Ислам дини » Ыйык күн жана түндөр » Касиеттүү үч айлар




Касиеттүү үч айлар


Бул айларга урмат көрсөтүү күнөөлөрдөн алыстоо жана ибадаттарды орундоо менен болот. Бул касиеттүү айларда убада кылынган соопторго жетүү үчүн баарынан мурда итикадды (ишенимди) түздөө керек. Илмихал маалыматтарын үйрөнүп, жашообузду мына ушуларга шайкеш абалга келтиришибиз керек. Көп тообо жана истигфар кылып, казага калган намаздардын казаларын дароо окуп баштоо керек. Ражаб айынын биринчи Жума түнү – Рагаиб түнү. Бул түнгө урмат кылгандар кечирилет. Ражаб айынын ар түнү кадырлуу. Ар Жума түнү дагы кадырлуу. Бул эки касиеттүү түн бирге келгенде андан да кадырлуу болууда.

Бир күнү Пайгамбарыбыз (алейхиссалам) Ражаб айындагы ибадаттардын пазилеттерин түшүндүрүп жаткан эле. Карыя бир киши: "Йа, Расулаллах! Ражаб айын толугу менен орозо кармап өткөрүүгө күчүм жетпейт”, - дегенде, Пайгамбарыбыз (алейхиссалам) мындай деп буюрду:

"Сен Ражаб айынын биринчи, он бешинчи жана соңку күндөрү орозо карма! Толук кармагандай соопко жетесиң. Себеби, сооптор он эселеп жазылат. Бирок, Ражаб-и шарифтин биринчи Жума түнүнөн гафил болбо!”

РАЖАБ АЙЫ: Касиеттүү төрт айдын бири. Бир аяти каримада: "Аллахтын асмандар менен жерди жараткан күндөн бери айлардын саны он эки. Булардын төртөө харам (касиеттүү) болгон айлар", - деп айтылган. (Тообо 36)

Хадис шарифтерде мындай деп айтылган:

"Харам (касиеттүү) айлар - Ражаб, Зүл-када, Зүл-хиджа жана Мухаррам." (Ибн Жарир)

"Бейиште ушундай бийик сарайлар бар, ага бир гана Ражаб айында орозо кармагандар кирет." (Дайлами)

"Аллаху таала Ражаб айында орозо кармагандарды кечирет." (Гунйа)

"Ражаб айынын башында бир күн, ортосунда бир күн жана аягында бир күн орозо кармаган адамга Ражаб айында толук кармагандай сооп берилет." (Мифтахул-жанна)

"Аллаху таала Ражаб айында жакшылыгын арттырат. Бул айда бир күн орозо кармаган адам бир жыл кармагандай соопко ээ болот. Жети күн орозо кармаган адамга Тозок эшиктери жабылат. Сегиз күн кармаган адамга Бейиштин 8 эшиги ачылат. Он күн кармаган адамга Аллаху таала каалаганын берет. Он беш күн орозо кармаганга бир кабарчы: "Өткөн күнөөлөрүң кечирилди", - деп айтат. Аллаху таала Нух алейхиссаламды Ражаб айында кемеге чыгарды. Ал дагы Ражаб айын орозо менен өткөзүп, жанындагылардын да орозо кармоолорун буйрук кылды." (Табарани)

"Ражаб айында такыбаалык менен бир күн орозо кармаган адам үчүн орозо кармалган күндөргө тил бүтүп: "Йа Раббим, аны кечир", - деп айтат." (Абу Мухаммед)

ШАБАН АЙЫ: Хадис шарифтерде мындай деп айтылган:

"Шабан ушундай барктуу ай, адамдар андан гафыл (кабарсыз) болушат. Бул айда амалдар ааламдардын Раббисине билдирилет. Мен да амалымдын орозо кармаган кезимде билдирилүүсүн каалаймын." (Насаи)

"Рамазандан кийинки эң барктуу орозо - Шабан айында кармалган орозо." (Тирмизи)

"Шабан айында үч күн орозо кармаган адамга Хак таала Бейиште бир орун даярдайт." (Аййухал валад илмихалы)

РАМАЗАН АЙЫ:  Бир хадиси шарифте мындай деп айтылган:

"Рамазан айы ыйык ай. Аллаху таала силерге Рамазан орозосун фарз кылды. Ал айда рахмат (ырайым) эшиктери ачылат, Тозок эшиктери жабылат, шайтандар байланат. Ал айда миң айдан да жакшыраак бир түн бар. Ал түндүн жакшылыгынан махрум (куру калган)калган, бардык жакшылыктан махрум калган деп саналат." (Насаи)

Суроо: "Ражаб айынын башында бир күн, ортосунда бир күн жана аягында бир күн орозо кармаган адамга Ражаб айында толук кармагандай сооп берилет" деп айтылат. Башы биринчиси, ортосу он бешинчиси, аягы отузунчусу деген сөзбү?

Жооп: Жок. Башында дегени ал айдын алгачкы күндөрү деген сөз. Ортосу - айдын ортосундагы күндөр дегенди билдирет. Аягы - айдын акыркы күндөрү дегенди билдирет.

Суроо: Касиеттүү үч айдын биринчиси - Ражаб айында орозо кармоо үчүн орозо таблицасын кайдан алууга болот?

Жооп: Сиздин кайсыл шаардан жазып атканыңызды билбейбиз, ар шаардын намаз жана орозо таблицалары ар түрдүү болот. www.namazvakti.com сайтына кирсеңиз анда "Шаарды издөө" деген жерде каалаган шаардын, айлык жана жылдык намаз убакыттарын жана орозо таблицасын ала аласыз. Атап айтканда, орозо кармай турган адам "имсак" убактысына чейин ооз жабууга тийиш жана "шам” убактысында ооз ачат.

Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш