Ислам дини » Ыйык түндөр » Хижри Жаңы Жыл




Хижри Жаңы Жыл


Суроо: Хижри Жаңы Жыл деген эмне?

ЖООП
Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам милади 571-жылы 20-Апрелге туш келген Рабиул-аввал айынын  12, Дүйшөмбү таңы Меккеде дүнүйөгө келди. 622-жылы Меккеден Мединага хижрат кылды (көчтү). 20-Сентябр Дүйшөмбү күнү Мединанын Куба айылына келди. Бул күн мусулмандардын Шамси жаңы жылы болду. Ал жылдын Мухаррем айынын биринчи күнү болсо хижри [камери] жаңы жыл болду. Мухаррем айынын биринчи түнү [б.а., бул түнмусулмандардын жаңы жыл түнү. Ай көрүнбөдү деп жаңы жыл күнү өзгөрбөйт. Хижри айдын 7-чи түнү Ай жарым табактай болуп, 14-чү түнү болсо тегерек болуп толгон Ай болот. Себеби, Сеадети Эбедиййе китебинде мыйндай делет:

"Эсептер камери айдын башталган убагын табуу үчүн эмес Ай көрүнүшү мүмкүн болгон түндү билүү үчүн. Айдын чыгуусу көрүү менен эмес эсеп менен болот жана эсеп сахих болуп, Ай болсо эсеп билдирген түнү чыгат."

Хижри айлардын башталуусунда Айдын байкоо салынуусу негиз деп алынса жана ар айдын башында аба ырайы булутту болгондуктан же башка себеп менен Ай көрүнбөсө ошондо Хижри айлар жана жылдар дагы узарган болот. Динибиз Рамазан айы жана айт майрамдары үчүн Айдын байкоо салынуусун буюрууда. Калган айлар үчүн мындай нерсе жок.


Бул түндө ибадат кылып, урмат көрсөтүү керек. Урмат көрсөтүү күнөө иш кылбоо менен болот. Зилхижжанын акыркы күнү жана Мухарремдин биринчи күнү орозо кармаган адам ал жылды толугу менен орозо кармап өткөргөн сыяктуу соопко жетет. Бир хадиси шарифте: «Рамазандан кийин эң фазилаттуу орозо - Мухаррем айында кармалган орозо», - делген.

Исламияттан мурда араптар Мухаррем айында согушууну каалашканда ал жыл Мухаррем айынын атын кийинки айга коюшуп, кийинки айдын атын Мухаррем айына тагышчу. Ушундайча харам ай Мухарремден кийинки ай болуучу. Тообо сүрөсүнүн 37. Аяти каримасы айлардын ордун алмаштырууга тыюу салды.

Курани каримде билдирилген жана динде колдонулган Араби айлардын бир жылы бир күн жылынан он күн кыска. Хижри камери айлар хижри шамси жана милади айларга карата он күн мурда келүүдө. Ошондуктан, мусулмандардын мубарек күндөрү же түндөрү шамси жылдарга карата ар жыл он күн мурда болот, себеби, мубарек күндөр Күн айларына карата эмес камери (Ай) айларга карата кылынат. Динибиз мына ушундай буюрууда.

Исламиятта Күн жылынын айлары ичинде саналуу мубарек күн жок. Пайгамбарыбыздын туулган күнү [мавлид түнүжана мубарек түндөр хижри жыл менен куттукталат. Бардык ибадаттарда жана диний иш чараларда камери айлар негиз кылып алынат. Ажылык, орозо, курмандык жана Айт күндөрү камери айларга карата белгиленет. Ажылыкты Аллаху таала билдирген Зилхижжа айында кылбастан милади бир айда, мисалы, Январда кылуу, орозону Рамазанда эмес Февралда кармоо динди өзгөрткөндүк болот. Бардык ыйык түндөр дагы камери айларга карата белгиленет. 

Хижри жаңы жыл

Мусулмандар жаңы жыл түндөрү мусафаха кылышып (кол алышып), телефон менен же кат жазып куттукташат. Бири-бирин зыярат кылышып, белек алышып-беришет. Жаңы жылды газета журналдарда жарыялап куттукташат. Жаңы жылдын бири-бирине жана бардык мусулмандарга жакшылык жана берекелүү болуусу үчүн дуба кылышат. Улууларды, туугандарды, аалымдарды үйлөрүнө барып зыярат кылышып, бата дубаларын алышат. Бүгүн майрам сыяктуу таза кийинип, кедейлерге садага беришет. Мухарремдин биринчи он күнү жана түнү мубарек күн жана түндөр болуп эсептелет.

Мухаррем айынын биринчи күнү жана Ашура күнү окула турчу дуба:

Хадиси шарифте мындай делинген:

"Кимде ким Мухаррам айынын алгачкы күнү төмөндөгү дубаны 3 жолу окуса Аллаху таала ал адамды келерки Мухаррам айына чейин бардык балээ-жалаадан сактайт:

Алхамдулиллахи Раббил'л-алемин.

Вассалату вассаламу ала сеййидина Мухаммедин ва ала алихи ва сахбихи ажмаин.

Аллахумма анта'л-абадиййу'л-кадим, ал-хаййу'л-каримал-ханнан, ал-меннан. Хазихи сенетун жадидатун. Ас'алука фихе'л-ысмете минашшайтанирражимвал авна ала хазихиннафси'л-аммарати биссуи ва'л-иштигале бима йукаррибуни илайка, йа за'л-жалали ва'л-икрам, бирахматика йа архамаррахимин. Ва саллаллаху ва саллама ала сеййидина ва набиййина Мухаммедин ва ала алихи ва сахбихи ва ахл-и байтихи ажмаин."


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш