Шабан айы


Динибиз тарабынан билдирилген ыйык айлардын экинчиси - Шабан айы. Аллаху таала кулдарына өтө мээримдүүлүк кылгандыгы үчүн, жада калса, эненин баласына деген мээриминен да артык мээримдүү болгондугу үчүн кээ бир күндөр менен кээ бир айларды касиеттүү кылган.

Бул ыйык айлар менен күндөрдөгү ибадаттарга, жакшылыктарга өтө көп сооп бере тургандыгын билдирген. Ошондуктан, бул күндөрү тообо кылып, истигфар айтуу керек, дуба кылып, жалбаруу керек, бул күндөрдү чоң мүмкүнчүлүк деп билүү керек.

Биз үчүн чоң мүмкүнчүлүк болгон касиеттүү айлардын бири - Шабан айы. Аллаху таала Шабан айын Пайгамбарыбызга таандык кылган. Хадиси шарифтерде бул айдын маанилүүлүгү мындайча билдирилген:

"Шабан шариф менин өзүмө таандык болгон ай. Аллаху таала Арштын периштелерине мындай деп буюрат: "Эй, менин периштелерим, көрдүңөрбү, менин кулдарым Хабибимдин (сүйүктүүмдүн) айына кантип таазим кылып урмат көрсөтүшүүдө! Улуулугумдун, кудиретимдин урматы үчүн мен да кулдарымды кечиримиме жеткирдим.”

"Шабан менин айым, Ражаб Аллаху тааланын айы, Рамазан айы болсо менин үммөтүмдүн айы. Шабан айы күнөөлөргө каффарат айы, Рамазан айы болсо күнөөлөрдөн арылуу айы болуп саналат.”

Шабан айында күчү жеткен, мүмкүнчүлүгү бар адамдын орозо кармоосу өтө чоң сооп экендиги билдирилген. Бирок, бул орозолорду кармаганда арамдан, күнөө кылуудан да бекем сактануу керек.

Тапкандарына өтө дыкат болуу керек, адал жол менен табуу керек. Бул айда орозо кармоого күчү жетпеген адамдын же оор жумушта иштегендердин Рамазан айына күч-кубат менен кирүүлөрү үчүн орозо кармабоолору жакшы болот. Анткени, Рамазан айынын орозосу парз. Напил орозо кармаймын деп парз орозону колдон чыгарып албоо керек.

Каза орозосу барлар бул айда кармай турган орозолоруна казага деп ниет кылуулары керек. Ошентип казасын өтөгөн болушат жана бул айда орозо кармоо сообун да табышат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш