Ыйман туура болуш керек


Адамдын беш сезүү органдары менен акылы аркылуу сезилген нерселер анын ыйман келтирүүсүнө жардам берет. Табият таануу илимдери ааламдагы системанын, тартиптин кокустук эместигине жана бир Жаратуучунун бар экенине ишенүүгө, Ага ыйман келтирүүгө себеп болот.

Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам Аллаху таала билдиргендерди сахабаларына айтты. Алар аны өздөрүнүн шакирттерине жеткиришти. Алар аны кипептерине жазышты. Бул китептерди жазган аалымдар ахли сүннөт аалымдары (сүннү аалымдар) деп аталат. Ыймандын туура жана да Аллаху таала тарабынан кабыл болушу үчүн ахли сүннөт аалымдарынын китептеринде билдирилгендерге шайкеш болушу кажет.

Ал үчүн:

1. Ыйман туруктуу болуш керек. Ар дайым ыйман менен бирге болуу керек. Мусулманчылыктан чыгууга ниеттенген адам ошол замат ыймандан чыгып, муртад болот. Мусулманчылыктан чыккан адам муртад деп аталат.

2. Мусулмандын ыйманы коркуу менен үмүттүн ортосунда болушу керек. Аллаху тааланын азабынан коркуу, бирок, ырайымынан да үмүт үзбөө шарт. (Кылган күнөөдөн кайтып, тообо кылуу керек. Күнөөлөрдөн качып, алардан улам ыйманын жоготуп алуудан коркуу керек.)

3. Жан (рух) чыгар кезде акыреттин бардык белгилери көрсөтүлөт. Ушул учурга чейин ыйманга келүү керек. Жан чыгар алдында бардык капырлар ыйман келтиргилери келет. Бирок, бул кабыл кылынбайт. Себеби, көрбөй туруп ишенүү керек. Бул маалда бир гана момундардын тооболору кабыл болот.

4. Күн батыштан чыгаардан мурда ыйман келтирүү керек. Кыяматтын чоң белгилеринин бири - күндүн батыштан чыгышы. Муну көргөн адамдар ыйман келтиришет. Бирок, алардын бул ыйманы кабыл кылынбайт.

5.Кайыпты бир гана Аллаху таала билет. Жана да Анын билдиргендери билет. Маанилүү болгон нерсе кайыпка ыйман келтирүү.

6. Ислам дининин ыйманга жана ибадатка тийиштүү өкүмдөрүн кабылдоо керек. Диндин буйруктарын төмөнсүнтүү, мазактоо куфур. Б.а., динден чыгып, капыр болууга алып барат.

7. Ислам дини тарабынан ачык билдирилген нерселерге күмөн кылбаш керек. Намаздын жана орозо кармоонун фарз экендигине, алкогол ичимдик ичүүнүн, кумар ойноонун, пайыздын (процентке акча алышып-беришүүнүн), паракорлуктун харам экендигине ишенбөө же шектенүү динден чыгууга себеп болот.

8. Ыйман келтирген адам бир гана Аллаху таала үчүн жакшы көрүп, Аллаху таала үчүн душмандык кылуусу керек. Бул "хубб-у филлах" жана "бугд-ы филлах" деп аталат. Булар ыймандын негизги жана эң күчтүү белгилери болуп саналат.

9. Ыйман ахли сүннөт аалымдары көрсөткөн абалда болуусу керек. Акыл менен философтордун айтуулары боюнча ишенүү ыйманга туура келбейт. Туура ыйман ахли сүннөт аалымдары көрсөткөн боюнча жүзөгө ашат. Себеби, алар бул ыйман негиздерин сахабалардан алышкан. Сахабалар Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламдан үйрөнүшкөн. Ошондуктан, ахли сүннөт аалымдары билдирген ыйман – Паайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам билдирген ыйман болуп эсептелет.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш