Ислам дини » Зекет, ушур жана садака » Зекет кимге берилет?




Зекет кимге берилет?


Суроо: Зекет кимге берилет?

Жооп

Тизме менен билдирели:

1– Эне-атага, чоң атага, чоң энеге, балага, небереге, жубайына жана капырга зекет берилбейт. Эгер кедей болсо келинге, бир тууган, эже (атасынын карындашы же эжеси), байке (атасынын иниси же агасы), тай аке, тай эже сыяктуу туугандарга, күйөө балага, кайын энеге, кайын атага, кайын ага, кайын иниге, өгөй балага зекет берилет. Эгер салих болушса жакын туугандарга зекет берүү көбүрөөк сооп болот.

2– Аял диний жактан кедей болгон күйөөсүнө Имамайндын өкүмү боюнча зекет берет. Күйөөсү материалдык кыйынчылык ичинде болсо бул өкүм менен амал кылууга болот.

3– Кайрымдуулук коомдоруна зекет берилбейт. Мужтахид имамдардын эч бири "Кайрымдуулук коомдоруна зекет берилет” деп айткан эмес жана бул маселеде ижма пайда болгон. Кийин келген аалымдардын жана айрыкча азыркы күндөгү өздөрүн "аалым” деп эсептеп жүргөндөрдүн сөздөрү ижманы буза албайт. Демек, бүгүн чыныгы аалым чыкса дагы коомдорго зекет берилет деп фатва чыгарса, ижманы буза албагандыктан фатвасы жараксыз болот. Ансыз деле чыныгы аалым да ижманы буза турган фатва бербейт. Ушундай экенине карабастан ар түрлүү коомдор зекет фонду деп, банкта эсеп ачтырууда жана тил кат менен акча топтоодо. Мындай жолдор менен берилген акчалар зекеттин ордуна өтпөйт.

Мындай жерлерге зекет бере алуу үчүн диндин буйруктарына ылайыкташтыруу зарыл. Динге кызмат кылган, студенттер жашаган жатаканалар, Курани карим курстары, вакфтар (фонддор) жана башка кайрымдуулук коомдору бар. Студенттик жатаканаларга же фонддорго зекет бере алуу үчүн бул уюмдардын ыйгарым укуктуу кишиси бир кедейден вакалат (өкүлдүк) алат. Кедей коомдогу бул укугу бар кишиге вакалат берерде: "Менин атыман зекет алууга жана алган зекетти каалаган адамга берүүгө сени өкүл кылдым”, - деп айтса жетиштүү болот. Ошондо өкүл алган зекетти студенттерге же коомго керектүү нерселерге колдоно алат. Ушинтип, динге ылайык амал кылынган болот. Зекет да динге ылайык берилген болот.

4– Хадиси шарифте: "Илим үйрөнүп жаткан адамдын 40 жылдык нафакасы болсо дагы буга зекет берүү жаиз”, -деп билдирилүүдө. Диний илимдерди үйрөнүп жаткан жана үйрөтүп жаткандарга, б.а., кесиби ушул болгон адамдар диний жактан бай болсо дагы иштеп акча табууга убактысы болбогондуктан зекет ала алышат. (Дурр-ул-мухтар)

5– Атасы бай болсо чоң баласына зекет берилбейт. Атасы кедей болсо кедей болгон кичине баласына зекет берилет. Жиндиге да кедей болсо зекет берилет. Балага, жиндиге бериле турган зекет атасына же валисине (камкоруна) же болбосо васисине (б.а., мал-мүлкүнө же бала-чакасына байланыштуу иштерди көзөмөлдөө үчүн дайындаган кишисине) берилет. Байдын кичине баласына кедей болсо дагы зекет берилбейт. Бирок, байдын чоң баласына, байдын аялына же байдын атасына кедей болсо берүүгө болот. Бул жерде чоң деген сөз балагат жашына жеткен дегенди билдирет. Кичине деп али балагат жашына жетпегенге айтылат.

6– Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын тукумунан болгон сейиттерге жана шерифтерге мурда зекет берилчү эмес. Азыркы күндө болсо аларга дагы зекет берилет. (Дурр-и Йакта)

Зекет бергенде жана алганда

Зекет бергенде жана алганда төмөндөгүлөргө көңүл буруу зарыл:

1– Гайримуслимге (мусулман эмес адам) зекет да, садага да берилбейт. ["Зымми" Ислам мамлекетинин тургуну болгон гайрымуслим жаран дегенди билдирет.] Зымми бар болсо зыммиге зекеттен башка фытра, кафарат, назыр жана садага берилчү. Бүгүн дүйнөдө зымми жок.

2– Зекет бериле турган кишини изилдеп көрүү керек, божомол менен берилбейт. Байга, эне-ата, перзент сыяктуу жакындарга же мусулман эместерге зекет берүү сахих эмес. Жалгыз зекет бериле турган адамды изилдеп көрүп, зекетин бергенден кийин анын бай же зекет берилүүсү жаиз болбогон адам экени белгилүү болуп калса зыяны жок. Б.а., зекети сахих болот. Изилдеп көрүп бергени үчүн кайра берүүсү керек эмес.

3– Зекет берерде салих тууганды тандоо керек, себеби зекетти салих болгон кедей тууганга берүү көбүрөөк сооп болот. Хадиси шарифте: "Кедей тууганы болуп туруп башкаларга берилген зекетти Аллаху таала кабыл кылбайт”, - деп айтылды. Б.а., зекет карызынан кутулса дагы зекеттен пайда болгон чоң соопторду ала албайт.

4– Кедейге берилген алтын аны бай кыла тургандай көп болбошу керек. Карызы жок кедейге нисап өлчөмү, б.а., 96 грамм алтын же андан да көп зекет берүү макрух болот. 10 грамм алтын карызы болсо 100 грамм алтын алуусу макрух болбойт.

5– Зекет берерде зекет деп айтуу керек эмес. Хадийа (белек) деп айтса да жаиз болот.

6– Бир күндүк жегенге тамагы бар болгон адамдын зекет же садага суроосу харам. Өзү сурабаса да берилген садаганы, зекетти алуусу жаиз. Зекетти мүмкүн болсо салих болгон муктаждарга берүү керек.

7– Кедейге зекет үчүн алтын берип, кайра аны арзан сатып алуу макрух.

8– Кедейдеги аласасын зекетке эсептөө жаиз болбойт. Кедейде аласасы болгон бай кедейге карыз түшүнүк катын берип: "Аласамды сага зекет кылып бердим. Сен дагы карызың үчүн кабыл кыл”, - десе, кедей макул болсо, бай зекетин берген болбойт. Анткени, карыз түшүнүк катын берүү менен, макул болуу менен берилген болуп саналбайт. Мал-мүлктү кайтарып берүү менен гана берилген болот. Бул байдын зекетин кедейге берүүсү, кедейдин да алгандан кийин кайра байга кайтарып берип, карызын төлөөсү зарыл.

9– Кедейде аласасы болгон адам кедейдин карызын төлөй алышына көзү жетпей турган болсо ишенген бир адамды кедейге көрсөтүп: "Зекетиңди алуу жана карызыңды төлөө үчүн муну өкүл кыл!” – деп айтат. Зекетти ушул өкүлгө берет. Өкүл да байга кайтарып берип, кедейдин карызын төлөйт. Ушинтип, зекет динге ылайык берилип, кедейдин карызы да төлөнгөн болот. (Дурр-и йакта, Мизан-ы кубра)

10– Ижарасын төлөй албаган кедей квартирантка үйдүн ээси ижара акчасын албай, кедейге зекет ордуна чегерсе бул акча зекеттин ордуна өтпөйт, садага болот. (Радд-ул-мухтар)

Суроо: Эне-атага зекет берилеби? Кимдерге берилбейт?

Жооп

Эне-атага, чоң атага, чоң энеге, балага, небереге, аялына жана капырга зекет берилбейт. Эгер кедей болсо келинге, күйөө балага, кайын энеге, кайын атага, кайын ага, кайын иниге өгөй балага зекет берилет. Эже (атасынын карындашы же эжеси), байке (атасынын иниси же агасы), тай аке, тай эже сыяктуу туугандарга зекет берүү көбүрөөк сооп болот. Имамайндын өкүмү боюнча карызы бар жана кедей кишиге аялы зекет бере алат. (Мавкуфат)

Суроо: Кедей бир балага зекет берейин дедим эле. Жашы кичине, зекетти атасына берсем болобу?

Жооп

Ооба.

Байдын үй-бүлөсүнө зекет

Суроо: Бир адам байдын кедей баласына же кедей аялына же болбосо байдын кедей атасына зекет бере алабы?

Жооп

Бир адам зекетин байдын кичине баласына бере албайт, бирок, байдын чоң баласына, байдын аялына же атасына эгер кедей болсо бере алат. (С. Абадиййа)

Бул жерде чоң деген балагат жашына жеткен дегенди билдирет. Кичине деп али балагат жашына жетпегенге айтылат.

Суроо: Кызым асырап алган балага зекет бере аламбы?

Жооп

Кызыңыз асырап алган бала анын өз баласы болбогондуктан сиздин дагы небереңиз болбойт. Ага зекет бере аласыз. Жада калса, кызыңыз дагы ага зекет бере алат.

Суроо: Кедей бир тууганга зекет берилеби?

Жооп

Ооба.

Суроо: Карындашыма зекет берсем болобу?

Жооп

Зекетиңизди эгер бай эмес болсо карындашыңызга же балдарына берсеңиз болот.

Суроо: Бир кедей алган зекетин кандайдыр бир байга же зекетти берген байга белек кылып берсе, байдын ал акчаны колдонуусу жаиз болобу?

Жооп

Кедей алган зекетти байга бере алат. Бергени белек болот. Байдын ал акчаны алуусу халал болот. Себеби, кедей өзүнүн мүлкүнөн берген болуп саналат. Бир хадиси шарифтин мааниси:

"Ушул беш мусулман бай болсо дагы зекет ала алат:

1– Аллах жолунда жихад кылган адам,

2– Зекет топтоо менен милдеттүү болгон адам,

3– Карызы бар же карызын төлөй албаган бай адам,

4– Өзүнүн мамлекетинде бай болушуна карабастан, барган жеринде акчасы жок болуп калган же көп аласасы болсо дагы ала албай, муктаж болуп калган адам,

5– Кедей алган зекетин байга белек кылса бай муну ала алат.” [Абу Давуд]

Суроо: Зекетти ар кедейге берүүгө болобу?

Жооп

Акчасын ысырап кылган, харамга колдонгон адамга зекет жана фытра садагасын берүү жакшы эмес. Берилсе да сообу аз болот.

Салих болбогон кедей мусулманга дагы зекет берүү сахих. Бирок, салих болгондорду тандоо көбүрөөк сооп болот. Фасыкка (күнөөкөргө) зекет берүү кайрак жерге эгин эгүү сыяктуу болуп, бирге 3-5 алынышы мүмкүн. Салихтерге зекет берүү болсо дың жерге эгин эгүү сыяктуу болот. Дың жерге экин эгиле турган болсо мол түшүм алынат.

Капыр башка бардык ибадаттар сыяктуу зекет берүүгө да милдеттүү эмес. Гайримуслимге зекет берүү жаиз эмес. Расулуллах "саллаллаху алейхи ва саллам" Муаз бин Жабал хазреттерин Йеменге жиберип жатып, зекет, ушур кимдерден алынып, кимдерге бериле турганын билдиргенде: "Мусулман байлардан ал, кедейлерине бер”, -деп айтты. (Бухари)

Бул хадиси шарифти түшүндүргөн аалымдар зекеттин мусулман байлардан алына турганын жана алардын [мусулмандардын] кедейлерине бериле турганын, гайримуслимдерге берилбей турганын билдиришкен.

Суроо:Тууганга садага, зекет берүү абдан сооп деп айтылууда, бирок, менин туугандарым фасык. Ал акча менен ичкилик ичишет. Буларга бербей, салихтерди тандоом керекпи?

Жооп

Ооба, салихтерди тандоо керек. Салих туугандарды тандоо болсо барынан да көбүрөөк сооп. Хадиси шарифте: "Кедей тууганы болуп туруп башкаларга берилген зекетти Аллаху таала кабыл кылбайт”, - деп айтылды. Б.а., зекет карызынан кутулса дагы зекеттен пайда болгон чоң соопторду ала албайт. (Ф.Билгилер)

Гайримуслимге садага берүү

Суроо: Гайримуслимге садага же зекет берсе болобу?

Жооп

Эгер зымми бар болсо зыммиге зекеттен башка фытра садагасы, кафарат, назир жана садага берилет. Бүгүн дүнүйөдө зымми жок. Б.а., азыр гайримуслимге зекет дагы, садага дагы берилбейт. ["Зымми" Ислам мамлекетинде жашаган гайрымуслим жаран дегенди билдирет.]

Суроо: Салих бир мусулмандан: "Диний жактан кедейсиңби?" - деп сурадым. Эсептеп көрдү. Нисабга жетпегенин жана кедей экенин айтты. Мен дагы зекетимди ага бердим. Арадан бир канча убакыт өтүп, ал киши: "Мен жаңылыш эсептеген экенмин, диний жактан бай экенмин, берген акчаңды да сарптап койдум. Сен зекетиңи кайра башка кедейге бер", - деди. Зекетими кайра бир кедейге беришим керекпи?

Жооп

Кедейби, байбы деп изилдеп көргөндөн кийин кайра зекет берүү керек эмес. Зекет берсе болобу же болбойбу деп сурап билип, зекетти бергенден кийин анын бай экени кийин билинсе зыяны жок. Б.а., зекет кабыл болот. Фыкх китептеринде айтылат:

"Зекет бериле турган киши кедей экенин жана зекет ала турганын айткан болсо бул кишинин зекет алууга акысы барбы же жокпу деп изилдеп көрүү керек эмес. Буга зекет бергенде сураштырып, изилдеп көрүп берген эсептелет. (Нахр-ул-Фаик)

Суроо: Балага жана жиндиге зекет берилеби?

Жооп

Атасы бай болсо балага зекет берилбейт. Атасы кедей болсо кедей болгон балага зекет берилет. Жиндиге дагы кедей болсо зекет берилет.

Балага, жиндиге бериле турган зекет атасына же валиси болгон тууганына же болбосо васисине берилет. Байдын кичине баласына кедей болсо да зекет берилбейт. Бирок, балагат жашына жеткен баласы кедей болсо берилет. (С.Абадиййа)

Дин илимин үйрөнүп жаткан окуучуга

Суроо: Дин илимин үйрөнүп жаткан окуучуга бай болсо дагы зекет берилет деп билдирилди. Мен күндө диний китеп окуп, динимди үйрөнүүгө аракет кылып жатам. Бай болсом дагы зекет алсам болобу?

Жооп

Динин үйрөнүү ар бир мусулманга фарз. Дин илимдерин үйрөнгөн окуучу бөлөк.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим