Ислам дини » Ыйык түндөр » Ислам дининдеги ыйык түндөр




Ислам дининдеги ыйык түндөр


Ыйык, касиеттүү түндөр Ислам дининде урмат кылына турган түндөр болуп эсептелет. Аллаху таала пенделерине мээримдүүлүк кылып, кээ бир түндөрдү кадырлуу деп сыпаттап, ошол түндөрдө окулган дубалар менен тооболордун кабыл боло тургандыгын билдирди. Пенделеринин көп ибадат кылып, дуба жана тообо кылуулары үчүн ошол түндөрдү себеп кылды. Ыйык түндөр андан кийин келе турган күндүн аты менен аталат. Мындай түндүн убактысы алдындагы күндүн бешим намазы убактысынан ошол түндүн таңына чейин уланат. Бир гана Арапа жана үч Курман Айт күндөрүнүн түндөрү буга жатпайт. Бул төрт түн ушул күндөрдөн кийинки түндөр болуп саналат. Бул түндөрдү пайдасыз нерселер менен өткөрүп жибербөө зарыл. Б.а., каза намаздарын толуктап окуу, Курани карим окуу, дуба жана тообо кылуу, садага берүү, мусулмандарды кубантуу, бул ибадаттардан пайда болгон соопторду кайтыш болгон мусулмандарга да багыштоо керек. Бул түндөрдү баалап урматтоо күнөөлөрдөн тыйылуу менен жүзөгө ашат.

Мусулмандардын ыйык он түнү

1.  Кадыр түнү. Бул түн Рамазан айында болот. Имам Шафии 17-чи, Имам Азам Абу Ханифа көбүнчө 27-чи түнгө туш келет деп билдирет. "Рамазандын жыйырмасы менен отузу арасында издегиле”, - деп айтылган. Бул түн – Курани каримде макталган эң ыйык түн. Курани карим Пайгамбарыбызга ушул түнү түшө баштаган.

2.  Арапа түнү. Арапа күнү менен Курман Айт майрамынын биринчи күнү арасындагы түн. Зилхижжа айынын тогузу жана ону арасындагы түн. Арапа күнүндө "Ихлас” сүрөсүн миң жолу окуу - өтө чоң сооп.

3.  Фитир майрамы түнү. (Орозо Айт түнү). Рамазан айынын соңку күнү жана айттын биринчи күнү арасындагы түн.

4.  Курман Айт майрамынын түндөрү – Курман айттын биринчи, экинчи жана үчүнчү күндөрүнөн кийинки түндөр. Бул үч күн "аййами нахр” деп аталат.

5.  Мавлид түнү. Раббиул-аввал айынын он биринчи жана он экинчи күндөрү арасындагы түн. Дүйнөдөгү бүткүл адамзатка пайгамбар кылып жиберилген пайгамбарлардын эң акыркысы жана улуусу болгон Мухаммед алейхиссаламдын ааламга рахмат болуп келген түнү. Тарых китептеринде 571- жылы туулгандыгы айтылат. Бул түн – Кадыр түнүнөн кийинки эң ыйык, эң мубарак түн болуп саналат. Бул түнү Анын дүйнөгө келгенине кубангандар кечирилет. Бул түндө Расулуллахтын (саллаллаху алейхи васаллам) туулган кезинде болгон жагдайларды, мужизаларды окуу, тыңдоо, үйрөнүү өтө чоң сооп болот. Пайгамбарыбыздын өзү да бул жагдайларды айтып берчү эле. Бул түнү сахабалар да бир жерге жыйналып, мавлид окуясы тууралуу окушуп, сүйлөшүп, бири-бирине баяндашчу эле.

6.  Бараат түнү. Шаабан айынын он бешинчи түнү. Б.а., он төртү менен он бешинчи күнү арасындагы түн. Аллаху таала эзелде эч нерсени жаратпай туруп, бүткүл нерсени жаратууну каалады, тиледи. Алардан бир жыл ичинде бар же жок боло турган окуяларды, кубулуштарды жыл сайын ушул түнү периштелерге билдирип турат. Курани карим Лавхил-махфузга ушул түнү түшкөн. Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) бул түнү көп ибадат кылып, көп дуба окучу эле.

7.  Мираж түнү. Ражаб айынын 27-түнү. Мираж – "тепкич, баскыч деген маанини билдирет. Расулуллах асманга чыгарылган, биз билбей турган жерлерге алып барылган түн.

Меккенин эли ыйман келтирбей, мусулман болгондорго көп азап кылган жылдар эле. Ошондуктан Пайгамбарыбыздын көңүлү ооруган эле.

Бул окуя кезинде хижраттан бир жыл мурда, элүү эки жашында болчу. Зейд бин Харисти жанына алып, Таифке барат. Таиф калкына бир ай вааз-насыйкат айтып, ыймандуулукка чакырат. Эч ким ыйман келтирбей, аны маскара кылышыт. Ыйык денесин жаракатташып, азапташат. Өздөрүнө Аллахтан рахмат болуп келген улуу элчи "үммөтү” тарабынан таш баран кылынган. Алардан үмүтүн үзүп, чарчап, көңүлү ооруп кайра кайтып келе жатканда сүйүктүү Пайгамбарыбыздын буту жаракаттанат. Зейддин башы кан болуп кетет. Ысык талаада, күч-кубатсыз абалда экөө жолдун четине барып отурушат. Ошол жердеги бактын ээси Рабиа уулдары бай Утба жана Шайба деген ага-ини Аддас деген кулу аркылуу аларга жүзүм берип жиберет.

Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) жүзүмдү жеп жатып "бисмиллах” деп айтат. Аддас (радыяллаху анх) ал кезде христиан эле. Аны угуп ал таң калат. "Канча жылдан бери бул жердемин, эч кимден мындай сөздү уккан жок элем. Бул кандай сөз?” - деп сурайт. Расулуллах: "Сен кайдан болосуң?” - дейт, Аддас: "Ниневаданмын”, - деп жооп берет.

Расулуллах: "Юнус алейхиссаламдын элинен турбайсыңбы?” - дейт. Аддас: "Сен Юнусту кайдан тааныйсың? Аны бул жерде эч ким билбейт”, - дейт. Расулуллах: "Ал менин бир боорум. Ал да мен сыяктуу пайгамбар болгон”, - дейт. Аддас: "Мына бул жылуу жүздүү, таттуу сөздүү адамдын калп айтуусу мүмкүн эмес. Мен сенин Аллахтын Расулу экендигиңе ишендим”, - деп мусулман болот. Анан: "Эй, Расулуллах! Канчалаган жылдар бою мына бул заалымдарга, жалганчыларга кулчулук кылып келем. Кожоюндарым элдин акысын жеп, аларды алдайт. Эч кандай жакшы касиеттери жок. Дүнүйөлүк жыйноо, кумарларын кандыруу үчүн эч кандай жамандыктан кайтышпайт. Аларды жек көрөмүн. Сиз менен бирге кетип, сызге кызмат кылып, акмактардын сизге багыттаган урматсыздыктарына көкүрөгүмдү тоскум жана сизди жахилдердин зыяндарынан коргогум келет”, - дейт.   

Расулуллах жылмайып: "Азырынча кожоюндарыңдын жанында кала тур! Көп убакыт өтпөй ысымымды ар жерде уга баштайсың. Ошол кезде жаныма кел”, - деп айтат. Кийин бир аз тыныгып, жаракаттарын таңат. Меккеге карай Зейд менен бирге жолго түшөт. Караңгы түшкөндө шаарга кирип барышат.

Ошол кездерде бир нече ай Меккеде мусулмандар үчүн эң оор замандар башталып, бүт жак душмандарга толгон эле. Бара турган жерлери да жок болчу. Ааламдарга рахмат кылып жиберилген Пайгамбар алейхиссалам агасы Абуталибдин кызы Умму-Ханинин үйүнө барат. Умму-Хани ал кездерде ыйманга келе элек болчу.

- Бул ким? - деп сурайт Умму-Хани.

- Агаңдын баласы Мухаммедмин (саллаллаху алейхи васаллам). Конок болуп келдим,- дейт Расулуллах.

- Сиз сыяктуу туура сөздүү, ишенимдүү асыл конок үчүн жаныбыз курман болсун. Бирок, келе тургандыгыңызды алдын ала кабар бергениңизде, бир нерсе бышырып коёр элем. Азыр бере турган эч нерсем жок - дейт Умму-Хани.

- Көңүлүмө эч нерсе чаппай турат, эч нерсе ичпейм. Раббиме ибадат кылууга, жалбарууга бир орун болсо жетет, - дейт Расулуллах.

Умму-Хани Расулуллахты ичкери киргизип, ага төшөк, чылапчын жана кумган берет. Келген конокту сыйлоо, аны душмандардан коргоо арабдар үчүн эң жогорку милдет эле. Үйүндөгү конокко зыян тийсе, үй ээси үчүн бул өтө чоң уят, шерменделик деп саналчу эле. Умму-Хани: "Мунун Меккеде душмандары көп, жада калса, өлтүрөйүн деп жүргөндөр да бар. Аны коргоо үчүн таңга чейин үйдүн тегерегин көзөмөлдөп, кайтарайын”, - деп ойлоп, атасынын кылычын колго алып үйдүн айланасын тынымсыз көзөмөлдөйт.

Расулуллахтын ошол күнү көңүлү өтө ооруган эле. Даарат алып, Раббине жалбарып, кечирим сурап, кулдарынын ыйман келтирүүсү, түбөлүк бакытка ээ болуулары үчүн дубаларды окуй баштайт. Өтө чарчаган, курсагы ачка, кайгылуу эле. Төшөктүн үстүнө жатып, уктап калат. Ошол кезде Аллаху таала Жабраил алейхиссаламга: "Сүйүктүү Пайгамбарымды катуу таарынттым. Ушуга карабай, дагы да Мага жалбарып жатат. Менден башка эч нерсени ойлобойт. Бар, сүйүктүүмдү алып кел! Бейишти, Тозокту көрсөт. Анын өзүнө жана аны сүйгөндөргө даярдалган ниматтарымды көрсүн, ага ишенбегендерге, аны таарынткандарга даярдалган азаптарымды көрсүн. Анын көңүлүн көтөрөмүн. Анын назик көңүлүнүн жарасын мен айыктырам”, - дейт. Жабраил алейхиссалам бир заматта Расулуллахтын жанына келет. Ал таттуу уйкуда жаткан эле. Түртүп ойготууга батына албады. Ал адам сүрөтүндө келген эле. Расулуллахтын бутунун астын өөп ойготот. Ал Жабраил алейхиссаламды таанып: "Эй, Жабраил бир боорум! Беймезгил убакытта эмнеге келдиң? Же болбосо ката кетирип, Раббимди таарынттымбы? Мага жаман кабар алып келдиңби?” - деп сурайт. Жабраил: "Эй, бардык жаратылгандардын эң жогорусу! Раббиң сага саламын жолдоду. Эч бир пайгамбарына бербеген ниматын сага берди. Ал сени чакырды, тур, кетебиз”, - дейт. Ошентип, экөө Каабанын жанына барышты. Ошол жерде бирөө келип, Пайгамбарыбыздын көкүрөгүн жарып, жүрөгүн чыгарды. Аны замзам суусу менен жууп, кайра ордуна койду. Анан Бейиштен келген Бурак деп аталган ак түстүү жаныбарга минип, бир заматта Кудустагы (Иеруссалим) Масжиди Аксага келди. Жабраил чоң ташты бармагы менен тешип, Буракты ошол жерге байлады. Өткөн пайгамбарлардын кээ бирлеринин рухтары адам сүрөтүндө ошол жерге жыйналышкан болчу. Жамаат болуп намаз окуу үчүн Адам, Нух, Ибрахим пайгамбарлардан имам болууларын кезек менен сурады. Алардын эч бирөөсү кабыл кылбады, кечирим сурап, айыптуу экендиктерин айтышты. Жабраил Аллахтын сүйүктүүсүн алдыга тартты: "Сен бар кезде башка адам имам боло албайт”, - деп айтты. Намаздан кийин мечиттен чыгып, белгизиз бир Мираж (көтөрүлүү) менен бир заматта жети кат асмандан өттү. Ар бир кат асманда бир улуу пайгамбарды көрдү. Жабраил Сидрада калды: "Эми илгери жүрсөм күйүп, жок боломун”, - дейт. Сидратул Мунтаха – алтынчы кат асмандагы чоң дарак. Расулуллах Бейишти, Тозокту, дагы башка жерлерди көрүп, "рафраф” деген Бейиштин килемине отуруп, күрсү, арш жана рух ааламдарынан өтүп, айтып түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон бир абалда Аллаху таала каалаган бийиктиктирге көтөрүлдү. Мекенсиз, убакытсыз, багытсыз, сыпатсыз түрдө Аллаху тааланы көрдү. Көзсүз, кулаксыз, багытсыз, ортоксуз Рабби менен сүйлөштү. Анан бир заматта Кудуска, ал жерден Меккеге Умму-Ханинин үйүнө келди. Жаткан жери дагы эле жылуу, идиштеги даарат суусу дагы эле кыймылдап турган эле. Сыртта жүргөн Умму-Хани уктап калган эле. Ал эч нерсени сезген жок эле. Эртең менен туруп, Каабанын жанына барып, Мираж тууралуу айтып берет. Аны уккан капырлар аны мазакташып: "Мухаммед акылынан адашыптыр”, - деп айтышты. Мусулман болууга ниеттенип жүргөндөр да бул ниеттеринен кайтышты. Капырлардан кээ бирлери кубанып, Абу Бакр Сыддыктын (радыяллаху анх) үйүнө барышты. Анткени, анын акылдуу, тажрыйбалуу жана абройлуу соодагер экенин билишчү эле. Алар: "Эй, Абу Бакр! Сен Кудуска көп барасың. Меккеден Кудуска барып келүү үчүн канча убакыт керек?” - деп сурашат. Абу Бакр: "Бир айдан көп”, - дейт. Капырлар кубанып: "Акылдуу адамдын сөзү мына ушундай болот”, - дешет. "Сенин досуң Кудуска бир түндө барып келдим дейт”, - деп, Абу Бакрга урмат көрсөтүшөт.

Абу Бакр (радыяллаху анх) Расулуллахтын атын угар замат: "Ал айткан болсо, туура айткан, мен ага ишенемин! Бир заматта барып келген!” - деп жумушун уланта берет. Капырлар эмне болгонун түшүнбөй калышат. Анан: "Эй, Мухаммед, кандай гана сыйкырчысың, Абу Бакрды да сыйкырлап салыптырсың”, - дешет.

Абу Бакр дароо эле кийинип, Расулуллахтын жанына барат. Калың элдин арасында туруп: "Йа, Расулаллах! Миражыңыз куттуу болсун! Аллаху таалага чексиз шүкүр. Бизге сиз сыяктуу улуу Пайгамбарга кызмат кылууну насип кылды. Сиздин нурдуу жүзүңүздү көрүүнү жана көңүлдү ала турган сөздөрүңүздү угууну насип кылды. Йа, Расулаллах, сиздин бардык сөзүңүз чын, акыйкат. Мен ишенемин. Жаным сиз үчүн курман болсун”, - дейт. Абу Бакрдын сөзүнө капырлар таң калышат. Айтууга сөз таппай, тарай башташат. Күмөнү бар, ыйманы начар адамдардын жүрөгүнө ишеним жайгашты. Расулуллах ошол күнү Абу Бакрга "Сыддык” деген ысым берди.

Капырлар бул жагдайдан улам аябай жинденишет. Момундардын күчтүү ыйманына, Пайгамбардын бардык сөзүнө дароо эле ишенгендигине чыдап туралбаган капырлар Расулуллахты жеңүү үчүн аны сынап, суроо сурай башташты: "Эй, Мухаммед (алейхиссалам)! Кудуска бардым деп айтып жатасың. Айтчы, мечиттин канча эшиги, канча терезеси бар?”. Ал бардык суроолорго жооп берип турганда Хазрети Абу Бакр: "Ооба ушунадай, эй, Расулуллах”, - деп тастыктап турду. Ал эми, Расулуллахтын адептүүлүгү ушунчалык эле алдындагы адамдын бетине тике карачу эмес. Кийин өздөрү бир хадиси шарифинде: "Мечит Аксада айланамды караган эмес элем. Алардын сураган нерсесин көргөн эмесмин. Ошол кезде Жабраил Масжиди Аксаны көзүмүн алдына алып келди. Ошону көрүп, санап, суралгандарга жооп бердим”, - деген. Анан ал жолдо төөлөр менен жолчуларды көргөнүн, бир төөнүн коркуп кетип кулаганы тууралуу айтып: "Иншаллах Шаршемби күнү келип калышаар”, - дейт. Шаршенби күнү күн батарда кербен Меккеге кирип келет. Алар катуу добул ургандай болгонун, чынында эле бир төөнүн кулаганын айтышат. Бул абал мусулмандардын ыйманын күчтөндүрдү. Капырлардын душмандыгын көбөйттү. "Рух-ул-байан” тафсиринде "Тафсири Хусейни” ден алынган бөлүмдө жана "Бахр” китебинде имамдык тууралуу айтылган бөлүмдө "Расулуллахтын Меккеден Байтул-Мукаддаска (Иеруссалиддеги Масжид-ул-Акса) алып барылганына ишенбеген адам капыр болот. Асмандарга жана бизге белгисиз болгон жерлерге алып барылгандыгына ишенбеген адам болсо, бидатчы болот”, - деп билдирилген.

8.  Ражаб айы жана Рагайиб түнү. Ражап айынын алгачкы жумасынын түнү "Рагайиб түнү” деп аталат. Ражаб айынын бардык түнү өтө ыйык. Ар жумасынын түндөрү да ыйык. Ушул ыйык эки түн бириккенден кийин анын касиеттүүлүгү арткан. Рагайиб түнүнүн касиети тууралуу түрдүү хадистерде билдирилген.

Ражаб айы Адам пайгамбардын доорунан бери ыйык болуп эсептелет. Бул айда согушуу күнөө. Ар бир үммөт бул айды сыйлап урматтаган эле. Ражаб "ыйык, урматтуу, барктуу” деген маанини билдирет. Фарсча "Анис-ул-ваизин” китебинде билдирилгенине караганда: "Иса алейхиссаламдын заманында бир жаш жигит бир сулуу кызды сүйүп калат. Ага жетүүнү каалайт, көп убакыт өткөндөн кийин экөө макулдашып, бир түнү жолугушат. Чечинишет. Жигит өтө кубанып кетет. Кокусунан терезеден жаңы чыккан айды көрүп калат. "Азыр кайсыл ай?” - деп сурайт. Кыз: "Ражаб айы”, - дейт. Жигит дароо эле кийимдерин жыйнап, кийине баштайт. Кыз таң калып: "Эмне болду?” - деп сурайт. Жигит: "Аталарымдан укканмын. Ражаб айында күнөө кылууга болбойт. Бул айды урматтоо керек”, - деп кыздан кечирим сурап, үйүнө кетет. Аллаху таала Иса алейхиссаламга вахий жиберип, болуп өткөн окуяны билдирет. "Ошол жигитке бар жана салам айт!” - дейт. Ошол жигит Ражаб айын урматтаганы үчүн улуу Пайгамбардын өзүнө жиберилгенине сүйүнүп ыйман келтирип, жакшы момунга айланат”.

9.  Мухаррам түнү. Мухаррам айынын биринчи түнү мусулмандардын Камарий (ай жылсанагы боюнча) жыл башы түнү болуп эсептелет. Ал эми Шамсий (күн жылсанагы боюнча) жылбашы түнү болсо, Сентябрь айынын жыйырманчы түнүнө туура келет. Мухаррам айы – Ислам Камарий жылынын биринчи айы. Биринчи Мухаррам да мусулмандардын Камарий жылынын биринчи күнү болот.  Капырлар өз жылдарынын башталышы болгон Январь айынын биринчи түнү Санта Клаусту күтүшөт. Христиан дини буйрук кылган куфурларды жасашат. Мусулмандар да өз жыл башы түндөрүндө жана күндөрүндө кат жазышып, бири-бири менен кол алышып, бири-бирин куттукташат, бири-бирине барышып, белек-бечкек беришет, жаңы жылдын бүткүл мусулмандар үчүн кайырлуу жана берекелүү жыл болуусун тилешет. Жашы улууларга, туугандарга, аалымдарга барышып, баталарын алышат. Ошол күнү таза кийинишет. Кедейлерге садага беришет. 

10.  Ашура түнү. Бул түн – Мухаррам айынын онунчу түнү. Мухаррам айы – Курани каримде ыйык деп билдирилген төрт айдын бири. Ашура – ушул айдын эң кадырлуу түнү. Аллаху таала кээ бир дубаларды Ашура күнүндө кабыл кылган. Адам пайгамбардын тообосунун кабыл болуусу, Нух пайгамбардын кемесинин топон суудан куткарылуусу, Юнус  пайгамбардын балыктын ичинен чыгуусу, Ибрахим пайгамбардын Намруддун отунда күйбөй калышы, Идрис пайгамбардын тирүү кезинде эле асманга чыгарылуусу, Якуб пайгамбардын уулу Юсуф  пайгамбар менен кездешүүсү жана көздөрүндөгү парданын алынуусу, Юсуф пайгамбардын кудуктан чыгуусу, Аййуб пайгамбардын оорудан айыгуусу, Муса пайгамбардын Кызыл деңизден өтүп, Фараондун сууга чөгүүсү, Иса пайгамбардын туулуусу жана яхудилердин кол салууларынан кутулуп, асманга көтөрүлүүсү - ушулардын бардыгы Ашура күнү жүзөгө ашкан (алейхимуссалам). Нух пайгамбар кемеде "ашура” деген тамак бышыргандыктан мусулмандардын Мухаррамдын онунчу күнү ашура бышыруусу ибадат болуп эсептелбейт. Мухаммед алехиссалам жана сахабалар мындай кылышкан эмес. Ашура бышырууну ибадат деп эсептөө - бидат, күнөө. Бир гана Мухаммед алейхиссаламдын кылган жана айткан нерселерин жасоо ибадат болуп саналат. Дин китептеринде жазылбаган, Ахли сүннөт аалымдары көрсөтпөгөн нерселерди жасоо сооп эмес, күнөө. Ушул күнү (каалаган) даамдуу тамак бышырып, кедейлерге садага берүү сүннөт жана ибадат болот.

Хазрети Хусейн (радыяллаху анх) ошол күнү шейит болду деп аза күтүү да – бидат жана күнөө. Шииттер Хазрети Хусейн үчүн аза тутушат. Хазрети Хусейн Хазрети Алинин уулу болгондуктан ага сыйына тургандай сый урмат көрсөтүшөт. Ал эми Ахли сүннөт ишениминде болгондор аны Расулуллахтын небереси болгондуктан жакшы көрүшөт. Исламда аза күтүүгө болбойт. Мусулмандар бир гана Ашура күнү аза күтүшпөйт. Кербела окуясы эске түшкөндө көңүлдөр ооруйт. Эгер Исламда аза күтүү деген нерсе болгондо Ашура күнү эмес, Таифта Расулуллахтын буту канга боёлгон күнү, Ухудда тиши сынып, бети канаган жана кайтыш болгон күндөрү аза күтүлөр эле.

Жогоруда аталган бешинчи, алтынчы, жетинчи жана сегизинчи түндөрү "Кандил түндөрү” деп аталат.

Жогорудагы он түндөн сырткары фитр майрамынын (Орозо айттын) калган түндөрү, Зулхижжа айынын алгачкы он түнү, Мухаррамдын алгачкы он түнү жана ар бир жума, Дүйшөмбү түндөрү да ыйык болуп эсептелет.

Түрдүү китептерде мындай хадистер жазылган:

1.  "Рахмат (ырайымдуулук) эшиктери төрт түндө ачылат. Ошол түндөрү кылынган дуба, тообо кабыл болот. Рамазан жана Курман Айт майрамынын алгачкы түндөрү, Шаабандын он бешинчи (Барат) түнү жана Арапа түнү”. (Кадыр түнү бир канча хадистерде билдирилгендиктен бул жерге жазылбады).

2.  "Аллаху таала ибадаттардын ичинен Зул-хижжанын алгачкы он күнүндө кылынгандарды жакшы көрөт. Бул күндөрдө бир күн кармалган орозого бир жылдык орозонун (нафил орозо) сообу берилет. Ошол түндөрү окулган намаз Кадыр түнүндө окулган намаз сыяктуу. Бул күндөрдө көп-көп тасбих, тахлил жана такбир айткыла”.

3.  "Мусулман адам Тарвиа күнү орозо кармап, күнөө сөз сүйлөбөсө, Аллаху таала аны, албетте, Бейишке киргизет”.

4.  "Арапа күнүн урматтагыла! Себеби, Арапа – Аллаху таала кадырлаган күн”.

5.  "Арапа түнү ибадат кылгандар Тозоктон бошотулат”.

6.  "Арапа күнү орозо кармагандардын эки жылдык күнөөсү кечирилет. Биринчиси - өткөн жылдын, экинчиси келерки жылдын күнөөлөрү (Арапа – Зул-хижжанын тогузунчу күнү, башка күндөр Арапа эмес)”.

7.  "Арапа күнү миң жолу "Ихлас” сүрөсүн окуган адамдын бардык күнөөлөрү кечирилет жана бардык дубалары кабыл болот. Бардыгын бисмиллах менен окуу керек”.

8.  "Ражаб – Аллаху тааланын айы, Ражаб айын урматтаган адамды Аллаху таала дүйнөдө жана акыретте урматтайт”.

9.  "Ражаб айынын алгачкы жумасынын түнүн ибадат менен өткөргөн адамга Аллаху таала кабыр азабын тарткызбайт. Дубаларын кабыл кылат. Бир гана жети түрдүү адамдарды кечирбейт жана дубаларын кабыл кылбайт. Алар: пайызга акча берген же алган адам, мусулмандарды төмөнсүнткөн адам, ата-энесине азап чектирген, каршы чыккан бала, мусулман күйөөсүн тыңдабаган аял, ыр, музыканы тиричилик куралы кылып алган адам, гомосексуалдык жана зина кылган адам, беш маал намазды окубай таштап койгон адам”. Бул күнөөлөрдөн баш тартып, тообо кылмайынча алардын дубалары кабыл болбойт. Эненин, атанын, жубайынын жана башка эч кимди Исламга туура келбеген буйругун орундоого болбойт. Ал эми, ата-энеге жылуу сөз сүйлөп, аларды таарынтпоо керек. (Каршы чыгуу менен харам болгон буйрукту орундабай калтыруу эки башка нерсе). Ата-энеси капыр болсо аларды чиркөөдөн, шарапканадан көтөрүп болсо дагы алып келүү керек. Бирок, андай жерлерге алып барууга болбойт.

10. "Жабраил мага келип: "Тур, намаз оку, дуба кыл! Бул түн – Шабандын он бешинчи түнү”, - деп айтты. Бул түндөрү ибадат кылгандарды Аллаху таала кечирет. Бир гана мушриктерди, төлгөчүлөрдү, сыйкырчыларды, адамдардын жакшылыгын көрө албагандарды, арак-шарап ичкендерди, пайызга акча бергендерди жана зина кылгандарды кечирбейт”.

11. "Барат түнүн баа жеткис табылга жана мүмкүнчүлүк деп билгиле. Себеби, ал белгилүү болгон түн. Шабандын он бешинчи түнү. Кадыр түнү кадырлуу болсо да кайсы түн экендиги белгилүү эмес. Бул түндө көп-көп ибадат кылгыла. Анткени, кыямат күнү өкүнүп каласыңар”.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш