Ражаб айы


Суроо: Ражаб айы тууралуу маалымат бересизби?

ЖООП: Ражаб – касиеттүү үч айдын бири. Бул ай тообо кылуунун, сый-урматтын жана ибадаттын айы болсо, Рамазан айы жакындык менен немат айы. Зуннун Мисри: "Ражаб – үрөн себүү, Шабан айы – сугаруу айы, Рамазан болсо – түшүм жыйноо айы”, - деди.

Ражаб айы кечирим айы, Шаабан айы шапаат жана Рамазан айы сооптор көп эсе бериле турган ай экени айтылды. Бул айларды урматтоо күнөөлөрдөн сактануу жана ибадат кылуу аркылуу ишке ашат. Урмат көрсөткөн адам анын сооп-сыйлыгын алат. Мына ушул касиеттүү мезгилдерде убада кылынган соопторду алуу үчүн эң оболу жүрөктөгү ыйманды оңдоо керек. Илимхал маалыматтарын үйрөнүп, ошого ылайык жашаш керек. Тообо кылып, кечирим тилеш керек. Каза болгон намаздарды окуп баштоо керек. Мүмкүн болушунча тезирээк карыздан кутулууга аракет кылуу керек.

Хадиси шарифтерде мындай делген:

"Ражаб айында Аллаху таалага көп истигфар айткыла. Анткени, Ражаб айынын ар бир убагында Аллаху таала Тозоктон азат кылган пенделери бар. Ушуну менен катар, Бейиште укмуштуудай сарайлар бар. Аларга Ражаб айында орозо кармагандар гана киришет.” (Дайлами)

"Аллаху таала Ражаб айында орозо кармагандарды кечирет.” (Гуния)

"Касиеттүү Ражаб айынын башында бир күн, ортосунда бир күн жана аягында бир күн орозо кармаган адамга Ражаб айын толугу менен орозо кармагандай сооп берилет.” (Мифтахул-жанна)

"Мына бул беш түндө кылынган дуба текке кетпейт: Рагаиб түнү, Шабан айынын 15-түнү, Жума түнү, Рамазан айынын түнү жана Курман айыттын түнү.” (Ибн Асакир)

"Аллаху таала Ражаб айындагы жакшы амалдарды эселеп көбөйтөт. Бул айда бир күн орозо кармаган адам бир жыл орозо кармагандай сооп алат. Жети күн орозо кармаган адамга тозоктун эшиктери жабылат. Сегиз күн кармаган адамга Бейиштин сегиз эшиги ачылат. Он күн кармаган адамга Аллаху таала сураган нерсесин берет. Он беш күн кармаганга бир кабарчы: "Өткөн күнөөлөрүң кечирилди”, - деп айтат. Аллаху таала Нух алейхиссаламды Ражаб айында кемеге түшүрдү. Ал Ражаб айын орозо кармап өткөрүп, жанындагыларга да орозо кармоолорун буйрук кылды.” (Табарани)

"Ражаб айында такыбаа менен бир күн орозо кармаган адамга орозо кармаган күндөрү тилге келип: "Эй, Раббим! Аны кечире көр”, - деп тилейт.” (Абу Мухаммед) 

Рагаиб намазы деп аталган намаздын өзүнчө түрү жок 

Кээ бир адамдар Рагаиб, Бараат жана Кадыр түндөрүндө нафил намаздарды жамаат менен окушат. Бирок, нафил намазын жамаат менен окуу макрух. Мындан тышкары "Рагаиб намазы” делген намаз да окулат. "Рагаиб намазы” хижраттан төрт жүз сексен жылдан кийин пайда болгон. Көптөгөн аалымдар муну жаман бидат деп жазышат. Көптөр окуп жүргөнүнө алданбаш керек жана сүннөт деп ойлоп калбаш керек.

Бул түндү башка касиеттүү түндөрдөгүдөй ибадат менен өткөрүү керек: Курани карим окуу, каза намазын окуу, күндүзү орозо кармоо керек. 

Ражаб айындагы намаз жана дуба 

Пайгамбарыбыз Ражаб айынын хилалын (айын) көргөндө Салман Фариси хазреттерине мындай деди:

"Эй, Салман, эгер мусулман эркектерден жана аялдардан бирөө Ражабда ар рекетте бир жолу Фатиха-и шариф, Ихлас жана Кафирун сүрөлөрүн үч жолу окуп, отуз рекет намаз окуса, Аллаху таала анын күнөөлөрүн сөзсүз кечирет жана ага бир жыл толук орозо кармагандай сооп берилет. Ал адам келерки жылга чейин намаз окугандардан болот жана махшар майданынын суусуздугунан сактанган болот.”

Салман Фариси: "Бул намазды кантип жана качан окуймун?” – деп сурады. Пайгамбарыбыз мындай деп жооп берди: "Эй, Салман! Ражаб айынын биринчи күнү он рекет окуйсуң. Ар рекетинде бир Фатиха, үч жолу Кафирун жана үч жолу Ихлас сүрөсүн окуйсуң. Салам бергениңде колуңду жайып: "Ла илаха иллаллаху вахдаху ла шарикалах, лахул мулку ва лахул хамду, йухйи ва йумиту ва хува хаййун ла йамуту бийадихил хайри вахува ала кулли шайин кадир, эй, Раббим, Сен бергиң келсе, эч ким кедерги боло албайт, Сен кедерги болсоң, эч ким эч нерсе бере албайт” дейсиң. Андан кийин колдоруңду бетиңе сүртөсүң.

Андан кийин, айдын ортосунда он рекет оку. Ар рекетинде бир Фатиха, үч Кафирун жана үч жолу Ихлас сүрөсүн окуйсуң. Салам бергенден кийин эки колуңду асманга каратып: "Ла илаха иллаллаху вахдаху ла шарикалах, лахул мулку валахул хамду йухйи ва йумиту ва хува хаййун ла йамуту бийадихил хайри вахува ала кулли шайин кадир. Илахан вахида, фардан, самадан, витран ва лам йаттахиз сахибатан ва лавалада” деп колдоруңду бетиңе сүртөсүң.

Айдын соңунда он рекет окуп, ар рекетте бир Фатиха, үч жолу Кафирун жана үч жолу Ихлас сүрөсүн окуйсуң. Салам бергенде эки колуңду жайып: "Ла илаха иллаллаху вахдаху ла шарикалах, лахул мулку валахул хамду йухйи ва йумиту ва хува хаййун ла йамуту бийадихил хайри вахува ала алихиттахирина ва ла хавла ва ла куввата илла биллахил алиййил азим” деп эмне сурасаң да дубаң кабыл болот. Ар рекети үчүн сага миллиондогон рекет намаздын сообу берилет.”

Салман Фариси бул хадиси шарифти айткандан кийин: "Мен бул хадиси шарифтеги сооп жана чексиз мээримдүүлүктөр менен берекелерди көргөндөн кийин шүгүр саждасын кылдым”, - деди. (Каза намаздары барлар мунун ордуна каза намаздарын окууга тийиш. Ушундай кылганда казаларынан да кутулат, жогоруда айтылган көп соопторду да алат. Парз намазынан казасы барлардын нафил намаздары кабыл болбойт.)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш