү кылууну улантуу.

57. Бир намаз маалы өткөнчө жунуп абалда болуу.

58. Музыкалык аспап чертүү, тыңдоо.

59. Өзүн өзү өлтүрүү.

60. Динин үйрөнбөө.

Күнөөнү маанисиз деп билүү

Суроо: Күнөөнү маанисиз деп билүү деген эмне, ал кандай болот?

Жооп

Күнөөнү маанисиз деп билүүнүн эмне экендигин көпчүлүк билбейт. Ошондуктан, күнөөкөрлөрдү ыймансыз дешет. Мисалы, "Ичкилик ичүүнү уланткан адам харам экенине маани берсе ичмек эмес, ачык жүргөн аял мунун харам экенине маани берсе оронмок. Андай болсо булар кылган күнөөлөрүнө өкүнбөгөндүгү, б.а., арамды маанисиз деп билгендиги үчүн ыймансыз” деп айтуу жаңылыш.

Өкүнбөгөн, маани бербеген ыймансыз болот, бирок, маани бербөө эмне дегенди билдирет? Мисалы, намазын окуп жүргөн бир аял ачык жүрүүнүн күнөө экенин билсе "Оронуу - Аллахтын буйругу, оронсок жакшы болмок, бирок, бул доордо оронуу кыйын” десе бул аялды ыймансыз делбейт. Ушул сыяктуу ичкилик ичкен адам да "Ичкилик харам, бирок, көнүп калыптырбыз, таштай албай жатабыз” десе бул адам ыймансыз делбейт. Тескерисинче, эч качан ичкилик ичпеген бир адам "Бир стакан арак ичүү күнөө деп болбойт” десе куфурга кирет. Же болбосо, "Ар ким ачык жүрөт го, эмне болуптур, биз дагы ачык жүрөбүз, ар ким ичет, биз дагы ичебиз, мас кылбагандан кийин эмне зыяны болмок эле” деп, арамды маанисиз деп эсептөө куфур болот.

Аллаху тааланын каары күнөөлөрдүн ичинде жашырылган. Бир күнөөдөн улам чоң азапка дуушар болуп калышыбыз мүмкүн. Жүз миң жыл ибадат кылган бир кулун түбөлүккө Тозокко ташташы мүмкүн. Мисалы, жүз миң жыл итаат (баш ийген, моюн сунган, ибадат кылган) кылган Иблис текебердик кылып, сажда кылбаганы үчүн түбөлүккө Тозоктук болду. Адам алейхиссаламдын уулу бир адам өлтүргөнү үчүн түбөлүк Тозоктук болду. Ар дубасы кабыл болгон Балам-и Баура бир күнөөгө көңүл бергени үчүн ыймансыз кетти. Карун зекет бербегени үчүн байлыгы менен жок болду. Андай болсо ар бир күнөөдөн сактанууга аракет кылуу керек. Бир хадиси шарифте: "Аз болсо да бир күнөөдөн сактануу бардык жин жана адамдардын (напил) ибадаттарынан жакшыраак”, -деп билдирилди. Ар күнөө Аллаху таалага каршы чыгуу болгондуктан чоң болуп саналат. Бирок, айрымдары башкаларына караганда кичине көрүнөт. Бир кичине күнөөнү кылбоо бардык нерселердин напил ибадаттарынан да сооптуураак. Анткени, напил ибадат кылуу фарз эмес. Күнөөлөрдөн сактануу фарз. (Рыйад-ун-насыхин)

Күнөө кылганда үмүтсүз болбой дароо тообо кылуу зарыл. Момун Аллахтын ырайымынан да үмүтүн үзбөөсү керек, Андан өтө коркуусу да керек. Хадиси шарифте айтылды: "Момундун жүрөгүндө коркуу менен үмүт бар болсо Аллаху таала ага үмүт кылганын берет, коркконунан да сактайт”. Б.а., бир момун Аллахтын азабынан коркуп, ырайымынан да үмүтүн үзбөсө, харамдардан сактанып, ибадаттарын орундоого аракет кылса Бейишке барат.

Бир адам канчалык чоң күнөө кылган болсо да Аллахтын ырайымынан үмүтүн үзбөшү керек. Жада калса, эң жаман ыймансыз дагы тообо кылып "Ла илаха иллаллах Мухаммадун Расулуллах”, - десе бардык күнөөлөрү кечирилип, таптаза мусулман болот. Б.а., дүнүйөдө Аллах кечирбеген күнөө жок. Тообо кылганда ыймансыздыкты дагы кечирет. Өлгөндөн кийин болсо ыймансыз болгондорго кечирим жок. Курани каримде: "Айткын: "Эй, Менин өздөрүнө ысырап (көп күнөө) кылган пенделерим! Аллахтын ырайымынан (бизди кечирбейт деп) үмүтсүз болбогула! Анткени, Аллах (ыймандуулардын) бардык күнөөлөрүн сөзсүз кечирет! Чынында, Ал – Кечиримдүү, Ырайымдуу!” –деп билдирүүдө. (Зумар сүрөсү 53)

Аллаху тааланын ыраазычылыгын жана ачуусун кайсыл амалда, кайсыл сөздө экенин биле албайбыз. Ошондуктан, эч бир сөздү, эч бир жакшылыкты жана жамандыкты төмөн санабоо керек. Аллаху таала ыраазычылыгын жакшылыктардын ичинде, каарын болсо күнөөлөрдүн ичинде сактаган. Маани берилбеген бир күнөө Аллахтын каарына себеп болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан, ар бир сөзүбүзгө көңүл буруубуз зарыл. Ата-бабаларыбыз: "Сөз бар иш бүтүрөт, сөз бар баш кетирет”, -деп бекеринен айтышкан эмес.

Ибадат кылбоо, күнөөлөрдөн сактанбоо адамдын жүрөгүн карайтат, бара-бара ыймансыз болот. Күнөөлөрдүн бардыгы Аллахтын буйругун орундабоо болгондуктан чоң болуп саналат. Ибни Мункадир хазреттери өлүм төшөгүндө ыйлап жаткан эле. Себебин сурашты. "Атайын чоң бир күнөө кылган жокмун. Маанисиз деп билген бир кичине күнөөм Аллахтын каарына себеп болуп калбайт бекен деп коркуп ыйлап жатамын”, - деди. Мына ушул сыяктуу коркуулар мусулмандын кутулуусуна себеп болот. Анткени, хадиси шарифте: "Аллаху таала кыяматта айтат: "Дүнүйөдө бир күн болсо да мени эстеген, менден бир жолу болсо да корккон адамды Тозоктон чыгаргыла!” - деп билдирилди.

Өтө маанилүү эскертүү

Эркек болсун, аял болсун ар мусулмандын ар бир сөзүндө, ар бир ишинде Аллаху тааланын буйруктарына б.а., парздары менен тыюу салгандарына, б.а., арамдарга маани берүүсү зарыл. Бир парздын орундалышына, бир арамдан сактанууга маани бербеген адамдын ыйманы кетет. Ыймансыз адам кабырда азап тартат. Акыретте Тозокко барат. Тозокто түбөлүк күйөт. Кечирилүүсүнө, Тозоктон чыгарылуусуна мүмкүнчүлүк жана ыктымал жок. Ыйманды жоготуп алуу өтө оңой. Ыймансыздыктын себеби билинбесе дагы күндө "Эй, Рабби! Билип-билбестен ыймансыздыкка себеп болгон бир сөз айткан же бир иш кылган болсом өкүндүм. Мени кечире көр” деп тообо кылса, Аллаху таалага жалбарса сөзсүз кечирилет. Тозокко баруудан кутулат. Тозокто түбөлүк күйбөш үчүн күндө сөзсүз тообо кылуу керек. Бул тоободон да маанилүү бир милдет жок. Кул акысы бар болгон күнөөлөргө тообо кылганда ал акыларды төлөп берүү жана окулбаган намаздарга тообо кылганда казасын окуу зарыл. (Сеадет-и Эбедиййе)

Күнөөнү төмөн саноо

Суроо: Ахли сүннөт ишеними боюнча амал ыймандан бир бөлүк болуп эсептелбейт. Б.а., адамдын күнөө кылуу менен ыйманы кетпейт. Андан башка: "Күнөөнү төмөн саноо, маани бербөө ыймансыздык” деп билдирилүүдө. Ичкилик ичкен, ушак айткан, жалган сүйлөгөн адам күнөө кылгандыгы үчүн ыйманы кетпейт, бирок, ал күнөөлөрдү төмөн санабаганда күнөө кылмак эмес. Булар момунбу же эмеспи? Бул маселени түшүнө албадым. Мисалы, намаз окуган бир аял ачык эле жүрөт. Ачык жүрүү күнөөсүн төмөн санабаганда андай жүрмөк эмес. Аллахка ыйманы болбосо намаз окубайт. Мунун ыйманы барбы же жокпу? Дагы китептерде: "Рамазан айында орозо кармабай ачыктан тамак жеп жүргөн адамдын ыйманы кетет” деп жазылган. Ал эми, орозо кармабоо күнөө, ыймансыздык эмес. Күнөөнү төмөн саноо ыймансыздык экендиги сыяктуу, китептерде бир гана парзды эмес, жада калса, сүннөттү да төмөн санаган, маани бербеген адамдын ыйманы кете тургандыгы жазылган. Намазда топу кийүү сүннөт. Маани бербей четке какса ыйманы кетет. "Маани бергенде киймек” деген ой келүүдө. Аср жана куптан намаздарынын сүннөттөрүн окубагандар үчүн дагы ошол эле нерсени ойлоодон өзүмдү тыя албай жатамын. Ошондой болсо да сүннөттү орундоо сообунан куру калат, ыймансыз болбойт. Экөөнүн ортосун таба албай жатамын. Бул маселенин бир түшүндүрмөсү барбы?

Жооп

Бир жактан намаз окуп, экинчи жактан тартынбай күнөө кылган адам үчүн сөзсүз "Күнөөнү төмөн саноодо” же "Күнөөгө маани бербей жатат” деп айтуу жаңылыш.

Дайым ачык жүргөн бир аялдын ачык жүрүүгө маани бербей жаткандыгын айтуу кыйын. Дайым ичкилик ичкен же башка күнөө кылган адам үчүн дагы "Бул күнөөгө маани бербей жатат” деп айтуу кыйын. Күнөө көнүмүш болуп калганда гана маани бербөө кообу башталат. Дайым бир же бир канча күнөө кылган адамдын тообо кылуусу кыйын. Тообону оюна да келтирбейт. Намаз окуган бир адам "Оронуунун динде орду жок” деп ишенсе ыйманын жогото тургандыгы сыяктуу оронуу буйругун төмөн санаганда да ыйманын жоготот.

Анда-санда күнөө кылган адамдын күнөөнү төмөн санаганын айтуу кыйын. Мындай адам тообо да кылышы мүмкүн. Көбүнчө анда- санда күнөө кылган адам күнөөнү төмөн санагандыгы үчүн эмес, ал учурда билбей күнөө кылып жаткан болушу ыктымал. Антпесе, бир мусулман күнөөгө маани бербей атайын күнөө кылуудан тартынат.

"Рамазан айында орозо кармабай ачыктан тамак жеп жүргөн адамдын ыйманы кетет” деп айтуу орозо кармабаган адам ыйманын жоготот дегендикке жатпайт. Орозо кармабоо башка, орозого каршылыгын жарыя кылгансып башкаларга да орозо кармоого тоскоолдук кылгандай элдин көзүнчө жеп-ичүү башка. Мында орозону төмөн саноо бар. Бир адам ачка каламын деген коркуу менен, ооруп каламын деген кабатыр менен же жумушума тоскоолдук кылат деп орозо кармабаса дагы бир себеп менен орозо кармабаган болуп саналат. Орозону төмөн санаган болбойт, б.а., куфур эмес.

Топу кийбөө сыяктуу сүннөттөрдү орундабаган адам сүннөткө маани бербегени үчүн эмес, үзүрлүү болбосо дагы башка себептер менен орундабай жатат. Бул сыяктуу себептер менен сүннөттөрдү орундабаган жана күнөө кылган адамды ыймансыз дебеш керек.

Ичкилик жана ыйман

Суроо: "Ичкилик ичкери, ыйман сыртка! Ичкилик ичкендин кырк күн намазы кабыл болбогондуктан намаз окубашы керек”, - деп айтышууда. Мындай нерсе барбы?

Жооп

Жок, андай нерсе жок. Ахли сүннөт ишеними боюнча ичкиликти халал деп билмейинче же арамды төмөн санамайынча ичкилик ичкен адамдын ыйманы кетпейт. (Ихйа)

Намазды таштап койуу чоң күнөө. "Ичкилик денеден кырк күн чыкпайт” деген нерсе жок. Курани каримде: "Мас бойдон окубагыла!” - деп буйрук кылынууда. Себеби эмне окуганын түшүнбөйт жана жыгыла тургандай мас адамдын даараты да бузулат. Дааратсыз намаз да окулбайт. Эмне окуганын түшүнбөй тургандай көп ичпеген болсо намазды окуу зарыл. Эмне күнөө кылынса кылынсын намазды таштабаш керек. Ичкилик ичүүнү уланткан адамдын намазы сахих, б.а., карызынан кутулган болот, бирок, чоң сооптордон куру калат. Ичкилик ичкен адам мен ичемин деп дуба кылууну, зикирди жана тасбихтерди таштап койбоосу керек.

Салих бир зат мурда кайтыш болгон аймакта таанылган бир аялды түшүндө жакшы абалда көргөндө жагдайын сурады. Аял мындай деп жооп берди: "Раббим мени кечирди. Күнөө экенин билип турсам да напсиме алданып ичкилик иччү элем. Бир күнү ичкилик ичип отурганда азан айтыла баштады. Дароо ичүүнү токтотуп, мен дагы азанчы сыяктуу шахадат айттым. Көп өтпөй өлдүм. Аллаху таала периштелерге: "Жүрөгүндө ыйман болбогондо мени мас болуп туруп эстемек эмес. Ага азап кылбагыла!” – деп буйрук берди. Ушинтип кечиримге ээ болдум.” (Ширанын шархы)

Окуяда да белгилүү болуп тургандай ар бир ичкилик ичкен адамга, жада калса, ичип жатып өлгөн адамды да ыймансыз дебеш керек. Кымындай ыйманы бар болсо аягында баары бир кутулат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш