Тарвийа күнү


Зилхижжа айынын 8-чи күнү Тарвийа күнү деп аталат. Ал күнү ажылар Меккеден Минага чыгышат. Тарвийа деп айтылуусунун себеби ажылар ал күнү Замзам суусунан көп ичип канууларынан болуп саналат. Тарвийа тафаккур (ойго батуу) деген мааниде дагы колдонулат.

Ибрахим алейхиссалам Зилхижжа айынын 8-чи түнү түшүндө "Өз уулун мууздап жаткан абалда” көрөт. Таң атканда "Түш шайтанданбы же Аллах тарабынанбы” деп тарвийа жана тафаккурга чөмүлүп, ал күндү тафаккур менени өткөрөт. Арафа түнү болгондо өзүнө: "Буйрук кылынган нерсеңди орунда!” – деп буюрулганда Аллаху таала тарабынан экендигин билет. Билгендиги үчүн ал күн "билүү” деген маанидеги Арафадеп аталып калат. Арафа - Зилхижжа айынын 9-чу күнү. Башка күндөр Арафа деп аталбайт.

Хадиси шарифтерде айтылды:

"Бир мусулман Тарвийа күнү (Арафа күнүнөн мурдагы күн) орозо кармаса жана күнөө сөз сүйлөбөсө Аллаху таала аны, албетте, Жаннатка киргизет.”

"Ырайым эшиктери 4 түнү ачылат. Ал түндөрдө кылынган дуба, тообо артка кайтарылбайт. Рамазан жана Курман айттын 1-чи түндөрү, Берат түнү жана Арафа түнү.”

Суроо: Курмандык чалуунун мааниси кандай?

ЖООП

Курмандык нисабына ээ болгон адамдын эч себепсиз курмандык сойбоосу күнөө болот. Курмандык чалуусу важиб болуп турса дагы ичинде жашап жаткан адамдар курмандык сойбогон үй кайгы менен ээсин каргап (баддуба кылып): "Курмандык сойбогонуңдай Жанабы Аллах дагы сага жакшылык жасоону насип кылбасын!” – дейт. Ал үй ошол жылы балээлерге дуушар болот. Курмандык сойгон адамдын үйү болсо ыраазы болот, ээсине жакшы дуба кылат. Бул жагынан алып караганда курмандык чалууну нимат деп билүү керек! Курмандык сойгон мусулман өзүн Жаханнамдан азат кылган болот. Хадиси шарифтерде айтылган:

"Сараңдардын эң жаманы - [важиб болгонуна карабай] курмандык сойбогону.” [С.Эбейдиййе]

"Алы-жагдайы болуп туруп курмандык сойбогон адам биз намаз окуган жерге келбесин!” [Хаким]

"Сооп үмүтү менен курмандык сойгон адам Жаханнамдан сактанат.” [Таберани]

Миң Ихлас окууда

Суроо: Хадиси шарифте: "Арафа күнү [Бисмиллах менен] миң Ихлас окуган адамдын күнөөлөрү кечирилип, дубалары кабыл болот”, - деп айтылган. Муну окуп жатканда зарылчылык менен ортодо сүйлөсө же башка бир иш кылгандан кийин окууну улантса зыяны жокпу?

ЖООП

Жок, эч нерсе болбойт. Арты артынан окуу шарт эмес. Мисалы, бир бөлүгү таңдан кийин, бир бөлүгү бешимден же асырдын кийин да окулса болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш