Арапа күнү - Курман айттын биринчи күнүнөн
мурдагы күн. Арапа түнү болсо - Арапа күнү менен Курман айттын
биринчи күнүнүн арасындагы түн. Ар ыйык түнгө болгон сыяктуу бул түнгө дагы
урмат көрсөтүү зарыл.
Арапа күнү кылына турган иштердин
айрымдары төмөндөгүдөй:
1 – Арапа күнү багымдат намазынан баштап Курман айттын
төртүнчү күнү аср намазына чейин эркек-аял ар ким жамаат менен окусун же жалгыз
окусун, 23 убакыт парз намаздардан кийин салам берип "Аллхумма
антассалам...” деп айтуудан мурда бир жолу важиб болгон ташрик такбирин айтуусу
керек. Тактап айтканда, "Аллаху акбар, Аллаху Акбар, Ла илаха
иллаллаху, Валлаху акбар, Аллаху Акбар ва лиллахил-хамд” делет.
Мечиттен чыккандан кийин же башка нерсе сүйлөгөндөн кийин ташрик такбирин окуу
зарыл эмес. (Халаби)
2 – Зилхижжа айынын 9чу күнү орозо кармоо өтө сооп.
Бирок, Арапа күнү кармаса андан да көп сооп болот. Хадиси шарифтерде мындай деп
айтылды:
"Арапа күнү орозо кармаган адамга
Адам алейхиссаламдан Сур’а үйлөгөн күнгө чейин жашаган бардык адамдардын эсеби
канча болсо андан эки эсе көп сооп жазылат.” [Р. Насыхин]
"Арапа күнү орозо кармаган адамга
Адам алейхиссаламдан Сур’а үйлөгөн күнгө чейин жашаган бардык адамдардын эсеби
канча болсо андан эки эсе көп сооп жазылат.” [Р. Насыхин]
"Арапа күнү кармалган орозо миң
күн [нафил] орозого барабар.” [Табарани]
"Арапа күнү кармалган орозо эки миң
кулду азат кылууга, эки миң төөнү курмандыкка чалууга жана Аллахтын жолунда
жихад үчүн берилген эки миң атка барабар.” [Т. Гафилин]
"Арапа күнү [Бисмиллах менен] миң Ихлас окуган
адамдын күнөөлөрү кечирилип, дубасы кабыл болот.” [Абу-ш-шайх] (Баарын
Бисмиллах менен окуу керек.)
"Арапа күнүнөн артык бир күн жок. Ал
күнү Аллаху таала жер бетиндеги кулдары менен сыймыктанып, көктөгүлөргө: "Эй, асман эли! Кулдарымды карагыла,
ырайымыма жетүү жана азабыман качуу үчүн алыс жерлерден келишти...”, –
деп айтат. Арапа күнү Тозоктон ушунчалык көп кул азат болот; башка күндөрдө
анчалык азат болбойт.” [Гунйа]
"Арапа күнү кармалган орозо өткөн
жана келерки жылдын күнөөлөрүнө кафарат болот.” [Муслим]
"Шайтан Арапа күнүнөн башка заманда
андан да жаман, маскара, пас жана кектүү көрүнбөйт.” [И. Малик]
"Аллаху таала Арапа күнү кулдарына
назар салат. Кымындай
ыйманы бар адамды кечирет.” [Гунйа]
"Арапа түнү ибадат кылган адам
Тозоктон азат болот.” [С. Абадиййа] (Ибадат катары илим үйрөнүү эң пайдалуусу. Илмихал окуу
аркылуу эң ылайыктуу илим үйрөнгөн болобуз.)
"Дубанын пайдалуусу - Арапа күнү
кылынган дуба.” [Байхаки]
"Арапа күнүн урматтагыла! Арапа Аллах
тарабынан баркталган күн.” [Дайлами]
"Арапа күнү кулагына, көзүнө жана
тилине ээ болгон адам кечирилет.” [Табарани]
Кулагына ээ
болуу – ушак, музыка сыяктуу харам болгон нерселерди тыңдабоо. Өзү каалабай
кулагына угулуп калса күнөө болбойт. Көзүнө ээ болуу – харам болгон нерселерди
карабоо жана караган мубах нерселерден сабак алуу. Тилине ээ болуу болсо –
жалган сүйлөбөө, ушак айтпоо, сөз ташыбоо, жаман сөз айтпоо, атүгүл, пайдасыз нерселерди сүйлөбөө, эч
кимди таарынтпоо. Буларды сактаган адам Арапа күнүн орундаган болот.
Арапа түнү
Арапа түнү - Арапа күнү менен Курман айттын
биринчи күнүнүн арасындагы түн. Хадиси шарифтерде айтылды:
"Ырайым эшиктери төрт түндө ачылат.
Ал түндөрү кылынган дуба кайтарылбайт. Рамазан жана Курман айттын биринчи түнү,
Барат жана Арапа түнү.” [Исфахани]
"Төрт түндүн күндүзү да түнү сыяктуу
фазилаттуу. Аллаху таала ал күндөрдө дуба кылган адамдын тилегин артка
кайтарбайт, аларды кечирет жана алар бул күндөрдө мол ихсанга ээ болушат. Алар:
Кадыр түнү, Арапа түнү, Барат түнү, Жума түнү.” [Дайлами]
"Арапа түнү ибадат кылган адам
Тозоктон азат болот.” [С. Абадиййа]
Арапа күнү орозо
Суроо: "Арапа күнү дагы мусулмандардын майрамы
болгондуктан орозо кармалбайт, себеби, Арапа күнү орозо кармоого тыюу салынган
хадис бар”, - деп айтылууда. Мындай хадис барбы?
ЖООП: Хазрети Абу Хурайра: "Расулуллах Арапатта
Арапа күнү орозо кармоого тыюу салды”, - деп билдирүүдө. Ибни Абидин
хазреттери бул хадиси шарифтин түшүндүрмөсүндө мындай дейт:
"Арапа күнү ажынын орозо кармоосу Арафатта
вакфага турууга жана дубаларга тоскоол болбоо шарты менен мандуб болот
[мустахаб, б.а., жакшы болот]. Орозо кармоо алын кетире турган болсо, ошондо
гана макрух болот.” (Радд-ул-мухтар)
Белгилүү болгондой, Арафатта болуп, орозо кармай
албагандар үчүн Арапа күнү орозо кармоонун макрух болушу бардык адамдар үчүн
эмес. Арапа күнү орозо кармоо абдан сооптуу.
Арапа күнү миң Ихлас окуу
Суроо: Арапа күнү окулушу керек болгон миң Ихласты
убагында окуй албаган адам кечинде дагы окуса болобу?
ЖООП: Ооба, окуса болот. Арапа жана Курман айт
күндөрүнүн түндөрү башка ыйык түндөр сыяктуу эмес. Ошол эле күндүн түндөрү
болуп саналат. Түн жана күндүзү менен бирге болгон 24 саат күн деп аталат. Миң
Ихлас окууга жетише албаган адам ошол күнү кечинде да улантса болот.
Ташрик такбирлери
Арапа күнү багымдат намазынан баштап Курман айттын төртүнчү күнү аср
намазынын аягына чейин 23 убакытта эркек жана аялдардын (аялдар акырын окушат) парз
намаздардан кийин салам берип "Аллахумма антассалам...” деп айтуудан мурда
такбир-и ташрикти окуулары важиб. Ташрик такбири төмөндөгүдөй:
"Аллаху акбар, Аллаху Акбар, Ла илаха
иллаллаху, Валлаху акбар, Аллаху Акбар ва лиллахил-хамд”.
Парз намаздардан башка айт күндөрү жана айт
күндөрүнө дал келген жума намаздардан кийин дагы окулат. Мечиттен чыккандан
кийин же башка нерсе сүйлөгөндөн кийин окуу зарыл эмес.