Зилхижжа
айынын 8-чи күнү Тарвия күнү
деп аталат. Ал күнү ажылар Меккеден Минага чыгышат. Тарвия деп айтылуусунун
себеби ажылар ал күнү Замзам суусунан көп ичип канууларынан болуп саналат.
Тарвия тафаккур (ойго батуу) деген мааниде дагы колдонулат.
Ибрахим
алейхиссалам Зилхижжа айынын 8-чи
түнү түшүндө "Өз уулун мууздап жаткан абалда” көрдү. Таң атканда "Түш
шайтанданбы же Аллахтанбы” деп тарвия жана тафаккурга чөмүлүп, ал күндү
тафаккур менен өткөрдү. Арафа түнү болгондо өзүнө: "Буйрук
кылынган нерсеңди орунда!” – деп буюрулганда Аллаху тааладан экендигин билди. Билгендиги үчүн ал күн "билүү” деген маанидеги Арафа деп аталды. Арапа -
Зилхижжа айынын 9-чу
күнү. Башка күндөр Арапа деп аталбайт.
Хадиси
шарифтерде айтылды:
"Бир
мусулман Тарвия күнү (Арапа күнүнөн мурдагы күн) орозо
кармаса жана күнөө сөз сүйлөбөсө
Аллаху таала аны, албетте, Жаннатка киргизет.”
"Ырайым
эшиктери 4 түнү ачылат. Ал түндөрдө кылынган дуба, тообо артка кайтарылбайт.
Рамазан жана Курман айттын 1-чи
түндөрү, Бараат түнү жана Арапа түнү.”
Суроо: Курмандык
чалуунун мааниси кандай?
ЖООП
Курмандык
нисабына ээ болгон адамдын эч себепсиз курмандык чалбоосу күнөө болот.
Курмандык чалуусу важиб болуп турса дагы ичинде жашап жаткан адамдар курмандык чалбаган үй кайгы менен ээсине жаман дуба кылып: "Курмандык чалбаганыңдай Жанабы Аллах дагы сага жакшылык жасоону насип кылбасын!” – дейт.
Ал үй ошол жылы балээлерге дуушар болот. Курмандык чалган адамдын үйү болсо
ыраазы болот, ээсине жакшы дуба кылат. Бул жагынан алып караганда курмандык чалууну
нимат деп билүү керек! Курмандык чалган мусулман өзүн Жаханнамдан азат кылган
болот. Хадиси шарифтерде айтылган:
"Сараңдардын
эң жаманы - [важиб болгонуна карабай] курмандык чалбаганы.” [С.Абадиййа]
"Алы-жагдайы
болуп туруп курмандык чалбаган адам биз намаз окуган жерге келбесин!” [Хаким]
"Сооп
үмүтү менен курмандык чалган адам Жаханнамдан сактанат.” [Таберани]
Миң Ихлас
окууда
Суроо: Хадиси
шарифте: "Арапа күнү [Бисмиллах менен] миң Ихлас
окуган адамдын күнөөлөрү кечирилип, дубалары кабыл болот”, - деп айтылган.
Муну окуп жатканда зарылчылык менен ортодо сүйлөсө же башка бир иш кылгандан
кийин окууну улантса зыяны жокпу?
ЖООП
Жок, эч нерсе
болбойт. Арты-артынан окуу шарт эмес. Мисалы, бир бөлүгү таңдан кийин, бир
бөлүгү бешимден же асырдын кийин да окулса болот.