Ислам дини » Ыйык түндөр » Куттуу туулган күн жумалыгы




Куттуу туулган күн жумалыгы


Суроо: Пайгамбарыбыздын туулган күнүн миладий жылга карата (Григорян календарына карата) белгилөө жаизби?

ЖООП

Динибизде мубарек түндөр хижрий жыл менен белгиленет. Бүлкүл ибадаттарда жана диний иш чараларда камарий айлар негиз болуп алынат. Ажылык, орозо, курмандык жана айт майрам күндөрү камарий айларга карата белгиленет. Ажылыкты Аллаху таала билдирген Зилхижжа айында кылбастан миладий бир айда кылуу, мисалы, дайым Январь айында кылуу, орозону Рамазан айында эмес дайыма Февраль айында кылуу динди өзгөрткөндүк болот. Бардык мубарек түндөр дагы камерий айларга карата белгиленет. Кадыр түнүн Рамазан айында эмес Февраль айында издөө, Бараат түнүн Шабан айында эмес Июль айында белгилөө, Ашура түнүн Мухаррам айында эмес Сентябрь айында белгилөө динди бузгандык болот. Ар мусулман билет, Исламиятта Күн жылынын айлары ичинде саналуу бир мубарек түн жок. Пайгамбарыбыздын куттуу туулган күнү 12-Рабиуль-аввал. Миладий ар жылы бул күн башка күнгө дал келет. Ошондуктан, бул күндү 20-Апрель күнүнө коюу жаиз болбойт. 

Динибизге кайчы бир нерсе үчүн "Ниетибиз жакшы” дегендик же "Баары куттуу жумалык тууралуу айтып жатканда унчукпоо туура болбойт” дегендик да кечиримдүү бир себеп эмес. Харам болгон бир иш жакшы ниет менен кылынса да харамдыктан чыкпайт. Ичкилик ичкен дагы, зына кылган дагы же ар түрдүү харам иш кылган дагы жакшы ниет менен кылып жатам деши мүмкүн. Мындай жакшы ниет адамды куткарбайт. "Жаханнам жакшы ниеттүүлөргө толо” деп буюрулган. Бир адам жакшы ниет менен кылган харамга көнүп алат да, кийин муну динди буйругу деп ойлоп калат. Хазрети Омар: "Диниңерди туура үйрөүнүп, буга шайкеш жашагыла. Болбосо кылгандарыңарды дин деп ойлоп каласыңар”, - деп буюрган.

Туулган күндү белгилөөдө

Суроо: "Туулган күн жана мубарек түндөр хижрий жыл менен белгиленет”, - делүүдө. Биз мубарек түндөрдү хижрий жылга карата белгилеп жаткан болсок да, туулган күндөрдү миладий жылга карата белгилөөдөбүз. Мунун зыяны барбы?

ЖООП

Туулган күндү белгилөө ибадат эмес адат. Айрыкча, баары миладий жылга карата белгилеп жатканда хижрий жылга карата белгилөө фитнага да себеп боло тургандыгы үчүн миладий жылга карата белгилөөдө зыян жок. Мубарек түндөрдө болсо жагдай башкача, булар ибадат болгондугу үчүн хижрий жылга карата белгиленет.

Пайгамбарыбыздын куттуу туулган күнүн белгилөө

Суроо: Куттуу туулган күндү белгилегендер: "Биз куттуу туулган күндү ибадат катары белгилөөнү бидат деп билебиз, ошондуктан, адат катары белгилөөдөбүз”, + дешүүдө. Бир бидат адам катары кылынса ал кылынган иш жакшы ниетибизден улам бидат болбойбу? Мисалы, өлгөн адамдын кыркынчы күнүндө адат катары мавлид окутуу бидат болуудан чыгабы?

ЖООП

Куттуу туулган күндү белгилегендердин бул сөздөрү "Биз шарап катары ичүүнүн харам экендигин билебиз, ошондуктан, жүзүм ширеси катары ичүүдөбүз” дегендикке окшойт.

Ниетибиздин жакшы болуусу аны бидат болуудан чыгарбайт. "Амалдар ниеттерге карай жакшы же жаман болот” деген хадиси шариф мубахтар үчүн. Бидат жана харамдар үчүн эмес. Мисалы, күч-кубат алып дагы да жакшы ибадат кылуу сыяктуу жакшы бир ниет менен шарап ичүү жаиз болбойт.

Мына, бидаттар ушундай жакшы ниет дегенге жашырынып жайылууда, "Биз ал ниетте эмес ушул жакшы ниет менен кылуудабыз”, - дешүүдө. Пайгамбарыбыз алейхиссаламды мактоо, аны эскерип дуба, салават окуу - ибадат. Ибадатты адат дешке болобу? Мечитке балким адат катары баргандар да болушу мүмкүн. Бирок, ал жерде ибадат кылынууда. Ибидатка бидат аралаштыруу чоң күнөө. Төтөн куттуу туулган күн жумалыгында кылынган ибадаттарга музыка-обон аралаштырылып, аял-эркек аралаш болуп мавлиддер да окулса, ибадаттарга харам аралаштырылса андан бетер чоң күнөө болот. Буга кошумча, харамга маани берилбей турган болсо күфүр да болот. Бир хадиси шариф: "Бир бидат чыгаргандын намазы, орозосу, ажылыгы, умрасы, жихады, тообосу, парзы, нафили жана эч бир жакшылыгы кабыл болбойт, майдан кыл чыккандай динден чыгуусу жеңил болот.” [Ибни Мажа]

"Динден чыгуусу жеңил болот” деп буюрулуусунун себеби - динди өзгөртүп, ойдон чыгарылган бир нерсени, башкача айтканда, бидатты ибадат катары кылгандыгы үчүн. Бидат кылынып-кылынып отуруп бара-бара ибадат деп кабыл кылына баштайт. Харам нерсе ибадат катары кылынганда динден чыгуу жеңил болот.

Бидатты күркүрөгөн арстандан жана уулуу жыландан да кооптуу деп билүү керек, жакшы ниет менен адат катары кылуудан өтө сактануу керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш