Жума күнү


Суроо: Жума күнүнүн эмне өзгөчөлүгү бар? Эмне үчүн ыйык күн болуп саналат?

Жооп

1 – Бир хадиси шарифтин мааниси төмөндөгүдөй:

"Аллахтын алдында күндөрдүн мырзасы Жуму күнү болуп саналат. Курман айт жана Рамазан айт күндөрүнөн да пазилеттүү. Жума күнүндө ушул беш өзгөчөлүк бар: 1 – Хазрети Адам ал күнү жаратылды. 2 – Ал күнү жер бетине түшүрүлдү. 3 – Ал күнү кайтыш болду. 4 – Ал күндө ушундай бир убакыт бар; күнөө кылбоо жана туугандар менен мамилени үзүп койбоо шарты менен пенде Аллаху тааладан бир нерсе тилесе Аллаху таала аны сөзсүз берет. 5 – Кыямат ал күнү башталат. Кыяматтын башталышына сахна боло тургандыктан Жума күнүнүн айбатынан коркпогон Аллахка жакын эч бир периште, эч бир асман жана эч бир жер, эч бир шамал, эч бир тоо жана таш жок.” [Бухари, И. Ахмед]

Жума - момундардын майрамы. Жума күнү кылынган ибадаттарга жок дегенде эки эсе сооп берилет. Ал күнү кылынган күнөөлөр да эки эсе жазылат. Хадиси шарифтерде айтылды:

"Сооптордун ичинде Жума күнү жана түнү кылынгандан да баалуусу жок, күнөөлөрдүн ичинде дагы Жума күнү жана түнү кылынгандан да жаманы жок.” [Рамуз]

"Жума күнү күнөө кылбай өткөрүлсө башка күндөр дагы жакшы өтөт.” [И. Газали]

"Жума күнү куштар жапайы жаныбарлар бири-бирине: "Силерге салам, бүгүн Жума”, - деп айтышат.” [Дайлами]

"Жума келерки Жумага чейин жана үч күндүн ичинде кылынган күнөөлөргө кафарат болот. Себеби, жакшы бир амал кылган адамга он эсе сооп берилет.” [Табарани]

"Төрт түндүн күндүзү дагы түнү сыяктуу пазилеттүү. Аллаху таала ал күндөрү дуба кылгандардын тилегин кайтарбайт, аларды кечирет жана алар ал күндөрү мол ихсанга ээ болушат. Ал күндөр: Кадыр түнү, Арафа түнү, Барат түнү, Жума түнү жана күндөрү.” [Дайлами]

"Жума күнү гусул алган адамдын күнөөлөрү кечирилет.” [Табарани]

"Жума күнү багымдат намазынан мурда: "Астагфируллахалазыим аллази ла илаха илла хувал хаййал каййума ва атубу илайх” деген адамдын күнөөлөрү деңиз көбүгүнөн да көп болсо кечирилет.” [Ибни Сунни]

[Мындай чоң сыйлык-соопторго ээ боло алуу үчүн ал адамдын туура ишенимге ээ болуусу, кул акысын жана казага калган фарздарды орундоосу жана харамдардан баш тартуусу шарт.]

"Жума күнү жана түнү өлгөн момун шейит болот, кабыр азабынан кутулат.” [Абу Нуайм]

"Эне-атасынын кабырын Жума күндөрү зыярат кылган адамдын күнөөлөрү кечирилет, акыларын орундаган болот.” [Тирмизи]

"Жума күнү 80 салават окуган адамдын 80 жылдык күнөөсү кечирилет.” [Дара Кутни]

"Жума түнү Ясин сүрөсүн окуган адамдын күнөөлөрү кечирилет.” [Исфахани]

"Жума күнү жана түнү Духан сүрөсүн окуган адамга Бейиште бир ак сарай берилет.” [Табарани]

2 – Өзүнө Жума намазы фарз болгон ар бир мусулмандын соодасын токтотуп, намазга баруусу - фарз. Эч кандай себепсиз Жумага барбоо - харам. Азан окулуп жатканда да соода кылуу - макрух. Ал эми сооданын өзү халал, б.а., алынган товар макрух эмес халал. Бирок азан окулуп жатканда соода кылуу макрух болуп саналат. (Дурар)

Хадиси шарифтерде айтылды:

"Аллаху таала бүгүндөн баштап Кыяматка чейин силерге Жума намазын фарз кылды. Адилеттүү же заалым бир имамдын [башчынын, бийлөөчүнүн] заманында төмөн көрүп же ишенбей Жума намазынан баш тарткан адамдын эки жакасы бирикпесин!Мындай адам тообо кылбаса анын намазы, зекети, ажылыгы жана эч бир ибадаты кабыл болбойт.” [Ибни Мажа]

"Аллахка жана акырет күнүнө ишенген адам Жума намазына барсын.” [Табарани]

"Жума намазын окубаган адамдын жүрөгү мөөрлөнөт [жакшылык кыла албай турган болуп калат], гафил болот.” [Тирмизи]

"Жума намазына баратканда буттары чаң болгон адамга Тозоктун оту харам болот.”[Тирмизи]

"Жума намазынан кийин жети жолу Ихлас жана муаввизатайнды [Фалак менен Нас сүрөлөрүн] окуган адамды Аллаху таала бир жума кырсыктан, балээден, жаман иштерден коргойт.” [Ибни Сунни]

"Чоң күнөө кылбаса беш маал намаз менен Жума намазы келерки Жумага чейин кылынган күнөөлөргө кафарат болот.” [Муслим]

Сафари болгон адамга Жума намазын окуу фарз эмес, окуса фарз сообун алат. (Хиндиййа)

Жума намазы окулбаган өтө кичине айылдарда жана капыр мамлекеттерде жамаат менен бешим намазы окулат жана коомат айтылат. Жума намазы сахих болгон жерлерде бешимди жамат менен окуу жана коомат айтуу макрух болот. (Радд-ул Мухтар, Фатава-и Абдуррахим)

Абактагыларга Жума намазы фарз эмес. Бешим намазын жамаат менен окушса болот.

Жума намазы бир гана эркектерге фарз. Бул тууралуу хадистерден экөөсү төмөндөгүдөй:

"Жума намазын окуу кул, аял, жаш бала, оорулуулардан башка ар бир мусулманга фарз.” [Хаким]

"Жумага келбеген эркектердин үйлөрүн жыксам деп ойлодум.” [Бухари]

Аялдардын Жума күнү бешим намазын үйлөрүндө окуу үчүн жамааттын мечиттен чыгуусун күтүүсү шарт эмес. (Хидайа)

3 – Жума күнү орозо кармоо мустахаб. Хадиси шарифтерде айтылды:

"Жума күнү орозо кармаган адамга он акырет күнү орозо кармагандын сообу берилет.” [Бухари]

Айрым аалымдар бир гана Жума күнү орозо кармоо макрух. Хадиси шарифтерде айтылды:

"Жалгыз Жума күнү гана орозо кармабагыла! Бир күн мурда же кийинки күнү дагы кармагыла.” [Бухари]

"Сүннөт жана макрух экендиги билдирилген бир ишти кылбаш керек! Ошондуктан, Жума күнү орозону Бейшемби же Ишемби күнү дагы кармаш керек!” (Радд-ул-Мухтар)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш