Ислам дини » Ыйык түндөр » Мираж түнү




Мираж түнү


Ражаб айынын 27-түнү. Мираж "тепкич, баскыч” деген маанини билдирет. Расулуллах асманга чыгарылган, биз билбей турган жерлерге алып барылган түн.

Меккенин эли ыйман келтирбей, мусулман болгондорго көп азап кылган жылдар эле. Ошондуктан, Пайгамбарыбыздын көңүлү ооруган эле.

Бул окуя кезинде хижраттан бир жыл мурда, элүү эки жашта болчу. Зейд бин Харисти жанына алып, Таифке барат. Таиф калкына бир ай вааз-насыят айтып, ыйманга чакырат. Эч ким ыйман келтирбей, аны маскара кылышыт. Ыйык денесин жаралап, азап көрсөтүшөт. Өздөрүнө Аллахтан рахмат болуп келген улуу элчи "үммөтү” тарабынан таш баран кылынган. Алардан үмүтүн үзүп, чарчап, көңүлү ооруп кайра кайтып келе жатканда сүйүктүү Пайгамбарыбыздын буту жаракат алат. Зейддин башы кан болуп кетет. Ысык талаада, күч-кубатсыз абалда экөө жолдун четине барып отурушат. Ошол жердеги бактын ээси Рабиа уулдары бай Утба жана Шайба деген ага-ини Аддас деген кулу аркылуу аларга жүзүм берип жиберет.

Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) жүзүмдү жеп жатып "бисмиллах” деп айтат. Аддас (радиаллаху анх) ал кезде христиан эле. Аны угуп таң калат. "Канча жылдан бери бул жердемин, эч кимден мындай сөздү уккан жок элем. Бул кандай сөз?” - деп сурайт. Расулуллах: "Сен кайдан болосуң?” - дейт, Аддас: "Ниневаданмын”, - деп жооп берет.

Расулуллах: "Юнус алейхиссаламдын элинен турбайсыңбы?” - дейт. Аддас: "Сен Юнусту кайдан тааныйсың? Аны бул жерде эч ким билбейт”, - дейт. Расулуллах: "Ал менин бир боорум. Ал да мен сыяктуу пайгамбар болгон”, - дейт. Аддас: "Бул жылуу жүздүү, таттуу сөздүү адамдын калп айтуусу мүмкүн эмес. Мен сенин Аллахтын Расулу экендигиңе ишендим”, - деп мусулман болот. Анан: "Эй, Расулуллах! Канчалаган жылдар бою мына бул заалымдарга, жалганчыларга кулчулук кылып келем. Кожоюндарым элдин акысын жеп, аларды алдайт. Эч кандай жакшы касиеттери жок. Дүнүйөлүк жыйноо, кумарларын кандыруу үчүн эч кандай жамандыктан кайтышпайт. Аларды жек көрөм. Сиз менен бирге кетип, сизге кызмат кылып, акмактардын сизге карата урматсыздыктарына көкүрөгүмдү тоскум жана сизди жахилдердин зыяндарынан коргогум келет”, - дейт.

Расулуллах жылмайып: "Азырынча кожоюндарыңдын жанында кала тур! Көп убакыт өтпөй ысымымды ар жерде уга баштайсың. Ошол кезде жаныма кел”, - деп айтат. Кийин бир аз тыныгып, жаракаттарын таңат. Меккеге карай Зейд менен бирге жолго түшөт. Караңгы түшкөндө шаарга кирип барышат.

Ошол кездерде бир нече ай Меккеде мусулмандар үчүн эң оор замандар башталып, туш тарап душмандарга толгон эле. Бара турган жерлери да жок болчу. Ааламдарга рахмат кылып жиберилген Пайгамбар алейхиссалам агасы Абуталибдин кызы Умму-Ханинин үйүнө барат. Умму-Хани ал кездерде ыйманга келе элек болчу.

- Бул ким? - деп сурайт Умму-Хани.

- Агаңдын баласы Мухаммедмин (саллаллаху алейхи ва саллам). Конок болуп келдим,- дейт Расулуллах.

- Сиз сыяктуу туура сөздүү, ишенимдүү асыл конок үчүн жаныбыз курман болсун. Бирок, келе тургандыгыңызды алдын ала кабар бергениңизде бир нерсе бышырып коёр элем. Азыр бере турган эч нерсем жок - дейт Умму-Хани.

- Көңүлүмө эч нерсе чаппай турат, эч нерсе ичпейм. Раббиме ибадат кылууга, жалбарууга бир орун болсо жетет, - дейт Расулуллах.

Умму-Хани Расулуллахты ичкери киргизип, ага төшөк, чылапчын жана кумган берет. Келген конокту сыйлоо, аны душмандардан коргоо араптар үчүн эң жогорку милдет эле. Үйүндөгү конокко зыян тийсе үй ээси үчүн бул өтө чоң уят, шерменделик деп саналчу эле. Умму-Хани: "Мунун Меккеде душмандары көп, жада калса, өлтүрөйүн деп жүргөндөр да бар. Аны коргоо үчүн таңга чейин үйдүн тегерегин көзөмөлдөп, кайтарайын”, - деп ойлоп, атасынын кылычын колго алып үйдүн айланасын тынымсыз көзөмөлдөйт.

Расулуллахтын ошол күнү көңүлү өтө ооруган эле. Даарат алып, Раббине жалбарып, кечирим сурап, кулдарынын ыйман келтирүүсү, түбөлүк бакытка ээ болуулары үчүн дубаларды окуй баштайт. Өтө чарчаган, курсагы ачка, кайгылуу эле. Төшөктүн үстүнө жатып, уктап калат. Ошол кезде Аллаху таала Жабраил алейхиссаламга: "Сүйүктүү Пайгамбарымды катуу таарынттым. Ушуга карабай, дагы да Мага жалбарып жатат. Менден башка эч нерсени ойлобойт. Бар, сүйүктүүмдү алып кел! Бейишти, Тозокту көрсөт. Анын өзүнө жана аны сүйгөндөргө даярдалган ниматтарымды көрсүн, ага ишенбегендерге, аны таарынткандарга даярдалган азаптарымды көрсүн. Анын көңүлүн көтөрөмүн. Анын назик көңүлүнүн жарасын мен айыктырам”, - дейт. Жабраил алейхиссалам бир заматта Расулуллахтын жанына келет. Ал таттуу уйкуда жаткан эле. Түртүп ойготууга батына албады. Ал адам сүрөтүндө келген эле. Расулуллахтын бутунун астын өөп ойготот. Пайгамбарыбыз "саллаллаху алейхи ва саллам” Жабраил алейхиссаламды таанып: "Эй, Жабраил бир боорум! Беймезгил убакытта эмнеге келдиң? Же болбосо, ката кетирип, Раббимди таарынттымбы? Мага жаман кабар алып келдиңби?” - деп сурайт. Жабраил: "Эй, бардык жаратылгандардын эң жогорусу! Раббиң сага саламын жолдоду. Эч бир пайгамбарына бербеген ниматын сага берди. Ал сени чакырды, тур, кетебиз”, - дейт. Ошентип, экөө Каабанын жанына барышты. Ошол жерде бирөө келип, Пайгамбарыбыздын көкүрөгүн жарып, жүрөгүн чыгарды. Аны замзам суусу менен жууп, кайра ордуна койду. Анан Бейиштен келген Бурак деп аталган ак түстүү жаныбарга минип, бир заматта Кудустагы (Иеруссалим) Масжиди Аксага келди. Жабраил алейхиссалам чоң ташты бармагы менен тешип, Буракты ошол жерге байлады. Өткөн пайгамбарлардын кээ бирлеринин рухтары адам сүрөтүндө ошол жерге жыйналышкан болчу. Жамаат болуп намаз окуу үчүн Адам, Нух, Ибрахим пайгамбарлардан имам болууларын кезек менен сурады. Алардын эч бирөөсү кабыл кылбады, кечирим сурап, айыптуу экендиктерин айтышты. Жабраил алейхиссалам Аллахтын сүйүктүүсүн алдыга тартты: "Сен бар кезде башка адам имам боло албайт”, - деп айтты. Намаздан кийин мечиттен чыгып, белгизиз бир Мираж (көтөрүлүү) менен бир заматта жети кат асмандан өттү. Ар бир кат асманда бир улуу пайгамбарды көрдү. Жабраил алейхиссалам Сидрада калды: "Эми илгери жүрсөм күйүп, жок боломун”, - дейт. Сидратул Мунтаха – алтынчы кат асмандагы чоң дарак. Расулуллах Бейишти, Тозокту, дагы башка жерлерди көрүп, "рафраф” деген Бейиштин килемине отуруп, күрсү, арш жана рух ааламдарынан өтүп, айтып түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон бир абалда Аллаху таала каалаган бийиктиктирге көтөрүлдү. Мекенсиз, убакытсыз, багытсыз, сыпатсыз түрдө Аллаху тааланы көрдү. Көзсүз, кулаксыз, багытсыз, ортоксуз Рабби менен сүйлөштү. Анан бир заматта Кудуска, ал жерден Меккеге Умму-Ханинин үйүнө келди. Жаткан жери дагы эле жылуу, идиштеги даарат суусу дагы эле кыймылдап турган эле. Сыртта жүргөн Умму-Хани уктап калган болчу. Ал эч нерсени сезген жок эле. Эртең менен туруп, Каабанын жанына барып, Мираж тууралуу айтып берет. Аны уккан капырлар аны мазакташып: "Мухаммед акылынан адашыптыр”, - деп айтышты. Мусулман болууга ниеттенип жүргөндөр да бул ниеттеринен кайтышты. Капырлардан кээ бирлери кубанып, Абу Бакр Сыддыктын (радиаллаху анх) үйүнө барышты. Анткени, анын акылдуу, тажрыйбалуу жана абройлуу соодагер экенин билишчү эле. Алар: "Эй, Абу Бакр! Сен Кудуска көп барасың. Меккеден Кудуска барып келүү үчүн канча убакыт керек?” - деп сурашат. Абу Бакр: "Бир айдан көп”, - дейт. Капырлар кубанып: "Акылдуу адамдын сөзү мына ушундай болот”, - дешет. "Сенин досуң Кудуска бир түндө барып келдим дейт”, - деп, Абу Бакрга урмат көрсөтүшөт.

Абу Бакр (радиаллаху анх) Расулуллахтын атын угар замат: "Ал айткан болсо, туура айткан, мен ага ишенемин! Бир заматта барып келген!” - деп жумушун уланта берет. Капырлар эмне болгонун түшүнбөй калышат. Анан: "Эй, Мухаммед, кандай гана сыйкырчысың, Абу Бакрды да сыйкырлап салыптырсың”, - дешет.

Абу Бакр дароо эле кийинип, Расулуллахтын жанына барат. Калың элдин арасында туруп: "Эй, Расулуллах! Миражыңыз куттуу болсун! Аллаху таалага чексиз шүкүр. Бизге сиз сыяктуу улуу Пайгамбарга кызмат кылууну насип кылды. Сиздин нурдуу жүзүңүздү көрүүнү жана көңүлдү ала турган сөздөрүңүздү угууну насип кылды. Эй, Расулуллах, сиздин бардык сөзүңүз чын, акыйкат. Мен ишенемин. Жаным сиз үчүн курман болсун”, - дейт. Абу Бакрдын сөзүнө капырлар таң калышат. Айтууга сөз таппай, тарай башташат. Күмөнү бар, ыйманы начар адамдардын жүрөгүнө ишеним жайгашты. Расулуллах ошол күнү Абу Бакрга "Сыддык” деген ысым берди.

Капырлар бул жагдайдан улам аябай жинденишет. Момундардын күчтүү ыйманына, Пайгамбардын бардык сөзүнө дароо эле ишенгендигине чыдап туралбаган капырлар Расулуллахты жеңүү үчүн аны сынап, суроо сурай башташты: "Эй, Мухаммед (алейхиссалам)! Кудуска бардым деп айтып жатасың. Айтчы, мечиттин канча эшиги, канча терезеси бар?”. Ал бардык суроолорго жооп берип турганда Хазрети Абу Бакр: "Ооба ушунадай, эй, Расулуллах”, - деп тастыктап турду. Ал эми, Расулуллахтын адептүүлүгү ушунчалык эле алдындагы адамдын бетине тике карачу эмес. Кийин өздөрү бир хадиси шарифинде: "Мечит Аксада айланамды караган эмес элем. Алардын сураган нерсесин көргөн эмесмин. Ошол кезде Жабраил Масжиди Аксаны көзүмүн алдына алып келди. Ошону көрүп, санап, суралгандарга жооп бердим”, - деген. Анан ал жолдо төөлөр менен жолчуларды көргөнүн, бир төөнүн коркуп кетип кулаганы тууралуу айтып: "Иншаллах, Шаршемби күнү келип калышаар”, - дейт. Шаршенби күнү күн батарда кербен Меккеге кирип келет. Алар катуу добул ургандай болгонун, чынында эле бир төөнүн кулаганын айтышат. Бул абал мусулмандардын ыйманын күчтөндүрдү. Капырлардын душмандыгын көбөйттү. "Рух-ул-байан” тафсиринде "Тафсири Хусейни”  ден алынган бөлүмдө жана "Бахр” китебинде имамдык тууралуу айтылган бөлүмдө "Расулуллахтын Меккеден Байтул-Мукаддаска (Иеруссалимдеги Масжид-ул-Акса) алып барылганына ишенбеген адам капыр болот. Асмандарга жана бизге белгисиз болгон жерлерге алып барылгандыгына ишенбеген адам болсо бидатчы болот”, - деп билдирилген.

Суроо: Мираж түнүн кантип өткөрүү керек

ЖООП

Мираж түнүн ибадат менен, күндүзүн болсо орозо менен өткөрүү керек. Эки хадиси шарифтин мааниси мындай:

"Мираж түнү жакшы амал кылган үчүн жүз жылдык сыйлык бар.” [И.Газали]

"Ражабдын 27.күнү орозо кармаганга 60 жылдык орозо сообу берилет.” [И.Газали]

Жума күнү жалгыз кылып бир күн орозо кармоо кээ бир аалымдардын пикиринче махрух. Ишемби күнү орозо кармоо болсо бардык аалымдардын пикирлери боюнча макрух болгондуктан бул мубарек күн Жумага туш келгенде орозону Бейшемби же Ишемби күндөрү менен бирге кармоо жакшы болот. Ишемби күнүнө дал келип кала турган болсо Жума менен Ишемби же Ишемби менен Жекшемби күнүн кошуп кармоо керек.

Бул түнү каза намаздарды окуу керек, Курани карим окуп, дуба, тообо истигфар кылып, садага берип мусулмандарды кубантып, булардын соопторун өлгөндөрүнө багыштоо керек!

Дайыма туура ыйман ээси болууга, фарздарды аткарып, харамдардан качууга, тообо кылып, фарз карыздарын өтөөгө аракет кылуу керек! Булардын бардыгын аткаруу илим үйрөнүү менен болот. Илмихал маалыматтары эң баалуу илим болуп эсептелет. Хадиси шарифте айтылды:

"Түнү бир маал илим менен алектенүү түнү бою таңга чейин ибадат кылуудан баалуу.” [Абу Нуайм]

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш