Ислам дини » Ыйык түндөр » Рамазан Айт майрамы




Рамазан Айт майрамы


Айт майрам күндөрүнүн пазилети чоң. Рамазан айынын акыркы күнү менен Орозо айттын биринчи күнүнүн ортосундагы түн Орозо айт түнү деп аталат.

Хадиси шарифтерде айтылган:

"Рамазан жана Курман айттын түндөрүндө ибадат кылган адамдын көңүлү башка көңүлдөр өлгөн күнү өлбөйт.” [Ибни Маже, Таберани]

"Ырайым эшиктери төрт түнү ачылат. Ал түндөрдө кылынган дуба, тообо кайтарылбайт. Орозо айттын жана Курман айттын биринчи түндөрү, Бараат түнү жана Арафа түнү.” [Исфахани]

"Мына бул беш түнү кылынган дуба артка кайтарылбайт. Регаиб түнү, Бараат түнү, Жума түнү, Рамазан жана Курман айттын түнү.” [Ибни Асакир]

Айт күнү эрте туруу, гусул алуу, мисвак колдонуу, жыпар жыт себинүү, жаңы жана таза кийим кийүү, жүзүндө кубанычын билдирүү, шакек тагуу, кезигишкен момундарга жарык жүз менен салам берүү, кедейлерге көп садага берүү, Исламиятка туура кызмат кылгандарга жардам берүү, таарынышып жүргөндөрдү элдештирүү, бир тууган, дин бир туугандарды зыярат кылуу, аларга белек алып баруу – сүннөт. Майрам түндөрү ибадат кылган адам чоң бакытка ээ болот. Бир хадиси шарифтин мааниси мындай:

"Айт майрам түндөрү ибадат кылган адамдын көңүлү көңүлдөр өлгөн күнү өлбөйт.” [Таберани]

Рамазан майрамында Айт намазынан мурда таттуу жеш, хурма жеш, хурманы 1,3,5 кылып так санга маани берип жеш - сүннөт. Хадиси шарифте айтылган:

"Аллаху таала бир, бирге маани бергенди сүйөт.” [Бухари]

Майрам күндөрү кубануу керек. Хазрети Абу Бакр кызы Аиша энебиздин үйүнө барганда эки жариянын даф чертип ойноп жатышкандыгын көрөт. Ансар-ы кирамдын каармандыктарын мактап, дастан айтып жатышкан эле. Хазрети Абу Бакр Расулуллахтын үйүндө мындай нерсенин кылынуусунун ылайык эместигин билдирип, аларга токтоткула дейт. Тойлордо жана майрамдарда аялдардын даф чертүүлөрү жаиз болгондугу үчүн Пайгамбарыбыз алейхиссалам Хазрети Абу Бакрга: "Аларга тоскоол болбо! Ар коомдун бир майрамы бар, бул болсо биздин майрамыбыз. Майрам – сүйүнүчтүү күндөр”, - деп буюган. (Бухари)

Таарынычта болгондордун майрамды күтпөстөн дароо элдешүүлөрү керек. Аллаху тааланы жана Пайгамбарыбызды сүйгөн адам адамдардын кемчиликтерине карабайт, аларга карата сабырдуу болот. Жакшы адам [момун адам] алар тараптан келе турчу кыйынчылыктарга дагы чыдайт. Бир кемчилигинен улам эч кимге таарыбоо керек.

Таарыныч болсо дагы үч күндөн артык созулбоосу керек. Эгер майрамга чейин созула турчу таарыныч бар болсо көп кечиктирбестен элдешүү керек. Хадиси шарифтерде айтылган:

"Бири-бириңер менен болгон байланышты үзбөгүлө! Бири-бириңерге аркаңарды салбагыла! Бири-бириңерге кек жана душмандык сактабагыла! Бири-бириңерди кызганбагыла! Эй, Аллахтын кулдары, бир тууган болгула! Бир мусулмандын башка мусулман тууганына таарынып үч күндөн көп алыстоосу адал болбойт.” [Бухари]

"Мусулманга үч күндөн артык таарынып жүргөн адам Жаханнамга кирет.” [Несаи]

"Бири-бирине таарынып жүргөн эки кишиден кайсынысы мурда салам берсе күнөөлөрү кечирилет. Берилген саламды тиги киши кабыл албаса периштелер алат. Салам албаганга болсо шайтан кубануу менен мамиле кылат.” [Ибни Абу Шайба]

"Момун адам момун тууганына үч күндөн артык таарынып жүрүүсү жаиз эмес. Үч күндөн кийин ага салам берип, ал-ахвалын суроосу керек. Анын саламын алса экөө бирге соопко орток болушат. Саламын албай турган болсо күнөөгө кирет. Салам берген адам дагы таарынычта болуунун жоопкерчилигинен кутулган болот.” [Абу Давуд]

"Дин бир тууганы менен бир жыл таарынышып жүргөн адам аны өлтүргөн сыяктуу күнөөгө кирет.” [Абу Давуд]

"Амалдар Дүйшөмбү жана Бейшемби күндөрү Аллаху таалага арыз кылынат. Аллаху таала өзүнө ширк болбогон бардыгын кечирет. Бирок, бул жакшылыктан бири-бирине кек сактаган эки адам пайдалана алышпайт. Аллаху таала: "Ал эки киши элдешкенге чейин амалдарын мага алып келбегиле”, - деп буюрат.” [И. Малик]

"Эки киши бири-бирине таарынычта өлсө Жаханнамды көрбөстөн Жаннатка кирбейт. Жаннатка киришсе дагы бири-бири менен кезигише алышпайт.” [Ибни Хиббан]

Рамазан кеткендиги үчүн эмес күнөөлөрүбүз кечирилгендиги үчүн, чоң сооп жана ниматка жеткендигибиз үчүн майрамдоодобуз. Хадиси шарифте айтылган:

"Майрам күнү эртең менен мусулмандар намаз үчүн мечиттерде жыйналганда Аллаху таала периштелерден: "Ишин орундагандын алчу жообу эмне?” – деп сурайт. "Акысын алуу”, - дешет. Аллаху таала болсо: "Силер күбө болгула, Рамазанда орозолууга жана намаздарга жооп катары кулдарыма өз ыраазылыгымды жана кечиримимди бердим. Эй кулдарым, бүгүн менден тилегиле, иззат жана жамалымдын акысы үчүн тилегендериңерди беремин”, - дейт.” [Байхаки]

Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Рамазан айынын акыркы күнү Аллаху таала орозо кармагандарды кечирет”, - дегенде, Асхабы кирам: "Йа, Расулаллах, ал күн Кадыр түнүбү?” – деп сурашат. Аларга: "Билбейсиңерби, бир иш аткарган кишиге ал ишти бүтүргөндө акысы берилет”, - деди. (Байхаки)

Буларды билген мусулман кантип кубанбасын жана майрамдабасын. Майрамда сүйүнүү керек. Хазрети Абу Бакр кызы Аиша энебиздин үйүнө барганда эки жариянын даф чертип ойноп жатышкандыгын көрөт. Ансар-ы кирамдын каармандыктарын мактап, дастан айтып жатышкан эле. Хазрети Абу Бакр Расулуллахтын үйүндө мындай нерсенин кылынуусунун ылайык эместигин билдирип, аларга токтоткула дейт. Тойлордо жана майрамдарда аялдардын даф чертүүлөрү жаиз болгондугу үчүн Пайгамбарыбыз алейхиссалам Хазрети Абу Бакрга: "Аларга тоскоол болбо! Ар коомдун бир майрамы бар, бул болсо биздин майрамыбыз. Майрам – сүйүнүчтүү күндөр”, - деп буюрду. (Бухари)

Хазрети Али: "Бүгүн орозосу кабыл болгондордун жана күнөөлөрү кечирилгендердин майрамы”, - деген. Хадиси шарифте дагы: "Рамазан айында ичкиликти таштабаган, эне-атасына аси болгон, бир тууганын зыярат кылбаган адамдан башка бардыгынын күнөөлөрү кечирилет”, - деп айтылган. (Гунйа)

Эгер булар тообо кылышса Аллаху таала күнөөлөрүн кечирет. Рамазандагы сооптор билингенде "Аттиң, ар күнү Рамазан болсо” делмек. Хадиси шарифте: "Рамазан айындагы жеке сооптор билингенде жылдын толугу менен Рамазан болуусу кааланмак”, - делген. (Абу Наср)

Күнөөлөрдөн сактанып орозо кармагандар кандай гана бактылуу. Булар чыныгы майрамды акыретте майрамдашат!

Майрам түндөрү

Суроо: С. Абадиййа китебинде: "Касиеттүү түн өзүнөн кийинке келген күндүн аты менен аталат. Мурунку күнү бешим намазынын убагынан ошол түндүн таңына чейинки убакыт арасы болуп саналат. Бир гана Арафа жана үч курмандык күндөрүнүн түндөрү мындай эмес. Бул төрт түн бул күндөр бүткөндө кирген түндөр болуп саналат”, - делген экен. Бул кайсы китептен алынган? 

ЖООП

Дурр-ул мухтар китебинин итикаф тууралуу жеринде мындай делинген:

Түндөр күндөргө баш ийет. Бир гана Арафа түнү менен Курман айт майрамынын түндөрү булардан сырткары болуп саналат. Адамдарга жеңилдик болуусу үчүн бул түндөр өзүнөн мурда аятаган күнгө баш ийишет. Валвалжиййа китебинин курмандык тууралуу бөлүмүндө да бул тууралуу баяндалган.

Айт күнү жеп-ичүү

Суроо: Имам Раббани хазреттеринин Мектубат китебинде: "Айт күнү жеп-ичүү жылдар бою кармалган орозодон да сооптуу”, – деп жазылган. Жеп-ичүү кандайча сооп болууда?

ЖООП

Бул жерде сооп болгон нерсе жеп-ичүү эмес Аллаху тааланын буйругу болгондуктан Анын буйругуна моюн сунуп Айт күнү орозо кармабоо болуп саналат. Айт майрам күнү орозо кармоо харам болгондугу үчүн ошол күнү орозо кармабоонун, б.а., диндин буйругуна моюн сунуунун нафил орозодон дагы баалуу экендиги билдирилүүдө.

Айт зыяраттары

Суроо: Айт зыяраттарында эмнелерге көңүл бөлөлү, алгач кимдерди зыярат кылалы?

ЖООП

Фасык болгон, б.а., күнөө иш кылуубузга себепчи боло турчу тууганды зыярат кылуу керек эмес. Бирок, салих болгон бир туугандарды зыярат кылуу керек. Салих досторду зыярат кылуу дагы чоң сооптуу. Зыярат бир гана Аллах ыраазылыгы үчүн болуусу керек.

Хадиси шарифтерде мындайча буюрулду:

"Бир киши айылдагы досун зыярат кылууга жолго чыгат. Хак таала буга бир периште жиберет. Бул периште ал кишиге айтат:

- Каерге кетип баратасың?

- Бул айылда бир досум бар. Аны зыярат кылуу үчүн баратам.

- Сага сүйүнчү! Мени Аллаху таала жиберди. Эч бир пайда күтпөстөн досуңду зыярат кылууга бара жаткандыгың үчүн Аллаху тааланын сүйүүсүнө бөлөндүң.” [Хаким]

"Дин тууганын Аллах үчүн зыярат кылып, периште ага: "Кайдай жакшы иш кылдың, Жаннат сага адал болсун” - деп айтпаган эч бир пенде жок. Аллаху таала да айтат: Кулум мени зыярат кылууга келди. Мен болсо аны конок кыламын.” [Абу Йа’ла]

Даанышман заттар айтышкан:

"Зыярат кылууну таштап койбо, сени унутушат. Анча көп бара да бербе, сенден тажашат.”

Аллах ыраазылыгы үчүн бир мусулманды зыярат кылуу өтө сооптуу. Аалымды, кедейди жана салих тууганды зыярат кылуу андан да көп сооптуу. Хадиси шарифте айтылган:

"Аалымды зыярат кылган мени зыярат кылгандай сооп алат.” [Таберани]

Салих тууганды жок дегенде аптада же айда бир жолу зыярат кылуу керек, кырк күндөн өтпөшү керек! Алыс чет өлкөдө болсо кат менен, телефон менен көңүлүн алып, таарыныч бар болсо элдешүү керек.

Үй ээси имам болот. Же үй ээси дайындаган киши имам болот. Бир киши имамдыкка ылайык болгон күндө дагы сунуш кылынбастан өзүнөн өзү имамдыкка өтпөөсү керек. Хадиси шарифте айтылган:

"Бир урууну зыярат кылууга барган киши аларга имамдык кылбасын!” [Тирмизи]

Чакырылган жерге баруу

Суроо: Ар чакырылган жерге барууга болобу?

ЖООП

Тамакта күнөө иш кылынып жаткан болсо ал чакырыкка барууга болбойт. Кедейлердин чакырыгына барбай байлардын чакырыгына баруу текебердиктен туулат. Өзүнөн төмөн болгондорду зыярат кылуу болсо карапайымдыктын белгиси.

Той тамагына чакырылгандын баруусу сүннөт, башка зыяпаттарга баруу болсо мустахаб болуп саналат. Кээ бир аалымдар болсо: "Той тамагына баруу важиб, калган чакырыктарга баруу сүннөт”, - дешкен. Мусулман кишинин башка бир мусулман кишинин үстүндөгү беш акысынын бири – анын чакырыгына баруу. Б.а., анын чакырыгын кабыл кылып, баруу болсу саналат. Хадиси шарифте: "Чакырыкка баргыла”, - деп буюрулду. (Муслим)

Ашыкча убаракерчиликке кирген кишинин чакырыгына баруу керек эмес. Сараң кишинин дагы чакырыгына барбоо керек!

Хадиси шарифте айтылган:

"Жоомарт кишинин тамагы – шыпаа, сараң кишинин тамагы – ооруу.” [Дайлами, Ибни Лал, Даре Кутни, Хатиб]

Чын көңүлдөн чакырылган жерге баруу керек! Хадиси шарифте айтылган:

"Чакырыкка барбаган киши Аллахка жана Расулуна каршы чыккан болот”. [Бухари]

"Мусулман тууганын сыйлаган киши Аллаху тааланы сыйлаган болот.” [Исфахани]

"Эки киши бир убакта чакырып калган болсо эшиги жакын болгонуна бар! Себеби, эшиги жакын болгонунун акысы мурда келет.” [Бухари]

Айт намазы

 Шаввал айынын биринчи күнү фитир, б.а., Орозо айттын, ал эми Зилхижжа айынын онунчу күнү Курман айттын биринчи күндөрү болуп эсептелет. Бул эки күндө күн чыккандан кийин 45 мүнөт өткөн соң, б.а., карахат убактынан кийин эки рекет Айт намазын окуу эркектер үчүн важиб.

Айт намаздын шарттары Жума намазынын шарттарына окшош. Бир гана айырмасы бар, Айт намазда хутба сүннөт катары саналат жана намаздан кийин окулат.

Орозо айтта намаздан мурун таттуу нерсе (хурма же момпосуй) жеш; гусул алуу, мисвак колдонуу, эң жакшы кийимдерди кийүү, жолдо акырын такбир окуу мустахаб.

Курман айтта намаздан мурун эч нерсе жебөө, намаздан кийин курмандыкка чалынган малдын этин жеш, намазга баратканда үнүн катуу чыгарып, (кандайдыр бир сыркоосу бар адам акырын чыгарса да болот) такбир окуу мустахаб.

Айт намаздары эки рекеттен турат. Жалгыз окулбастан, жамаат менен бирге окулат.

Айт намазы кантип окулат?

1. Алгач: «Ниет кылдым важиб болгон Айт намазын окууга, уюудум даяр болгон имамга», - деп ниет кылып, намазга турулат. Анан «Субханака» окулат.

2. Субханакадан кийин үч жолу такбир кылынып, колдор кулакка көтөрүлөт. Биринчи жана экинчи такбирден кийин колдор ылдый түшүрүлөт. Үчүнчү такбирден кийин колдор киндик астына байланат. Имам алгач Фатиха, анан бир сүрө окуйт, анан чогуу рукуга ийилишет. 

3. Экинчи рекетте имам алгач Фатиха жана зам сүрө окуйт. Кийин эки колун үч жолу көтөрүп, ар көтөргөндө такбир айтып эки жагына түшүрөт. Төртүнчү такбир айтканда рукуга барат.

Кыскача: «Эки ташта, бир байла; үч ташта, бир ийил!» деп жаттап алууга болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш