Ушур


Суроо: Ушур деген эмне?

ЖООП

Топурактан алынган түшүмдүн зекети ушур деп аталат. Кедей же карызы бар адамдын дагы ушур берүүсү керек. Бирок, соода мал-мүлкү жана мал-жаныбардын зекети мындай эмес. Карыздар чыгарылгандан кийин калганы нисап өлчөмүнө жеткен болсо зекет берилет. Имам азам хазреттери айтат:

"Түшүм топурактан жыйналгандан кийин аз болсун, көп болсун ондо бирин же анын баасынчалык алтын же күмүштү Мусулман кедейлерге берүү фарз.”

Имамейндин өкүмү боюнча (Имам Абу Юсуф жана имам Мухаммед) ушур берүүдө түшүмдүн бир жылга чыдагыдай болуусу жана санынын 1250 литрден (болжол менен бир тоннадан) көп болуусу керек. Мисалы, жарым тонна буудай алган кедей Имамейндин өкүмүнө ылайык ушур бербесе күнөөгө кирбейт. Бирок, динде бай болуп саналган адамдын жүз килограмм буудайы болсо да анын ондо бирин бериши керек.

Ушур берген кедей адам башкалар берген ушурду ала алат. Бирок, бай адамдын зекет алуусу харам.

Ким таалаасынын же бакчасынын ондо бирин бир кедейге берсе, талаасынын же бакчасынын калган бөлүгүнүн ушурун ар жылы бериши керек.

Ушурдун нисабы жок. Түшүм аз болсо да ушуру берилет. Ушур ондо бир кылып бирелет. Кылынган чыгымдар чыгарылбайт. Бир гана акча менен сугарылган болсо же мотор менен сугарылган болсо жыйырмада бир берилет. Ушур берүү Энам сүрөсүнүн 141-аяты менен буйрук кылынып, ондо биринин берилүүсү болсо хадиси шариф менен билдирилген.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш