Ислам дини » Ыйык түндөр » Зул-хижжа айынын пазилети




Зул-хижжа айынын пазилети


Суроо: Зул-хижжа айы тууралуу маалымат бересизби?

ЖООП

Курман айт боло турган ай Зул-хижжа айы деп аталат. Зул-хижжа айынын алгачкы он күнүндө кылынган ибадаттардын кадыры өтө жогору болуп саналат. Бул жөнүндө хадиси шарифтерде мындай деп айтылат:

«Зул-хижжанын алгачкы он күнүндө кармалган орозо – бир жыл орозо тутууга, бир түнүн ибадат менен өткөрүү – кадыр түнүн ибадат менен өткөрүүгө барабар.» (Ибн Мажа)

«Зул-хижжа айынын алгачкы 10 түнүндө кылынган ар бир ибадатка 700 эсе артык сооп жазылат.» (Байхаки)

«Тарвия күнү (арападан бир күн мурун) орозо тутуп жана күнөө сөз сүйлөбөгөн мусулманды Аллаху таала Жаннатка жиберет.» (Рамуз)

«Зул-хижжанын алгачкы тогуз күнүндө орозо туткан адам ар күнү үчүн адал мал-мүлкүнөн 100 кул азат кылган, же Аллах жолундагы мүжахиддерге 100 ат берген, же каабага курмандыкка чалууга 100 төө жиберген адамдын сообун алат.» (Р.Насихин)

«Зүл-хижжа айынын алгачкы он күнүнүн баалуулугу миң күнгө тең, Арапа күнү болсо он миң күнгө тең.» (Байхаки)

«Аллахтын алдында зул-хижжанын алгачкы 10 күнүндө кылынган ибадаттардан өткөн арыткчылык жок. Бул күндөрү тасбихти (Субханаллах), тахмидди (алхамдулиллах), тахлилди(Ла илаха иллаллах) жана такбирди (Аллаху акбар) көп айткыла!» (Табарани)

Сахабалар: «Йа Расулаллах, бул айдын алгачкы күндөрү кылына турчу амалдар Аллах жолундагы жихаддан да баалуубу?» - дешкенде Пайгамбарыбыз: «Ооба, жихаддан да баалуу болот. Бирок, жанын, малын аябай согушка барып шейит болгон адамдын жихады өтө баалуу болот», - деп жооп берген. (Бухари)

Хазрети Абуддарда мындай дейт:

Зул Хижжа айынын алгачкы тогуз күнүндө орозо кармоо керек, көп садага берүү кажет жана көп дуба, истигфар кылуу керек! Анткени, Расулуллах алейхиссалам: «Бул он күндүн ийгилиги менен берекесинен куру калган адамга убал болсун», - деп буюрду. Зул хижжанын алгачкы 9 күнүндө орозо кармаган адамдын өмүрү берекелүү болот, мал-мүлкү көбөйөт, бала-чакасы балээлерден корголот, күнөөлөрү кечирилет, жакшылыктарына көп эсе сооп берилет, өлөөрдө жанын жеңил тапшырат, кабыры жарык болот. Жаннатта жогору даражаларга жетет. (Шира)

Ар аптада чач, сакал, тырмак алуу сүннөт болуп саналат. Хазрети Ибни Абидин: «Зул Хижжа айынын алгачкы он күнүндө бул сүннөттөрдү кечиктирүү керек. «Курмандык чала турган адам Зул Хижжа айы киргенде чачын жана тырмагын албасын» деген хадиси шариф буйрук эмес. Б.а., бул амалдарды курмандык чалганга чейин кечиктирүү мустахаб болуп саналат», - деген. Курмандык чала турчу адамдын Зул хижжа айынын биринчи күнүнөн баштап курмандык чалганга чейин чачын, сакалын, мурутун жана тырмагын албоосу мустахаб болот, бирок, важиб эмес. Алса күнөө болбойт жана курмандыгынын сообу азайбайт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш