Суроо: Фажр сүрөсүндө: "Фажрга, он түнгө ант болсун”, - деп буюрулууда. Он түн деген эмне?
ЖООП
Зилхижжа айынын он түнү. (Байдави, Жалалейн)
Ибни Аббас хазреттерине карата он түн дегенде максат - Зилхижжанын алгачкы он түнү. Ал күндөр ажылык амалдары менен алек болгон күндөр. (Хазин)
Эки хадиси шариф мааниси мындай:
"Фажр сүрөсүндөгү он күн - курман айынын алгачкы он күнү.” [Хаким]
"Аллахтын алдында Зилхижжанын алгачкы он күнүндөгү амалдардан да баалуусу жок.” [Тирмизи]
Он түндөн максат - Рамазандын акыркы он түнү же Мухаррамдын алгачкы он күнү. (Мадарик)