Ислам дини » Ыйык түндөр » Рагаиб түнү




Рагаиб түнү


Ражаб айынын алгачкы Жума түнү Рагаиб түнү болуп эсептелет. Ар бир Жума түнү баалуу. Бул эки баалуу түн бир убакта болгондо андан да баалуу болот. Аллаху таала бул түнү момундарга жакшылыктарды берет. Бул түнгө урмат көрсөткөндөрдү кечирет. Бул түнү кылынган дуба артка кайтарылбайт жана намаз, орозо, садага сыяктуу ибадаттарга сансыз сооптор берилет.

Бул түн Пайгамбарыбыздын атасы үйлөнгөн түн эмес. Мындай деп айтуу жаңылыш. Расулуллахтын тогуз айдан мурда дүнүйөгө келгендигин айткандык болот, бул болсо кемчилик болуп саналат. Ар тарабынан ар убакта адамдардын эң жогорусу болгондой эле, Амина энебизди нурландырган убакта да кемчиликтүү эмес эле. Бул убактын кем болуусу медицина илиминде айып жана кемчиликтүү болуп саналат.

Бул түнгө тийиштүү болгон намаз жок. Рагаиб түнүн ибадат менен өткөрүү керек, казасы болгондор каза намаздарын окуулары керек! Казасы жок болгондор болсо нафил намаз окушса болот. Өзгөчө Курани карим окуу керек, таспих тартып, тообо истигфар кылыш керек. Мубарек түндөрдө жана дайым илим үйрөнүү өтө фазилаттуу. Илмихал маалыматтары эң баалуу илим. Бейшембиде күндүзү орозо кармап, түнүн ибадат менен өткөрүү чоң сооп. Ражаб айында орозо кармоо фазилаттуу. Хадиси шарифте айтылды:

"Ражаб айында Аллахка көп истигфар кылгыла, себеби, Аллаху тааланын Ражаб айынын ар убагында Жаханнамдан азат кылган кулдары болот. Өзгөчө, Жаннатта ушундай сарайлар бар, бир гана Ражаб айында орозо кармагандар кирет.” [Дайлами]

"Аллаху таала Ражаб айында орозо кармагандарга магфират кылат.” [Гунйа]

"Ражаби шарифтин бир күн башында, бир күн ортосунда жана бир күн акырында орозо кармаган адамга Ражабда толук орозо кармагандай сооп берилет.” [Мифтах-ул-жанна]

"Рамазан айынан сырткары Аллах ыраазылыгы үчүн бир күн орозо кармаган адам жарышка түшчү жакшы аттын бир кылымда чуркап өтчү аралыгындай Жаханнамдан алыстайт.” [Абу Йала]

"Мына бул беш түндө кылынган дуба артка кайтарылбайт: Рагаиб түнү, Берат түнү, Жума түнү, Рамазан майрамы жана Курман майрамынын түндөрү.” [И.Асакир]

"Ражаб айы улуу ай. Аллаху таала бул айда жакшылыктарды эсе-эсе көбөйтөт. Ражаб айында бир күн орозо кармаган адам бир жыл орозо кармагандай соопко жетет. 7 күн орозо кармаган адамга Жаханнам эшиктери жабылат. 8 күн орозо кармаган адамга Жаннаттын 8 эшиги ачылат. Он күн орозо кармаган адамга Аллаху таала каалаганын берет. 15 күн орозо кармаган адамга бир мунади:"Өткөн күнөөлөрүң кечирилди”,- дейт. Ражаб айында Аллаху таала Нух алейхиссаламды кемеге түшүрдү, жана ал Ражаб айын орозо менен өткөрдү. Жанындагыларга да орозо кармоону буйрук кылды.” [Таберани]

"Ражаб айында такыбаа менен бир күн орозо кармаган адамга орозо кармалган күндөр тилге келип: "Йа, Рабби, аны магфират кыл”, - дешет.” [Абу Мухаммед]

"Ражаб айынын биринчи Жума түнүн [Рагаиб түнүн] ибадат менен өткөргөн адамга кабыр азабы кылынбайт. Дубалары кабыл болот. Бир гана жети адамдын дубасы кабыл болбойт: Пайызчынын, Мусулмандарды кемсинткендин, эне-атасына кыйынчылык тарттыргандын, Мусулман болгон жана диндин буйруктарына моюн сунган күйөөсүн тыңдабаган аялдын, музыкалык аспап черткич, ливата жана зина кылгандын, беш убакыт намазды окубаган адамдын.” [С.Абадиййа] [Булар бул күнөөлөрүнөн баш тартмайынча, тообо кылмайынча дубалары кабыл болбойт.]

Ражаб айында кылынган дуба кабыл кылынат, каталар кечирилет. Күнөө кылган адамдын жазасы эсе-эсе көп болот.

Хазрети Хусейин (радыйаллаху анх) мындай деген:

"Каабаны таваф кылып жатканда жалооруган үн менен Аллаху таалага дуба кылган бир адамдын үнүн уктук. Атам бул адамды чакыруумду буюрду. Жарык жүздүү таза адам экен. Бирок, оң тарабы шал болуп, кургап, кыймылсыз болуп калган экен. Ага айттым:

- Сен кимсиң, абалың эмне үчүн мындай болду?

- Маназил бин Лахык... Мен аспап чертүү менен, ыр ырдоо менен атак тапкан, Арабстандын артисти делген атактуу адам болгом. Дайыма напсимдин арзууларынын аркасынан жүгүрдүм. Ражаб жана Шабан айларында дагы бул күнөөлөрдү улантчу элем. Салих болгон атам мени бул күнөөлөрдөн куткарууга аракет кылды. Мага: "Аллаху тааланын азабы катуу, бир заматта каарына калтырышы мүмкүн. Жаман достордон баш тарт, бул жаман иштерди ташта! Периштелер жана бул айлар сен тууралуу арызданып жатышат”, - деди. Анын насыятын эч көтөрө алган жокмун. Атама карай атырылып, аны уруп үнүн бастым. Кайгы жана сынган көңүлү менен: "Бул айларда орозо кармап, түндөрү ибадат кылам. Байтуллахка барып жамандыгыңан кутулуу үчүн Аллаху тааладан жардам сурайм”, - деди.

Бир апта орозо кармап Каабага барып: "Эй, Раббим, зулумдук көргөндөрдүн каргышын жерде калтырбайсың. Бул айда, бул мубарек жерлерде кылынган дубаларды артка кайтарбайсың. Акымды уулуман ал, аны шал кыл”, - деп дуба кылды. Дубасы бүтө элек жатып оң тарабым шал болду. Муну көргөндөр: "Ата каргышына калган адам”, - деп айтышат.

- Атаң сенин бул абалыңа эмне деди?

- Атаман кечирим сурадым. Анын бала мээрими үстөмдүк кылып, мени кечирди. Баддуба (каргыш) кылган жерге барып, бул сапар шыпаа табуу үчүн, кайырлуу дуба кылуу үчүн төө менен Байтуллахка бара жатканда төөсү үркүп, атам жерге жыгылып кайтыш болду. Азыр болсо чарасыз абалдамын.

Атам Хазрети Али бул жаш жигитке дуба кылды. Ражаб айында кылган бул дубанын берекети менен Аллаху таала ага шыпаа ихсан кылды.”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш