Кадыр түнү


Суроо: Кадыр түнүнүн мааниси эмнеде?

ЖООП
Ыйык Рамазан айы ичинде болгон касиеттүү түн. Кээ бир аалымдар Мавлид түнүнөн кийин эң кадырлуу түн деп эсептешет. Кадыр түнү бул үммөткө тийиштүү. Башка пайгамбарларга мындай фазилаттуу түн берилген эмес. Бир хадиси шарифтин мааниси мындай:

"Аллаху таала Кадыр түнүн үммөтүмө белек кылды, башка үммөткө бербеди.” [Дайлами]

Расулуллахка "саллаллаху алейхи ва саллам” өзүнөн мурдагы адамдардын өмүрлөрүнүн канчалык экендиги билдирилгенде өз үммөтүнүн өмүрлөрүнүн кыска экенин көрдү. Узун өмүрлүү болгон башкалардын кылган салих амалдарын орундай алышпайт деп ойлонгондо Аллаху таала ага миң айдан кайырлуу болгон Кадыр түнүн ихсан кылды. Аллаху таала: "Кадыр түнү сеники жана үммөтүңдүкү”, - деп Хабибинин көңүлүн ырахат кылды. (И.Малик)

Расулуллах алейхиссалам: "Бани Исраил пайгамбарларынан 80 жыл бир гана ибадат кылгандар болду”, - дегенде Асхабы кирам таң калды. Жабраил алейхиссалам келип: "Йа, Расулаллах, үммөтүң ал пайгамбарлардын [башка иштерден сырткары] 80 жыл бир гана ибадат кылуусуна таң калышууда. Аллах сага андан жакшысын берди”, - деп: "Кадыр түнү миң айдан кайырлуу” деген маанидеги аятты окуду. (Рияд-ун-насыхин)

Балакатка кирген абалда 50 жыл жашаган адам 50 Кадыр түнүн өткөрөт. Бир түн 80 жылдын баасынчалык болгондо 50х80=4000 жыл болот. 4 миң жыл ибадат кылгандай соопко ээ болот. Кадыр түнү тууралуу хадиси шарифтерде айтылган:

"Төрт түндүн күндүзү дагы түнү сыяктуу фазилаттуу. Аллаху таала ал күндөрдө дуба кылган адамдын тилегин артка кайтарбайт, аларга магфират кылат жана алар бул күндөрдө мол жакшылыктарга ээ болушат. Булар - Кадыр түнү, Берат түнү, Жума түнү жана күндөрү.” [Дайлами]

"Сообун Аллаху тааладан күтүү менен Кадыр түнү ибадат кылган адамдын өткөн күнөөлөрү кечирилет.” [Бухари]

"Кадыр түнү бир жолу Кадыр сүрөсүн окуу башка мезгилде Курани каримди хатим кылуудан да сооптуу. Кадыр түнү бир жолу "Субханаллах”, бир жолу "Алхамдулиллах”, бир жолу "Ла илаха иллаллах” деп айтуу 700 миң таспих, тахмид жана тахлилден баалуу. Бул түнү кой сааганчалык убакыт [аз убакыт] намаз окуу, ибадат кылуу бир ай бардык түндү таңга чейин ибадат кылуудан да баалуу.” [Тафсир-и мугни]

"Кадыр түнү үч жолу "Ла илаха иллаллах” деген мусулмандын биринчисинде бардык күнөөлөрү кечирилет. Экинчисинде Жаханнамдан кутулат, үчүнчүсүндө Жаннатка кирет.” [Тафсир-и мугни]

Расулуллах Кадыр түнү "Аллахумма иннака афуввун каримун тухыббул авфа фафу анни” деген дубаны окучу. "Йа, Рабби, сен кечирүүчүсүң, каримсиң, кечиримди сүйөсүң, мени дагы кечир” дегенди түшүндүрөт.

Рамазан айынын 27.чи түнү

Суроо: Кадыр түнүнүн 27.чи түн экендиги аныкпы?

ЖООП

Жок, анык эмес. Кадыр түнү Рамазан айынын ичинде. Кадыр түнүнүн кайсы түн экендиги анык белгилүү эмес. Аалымдарыбыз: "Аллаху таала ыраазылыгын ибадатта, каарын күнөөлөрдө, орто намазды беш маал намазда, олуясын калк арасында, Кадыр түнүн Рамазан айынын ичинде жашырган”, - дешкен.

Ошондуктан, Аллаху тааланын ыраазылыгына ээ болуу үчүн эч бир жакшылыкты кичине деп көрбөө керек! Каары күнөөлөрдүн ичинде жашырылгандыктан эч бир күнөөнү кичине дебеш керек, орто намазды качырбоо үчүн беш убак намазды маалында окуу керек, олуя калктын арасында жашыруун болгондуктан бардыгына жакшы мамиле кылуу керек. Ар көргөндү Хызыр, ар түндү Кадыр деп билүү керек.

Ыйык Рамазан айынын 27.чи түнү ибадат кылуу өтө сооптуу. Бир нече хадиси шарифтин мааниси мындай:

"Кадыр түнүн Рамазандын акыркы он күнүндө издегиле!” [Муслим]

"Кадыр түнүн Рамазандын он күнүнүн 21, 23, 25, 27 жана 29 сыяктуу так сандуу түндөрдө же Рамазандын акыркы түнүндө издегиле! Сообун күтүп Кадыр түнүн ибадат менен өткөргөн адамдын күнөөлөрү кечирилет.” [И.Ахмед]

"Кадыр түнү Рамазандын 27.чи түнү.” [Абу Давуд]

Имам Азам хазреттери Кадыр түнүнүн Рамазандын 27.чи түнүнө көбүрөөк дал келгендигин билдирген. "Кадыр түнүнө дал келген бир түндү ибадат менен өткөргөн адам Кадыр түнү ибадат кылгандай сооп табат” деген хадиси шарифти эстеп тез-тез болчу 27.чи түндү ибадат менен өткөрсө ал түн Кадыр түнү болбосо дагы чоң соопко жетет. Кадыр түнүн сураган бир затка Пайгамбарыбыз: "Бул жылы Кадыр түнү Рамазандын биринчи түнү болчу, өттү, 27.чи түндү ибадат менен өткөр! Рамазан айынын 27.чи түнү ибадат кылган адамга денесиндеги кылдардын санынчалык ажылык, умра, шейит жана гази сообу берилет”, - деди. Башка бирине дагы: "Бул жылы Кадыр түнү өттү, бирок, Рамазандын 27.чи түнүн ибадат менен өткөр! Кадыр түнүнүн сообуна ээ болосуң. Шафааттан насипсиз калбайсың”, - деди. Хазрети Аиша энебизге дагы: "13.чү түн эле, өттү. Кадыр түнүн өткөрүп жиберген болсоң 27.чи түнгө жетесиң. Ал түндү ибадат менен өткөрсөң акырет жолчулугу үчүн азык катары ал түндөгү ибадат сага жетет”, - деди. Хазрети Аиша энебиз: "Расулаллах Рамазандын акыркы он күнүндө көп ибадат кылчу”,- деген. [В. Нажат]

Имам Шарани хазреттери өз кашифин (ачылышын) билдирип: «Раманзан айы Жекшемби күнү башталса Кадыр түнү 29.чу түнү. Шейшемби башталса 27.чи түнү, Бейшемби башталса 25, Ишемби башталса 23, Дүйшөмбү башталса 21, Шаршемби башталса 19, Жума башталса 17.чи түн болот», - деген.

Абул Хасан Харкани хазреттери дагы мындай деген: «Балагат чагыман бери Кадыр түнүн эч өткөрүп алган жокмун. Рамазан айынын биринчи күнү Жекшемби башталганда Кадыр түнү 29.чу түн болчу эле. Дүйшөмбү күнү башталганда 21.чи түн болчу эле. Шейшемби күнү башталганда 27.чи түн, Шаршемби күнү башталганда 19.чу түн, Бейшемби башталганда 25.чи түн, Жума күнү башталганда 17.чи түн, Ишемби башталганда 23.чү түн болчу эле.» (Мишкат-ул-анвар, Шира-тул-Ислам)

Мындан дагы көрүнүп тургандай эки улуу аалым дагы ошол эле нерсени ачылыштары менен билдиришүүдө.

Мубарек убакыттарда күнөөлөрдөн өтө сак болуп, ибадат жана жакшылык кылууну көбөйтүү керек. Себеби, Аллаху таала тарабынан сүйүлгөн адам фазилаттуу убактарда фазилаттуу амалдар менен алек болот. Жактырбаган кулу болсо фазилаттуу убактарда жаман иштер менен алектенет. Жаман иштер менен алектенген адамдын бул аракети азабынын дагы да катуу болуусуна жана Аллаху тааланын ага дагы көп душман болуусуна себеп болот. Себеби, ал мындай кылуу менен убакыттын берекесинен куру калып, анын урмат жана намысын тебелеген болот.

Бул түндө ибадат кылуу үчүн илим үйрөнүү керек, мисалы, илмихал окуп, каза намаздарын окуп, Курани карим окуп, дуба жана тообо кылып, садага берип, мусулмандарды кубантып, булардын соопторун өлгөн жана тирүү бардык момундарга жиберүү керек! Кадыр тунүн ибадат менен өткөргөн адамдын, Рамазан орозосун кармаган адамдын, ажылыгы кабыл болгондун бардык күнөөлөрү кечирилгени менен намаз, орозо жана кул карыздары төлөнгөн болбойт. Булардын казасын орундап, кул акысын төлөп карыздардан кутулуу керек.

Суроо: Кадыр түнүнүн белгилери эмнелер? Өзгөчө Кадыр түнүнө кез келүү үчүн Рамазандын түндөрүн кандайча өткөрүү керек?

ЖООП

Рамазандын ар бир түнүнө Кадыр түнү деп мамиле кыла турган болсо Кадыр түнүнө кез келген болот. Күндө эң аз мына буларды аткаруу керек:

1-Куптан намазында заммы сүрө катары Кадыр сүрөсүн окуу.

2-Кадыр түнү окула турчу дубаны окуу.

3-Бир-эки бет Курани карим окуу.

4-Илмихалдан бир-эки бет окуу.

5-Аз болсо да садага берүү.

6-Түнү соор убагында эки рекет намаз окуп, силсиле-и алиййаны окуп, ал аалымдардын урматына деп дуба кылуу.

7-Күндүзү дагы түнү сыяктуу баалуу болгондуктан күндүзүн ибадат менен өткөрүү керек.

Кадыр түнүнүн белгилери:

Кадыр түнү ачык жана тынч болот, ысык да суук да болбойт. Эртеси таңда күн кызыл болуп, шооласыз атат. Кадыр түнү иттин үнү угулбайт деген аалымдар дагы болгон. Убейд бин Омар хазреттери айткан: "Кадыр түнү деңизде элем, деңиздин суусун ичтим, туздуу эмес эле, таттуу жана жагымдуу эле.”

Хадиси шарифтерде айтылган:

"Кадыр түнү ачык жана жумшак болот. Суук жана ысык эмес, таң эрте дагы күн алсыз жана кызыл болуп чыгат.” [Таберани]

"Кадыр түнү ачык болот, ысык жана суук эмес. Булут болбойт. Жамгыр жана шамал болбойт. Ал түндүн таңынын белгиси - күндүн шооласыз чыгышы.” [Таберани]

"Кадыр түнү эртеси күн шооласыз чыгат. Бийиктегенге чейин чоң табак сыяктуу болот.” [Муслим]

 

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.