Ислам дини » Ыйык күн жана түндөр » Ашура түнү жана күнү




Ашура түнү жана күнү


Суроо: Ашура күнү жана түнүнүн маанилүүлүгү эмнеде?

Жооп

Мухаррам айынын онунчу күнү Ашура күнү деп аталат. Мухаррам айы Курани каримде ыйык деп билдирилген төрт айдын бири. Мухаррам айынын биринчи күнү орозо кармоо ал жылдын баарын орозо кармап өткөргөн сыяктуу сооп болот. Бир хадиси шарифтин мааниси төмөндөгүдөй:

"Рамазандан кийин эң фазилаттуу орозо - Мухаррам айында кармалган орозо.” [Муслим]

Бул айдын эң ыйык түнү Ашура түнү болуп саналат. Аллаху таала кээ бир дубаларды Ашура күнүндө кабыл кылган. Адам пайгамбардын тообосунун кабыл болуусу, Нух пайгамбардын кемесинин топон суудан куткарылуусу, Юнус пайгамбардын балыктын ичинен чыгуусу, Ибрахим пайгамбардын Намруддун отунда күйбөй калышы, Идрис пайгамбардын тирүү кезинде эле асманга чыгарылуусу, Якуб пайгамбардын уулу Юсуф пайгамбар менен кездешүүсү жана көздөрүндөгү парданын алынуусу, Юсуф пайгамбардын кудуктан чыгуусу, Аййуб пайгамбардын оорудан айыгуусу, Муса пайгамбардын Кызыл деңизден өтүп, Фараондун сууга чөгүүсү, Иса пайгамбардын туулуусу жана яхудилердин кол салууларынан кутулуп, асманга көтөрүлүүсү Ашура күнү жүзөгө ашкан.

Хадиси шарифтерде айтылды:

"Ашура күнү Нух алейхиссаламдын кемеси Жуди тоосуна отурду. Ал күнү Нух жана жанындагылар Аллаху таалага шүгүр кылуу үчүн орозо кармашкан болчу. Жаныбарлар дагы эч нерсе жеген эмес. Аллаху таала деңизди Бани Исраил үчүн Ашура күнү жарды. Дагы Ашура күнү Аллаху таала Адам алейхиссаламдын жана Юнус алейхиссаламдын коомунун тообосун кабыл кылды. Ибрахим алейхиссалам да ал күнү туулду.” [Табарани]

Курайш коому дагы, Расулуллах дагы Ашура күнү орозо кармачу. Мадинага келгенде ошол күнү дагы орозо кармады жана башкаларды да кармоого буюрду. (Бухари, Муслим, Тирмизи, Абу Давуд)

Мадинада Ашура күнү орозо кармаган Пайгамбарыбыз алейхиссалам яхудилердин дагы орозо кармаганын көрдү. "Эмнеге орозо кармадыңар?” - деп сурады. Алар: "Аллах Исраил уулдарын душмандан куткарган бир күн болуп саналат жана Муса дагы ушул күнү орозо кармагандыктан”- деп жооп беришти. Пайгамбарыбыз алейхиссалам да мусулмандардын бүгүн орозо кармоо себебин түшүндүрүү үчүн: "Мен Муса алейхиссаламга силерден да ылайыктуураакмын” –деп айтты. (Бухари, Муслим, Абу Давуд)

Ашура күнү төмөндөгүлөр кылынса жакшы болот:

1 – Ашура күнү орозо кармоо сүннөт. Хадиси шарифтерде айтылды:

"Ашура күнү орозо кармаган адамдын бир жылдык күнөөсү кечирилет.” [Муслим, Тирмизи, И. Ахмед, Табарани]

"Ашуранын фазилатынан пайдалангыла! Бул ыйык күндө орозо кармаган адам периштелер, пайгамбарлар, шейиттер жана салихтердин ибадаттары сыяктуу соопко ээ болот.” [Шир’а]

"Ашура күнүнө бир күн мурда жана бир күн кийин дагы орозо кармагыла, яхудилерге окшобогула!” [И. Ахмед] [Бир гана Ашура күнү орозо кармоо макрух. Бир күн мурда жана бир күн кийин дагы кармоо керек!]

Пайгамбарыбыз алейхиссалам бир күнү түшкө жуук мындай деди:

"Баарына угузгула! Бүгүн бир нерсе жеген адам кечке чейин эч нерсе жебесин, орозо кармаган сыяктуу болсун! Бир нерсе жебеген адам да орозо кармасын! Анткени, бүгүн Ашура күнү.” [Бухари, Муслим, Абу Давуд]

Пайгамбарыбыз ошол күнү бир хурманы ыйык оозунда сууландырып, балдарга берчү. Балдар Расулуллахтын мужизасы катары кечке чейин эч нерсе ичип жешчү эмес. Бул күндө айрым жаныбарлардын дагы эч нерсе жебей тургандыгы билдирилген. Бир аңчы Ашура күнү бир кийик кармап алат. Кийик балдарын эмизип, кечинде кайтып келүү үчүн Расулуллах алейхиссаламдан шафаат тилейт. Аңчы кийиктин кечке чейин калбай балдарын эмизип, дароо кайтып келүүсүн айтканда кийик: "Бүгүн Ашура күнү. Бул күндүн урматына балдарыбызды эмизбейбиз. Ошондуктан, кечирээк келемин деп уруксат сурадым” – дейт. Муну уккан аңчы кийикти Пайгамбарыбызга белек кылат. Пайгамбарыбыз да кийикти бошотуп жиберди.

2 – "Сыла-и рахим” кылуу керек. Тактап айтканда, салих туугандарды зыярат кылып, белектер менен же башка түрлүү жардам берип, көңүлдөрүн алуу керек. Хадиси шарифте: "Сыла-и рахимди таштап койгон адам Ашура күнү тууганын зыярат кылса Яхйа менен Исанын сообу сыяктуу соопко ээ болот”, -деп билдирилди.(Шир’a)

3 – Садага берүү сүннөт жана ибадат. Хадиси шарифте: "Ашура күнү кымындай болсо да садага берген адам Ухуд тоосундай соопко ээ болот”, - деп айтылды. (Шир’a)

4 – Көп салам берүү керек. Хадиси шарифте: "Ашура күнү он мусулманга салам берген адам мусулмандардын баарына салам берген сыяктуу соопко ээ болот”, - деп айтылды.(Шир’a)

5 – Бала-бакырасын кубантуу керек. Хадиси шарифте:"Ашура күнү үй-бүлөсүнүн нафакасын кенен кылган адамдын жыл бою нафакасы кенен болот”, -деп билдирилди. (Байхаки)

6 – Гусул алуу керек. Хадиси шарифте:"Ашура күнү гусул алган момун күнөөлөрдөн тазаланат”, -деп билдирилди. (Шир’a)[Бул сооптор ишеними туура болгон, намаз окуган жана харамдардан сактанган момун үчүн. Буларды сактабаган адам Ашура күнү бир эмес, көп жолу гусул алса дагы күнөөлөрү кечирилбейт.]

7 – Илим үйрөнүү керек! Хадиси шарифте: "Ашура күнү илим үйрөнүлүп жаткан же Аллаху таала зикир кылынып жаткан бир жерде бираз отурган адам Бейишке кирет”, - деп айтылды. Бул түнү илим катары ахли сүннөткө ылайык бир китеп [мисалы, Ислам Ахлагы же С.Абадиййа] окуу керек. Айрыкча, Курани карим окуу керек, казасы болгондор каза намазын окуусу керек. (Шир’a)

Хазирети Хусейин 10-Мухаррамда шейит кылынды. Ал улуу имамдын шейит кылынышы албетте бардык мусулмандар үчүн чоң кайгы. Хазрети Омар, Хазрети Осман, Хазрети Али жана Хазрети Хамзанын шейит кылынышы да чоң кайгы. Бирок, Пайгамбарыбыз алейхиссалам Хазрети Хамзанын шейит кылынган күнү аза күткөн эмес. Аза күтүүнү дагы буйрук кылган эмес. Эгер аза күтүү тыюу салынбаганда баарынан мурда Пайгамбарыбыздын кайтыш болгону үчүн аза күтүлмөк. Хадиси шарифтерде айтылды:

"Аза күткөн адам өлбөй туруп тообо кылсын, антпесе, Кыяматта катуу азап көрөт.” [Муслим]

"Эки нерсе бар, алар адамды куфурга түшүрөт. Биринчиси - бирөөнүн ата-тегин сөгүү, экинчиси - өлгөн адам үчүн аза күтүү.” [Муслим]

Шихабиддин Сухраварди хазреттери айтат:

"Кимде ким төмөндөгү дубаны Ашура күнү (Мухаррам айынын 10-күнү) 3 жолу окуса ошол жылы өлүмдөн да сактанат. Себеби, бул жылы ажалы тагдыр кылынган адамга бул дубаны бир себеп менен окуу насип болбойт."

 

Жыл башында окулчу бул дубаны Ашура күнү да окуса болот:

"Алхамдулиллахи Раббил-алемин. Вассалату вассаламу ала сеййидина Мухаммадин ва ала алихи ва сахбихи ажмаин. Аллахумма антал-абадиййул-кадим, ал-хаййул-карим, ал-ханнан, ал-маннан. Ва хазихи санатун жадидатун. Ас’алука фиха’л-исмата минашшайтанирражим, ва авлийаихи вал авна ала хазихин-нафсил-аммарати биссуи вал-иштигала бима йукаррибуни илайка, йа-зал-жалали вал-икрам, бирахматика йа архамаррахимин. Ва саллаллаху ва саллама ала сеййидина ва небиййина Мухаммедин ва ала алихи ва сахбихи ва ахл-и байтихи ажмаин.”

Дубанын түп нускасы үчүн бул жерди басыңыз


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters