Ислам дини » Ыйык түндөр » Бараат түнү кылынчу ибадаттар жана Салатул Хайр намазы




Бараат түнү кылынчу ибадаттар жана Салатул Хайр намазы


Бараат – тазалык, тазаруу, күнөөлөнүүдөн кутулуу жана акталуу дегенди билдирет. Бул түн руханий да, дептеринин да тазаруу түнү.

Бул түн өткөн күнөөлөрүнүн кечирилишине жол ачылган, бир жылдагы өмүрү жана акыбети дептерге жазылган түн.

Жыл сайын Шабан айынын он бешинчи Бараат түнүндө ал жылы боло турган нерселер, амалдар, өмүрлөр, өлүмдөрдүн себептери, көтөрүлүүлөр, төмөндөөлөр, башкача айтканда, бардык нерсе Лавх-и махфузда жазылат.

Бул жазылган нерселерден периштелерге угузулгандары аныкталат жана өкүмгө коюлат. Булар Каза-и мубрем деп аталат.

Өзгөртүлүү максатында угузулбаган нерселер үчүн дуба эшиктери ачык калтырылат. Булар Каза-и муаллак деп аталат.

Каза-и муаллактын бир бөлүмү: Каза-и мубрем (Жазылгандан кийин эч качан өзгөртүлбөйт), экинчи бөлүмү: Каза-и муаллак. Бул бөлүм дуба менен өзгөртүлүшү мүмкүн. Булардын эмне экендигин Аллаху тааладан башка эч ким билбейт.

Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) хазреттери ар кайсы убактарда Бараат түнүнүн пазилеттерин өз өзүнчө мындайча билдирди:

- Бараат түнү асмандардын эшиктери ачылат, периштелер момундарга сүйүнчүлөп, ибадат кылууга үндөшөт.

- Аллаху таала Шабан айынын 15-түнү ырайымы менен тежелли кылып, өзүнө ширк кошкон, мусулман боордошуна кек сактаган адамдардан башка баарын кечирет.

- Шабандын 15-түнүн ибадат менен, күндүзүн орозо менен өткөргүлө! Ал түнү Аллаху таала айтат: "Кечирим сураган жокпу, кечирейин. Ырыскы сураган жокпу, ырыскы берейин. Дарттуу жокпу, ден-соолук, афият берейин. Ким эмнени кааласа берейин.” Бул абал таңга чейин уланат.

Шабан айынын 15-түнү Аллаху тааланын рахматы дүнүйөнү каптайт, баары кечирилет. Бирок, адилетсиз түрдө мусулмандарга душмандык кылган жана Аллаху таалага ширк кошкон адам кечирилбейт.

Бул түнү эки рекет каза намаз окуган адамга Бейиштен жер ачылат.

Бул түнү мүмкүнчүлүгү жана убактысы бар адамдын 100 рекет Салат-ул Хайр намазын окуусу абдан жакшы болот.

Ар бир рекетте Фатиха менен 10 ихлас окуу керек жана эки рекетте бир салам берүү керек.

Бул белгилүү намаз. Бирок, унутулган. Ошон үчүн аны окуу насиптүү адамдарга гана насип болот. Бул Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) хазреттери дагы окуган намаз.

Салатул хайр. Хайыр (жакшылык) намазы дегенди билдирет. Окугандарга жакшылыгы элестетүү мүмкүн болбогон даражада көп болот...

Аллаху таала бул намазды окуган адамга намаз учурунда 70 жолу назар салат.

Аллаху таала ага ошол түнү 100 периштени жиберет. Алардын отузу Бейишти сүйүнчүлөшөт, отузу тозоктон кутулуш бараатын алып келишет, отузу дүнүйөдөгү кыйынчылыктардын кетүүсү үчүн дуба кылышат. Демек, ушундай дубалар бар! Он периште болсо ага жакшы нерселерди алып келишет.

Намазга "Бараат түнүнүн жакшылыгына жана урматына ниет кылдым Аллах ыраазылыгы үчүн казага калган эң алгачкы багымдат намазынын парзын окууга жана Салат-ул Хайр намазына” деп айтылса, бул намазды да, багымдат намазынан карызы барлар буларды да орундаган болот.

Багымдат намазы карызы жоктор "Ниет кылдым Аллах ыраазылыгы үчүн Салат-ул Хайр намазын окууга” десе жетиштүү болот.

Намаздын аягында да дуба кылып жатканда; Лавх-и махфуз китебинде жаннаттыктар бөлүмүндө атынын болушун жана Жаннатка киргендерге берилүүчү Жаннаттык бараатын (күбөлүгүн) алууну тилөө керек.

Дүнүйө жана акыреттин хузурун жана акыркы демде шахадат келимесин айтууну тилөө керек. Андан кийин дүнүйөлүк мүшкүлдөрүнүн кетүүсүн, кайырлуу узун өмүрдү, оору, кыйынчылык жана балээлердин кетүүсүн жалбарып тилөө керек.

Намаздын акырында "Аллахуммарзукна калбан таккыййан минашширки бариййан ла кафиран ва ла шакиййа” дубасын окуу керек.

Улуулар тарабынан айтылган мааниси: "Йа, Рабби, бизди таш боордуктан жана ширктен, капыр болуудан, тозоктук болуудан алыс кылып ырыскы бере көр.”

Бул түнү дуба кылганда: "Йа, Рабби! Эгер тозоктуктардын китебинде болсом бейиштиктердин китебине жаза көр. Эгер бейиштиктердин китебинде болсом ошол жерде бекем кыла көр” деп айтуу керек.

САЛАВАТИ ШАРИФА

Аллахумма салли ала Мухаммедин ва ала алихи бахри анварика ва маъдини асрарика ва лисани хужжатика ва аруси мамлакатика ва имами хазретика ва хатими анбийаика салатан тадуму бидавамика ва табка бибакаика салатан турдика ва турдихи йа тарда биха анна йа архамаррахимин.

МААНИСИ

Раббибиз!..

Расулуллахка жана Анын үй-бүлөсүнө салават кыла көр. Ал сенин нур деңизиң. Сырлардын булагы, лисаныңын далили, мамлекетинин арусу (күнү). Улуу хузуруңдун имамы болуп, пайгамбарларыңдын акыркысы.

Кудайдын сүйүктүүсү, пайгамбарлардын султаны Мухаммед Мустафа хазреттерине (саллаллаху алейхи васаллам) ушундай салават кыла көр; Заты уланганча улансын. Улуу затынын бекасындай түбөлүктүү калсын. Ушундай бир салават кыла көр; сени да ыраазы кылсын, Аны да ыраазы болсун.

Бул салавати шарифанын себеби менен бизден ыраазы боло көр эй, ырайымдуулардын ырайымдуусу...


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш