Ислам дини » Зекет, ушур жана садака » Садаганын маанилүүлүгү




Садаганын маанилүүлүгү


Суроо: Садаганын маанилүүлүгү эмнеде?

Жооп

Аллах ыраазычылыгы үчүн кылынган мадди жана манаваи (материалдык жана руханий) ар бир жакшылык садага деп аталат. Шайтан бердирүүнү каалабаса дагы садага берүү керек. Бир аят-и кариманын мааниси төмөндөгүдөй:

"Шайтан кембагал болуп каласыңар деп коркутуп, силерди сараңдыкка, жаман нерселерге үндөйт, садага бердирүүнү каалабайт. Аллах болсо, силерге Өзүнүн лутфунан кечиримин жана мол ниматын убада кылат. Аллахтын ихсаны кенен, бардык нерсени Билүүчү.” [Бакара сүрөсү, 268]

Садаганын пайдалары тууралуу хадиси шарифтерде мындай деп айтылды:

"Ооруларыңарды садага менен дарылагыла. Садага бардык ооруларды жана балээлерди жок кылат.” [Байхаки]

"Илими болгон илиминен, мал-мүлкү болгон мал-мүлкүнөн садага берсин.” [Ибни Сүнни]

"Жакшылык өмүрдү арттырат, садага күнөөлөрдү кетирет жана жаман өлүмдөн коргойт.” [Табарани]

"Садага текебердикти жок кылат.” [Тирмизи]

"Садага берген адамдын ырыскысы артат жана дубасы кабыл болот!” [Ибни Мажа]

"Садага берүүгө тоскоолдук кылган адамга лаанат болсун.” [Исфахани]

"Садага кабыр азабынан коргойт. Кыяматта да өз коргоосуна алат.” [Байхаки]

"Кыйынчылыктарды садага аркылуу алдын алгыла.” [Дайлами]

"Суу отту өчүргөн сыяктуу садага да күнөөлөрдү жок кылат.” [Тирмизи]

"Аллахка ант болсун, садага берүү менен мал-мүлк кемип калбайт. Андай болсо, садага бергиле!” [И. Ахмед]

"Садага мал-мүлктү арттырат. Андай болсо, садага бергиле.” [Ибни Абиддунйа]

"Садага 70 түрдүү балээнин алдын алат. Булардын эң жеңили жуззам (Хансен оорусу, лепра) жана барас (бүт денени жара, так кылган оору) оорулары.” [Хатиб]

"Садага шайтандын белин сындырат.” [Дайлами]

"Жашыруун берилген садага Аллахтын ачуусун кетирет.” [Байхаки]

"Аллахтын ыраазычылыгы үчүн садага берген адамга Кыяматта Аллаху таала: "Эй, кулум! Сен менин ыраачылыгымды кааладың, мен дагы сени кор кылбайм жана денеңди Тозокко харам кылам. Кана, Бейишке каалаган эшиктен кир!” – деп айтат.” [Дайлами]

"Аз болсо дагы садага бергиле. Акчасын сактап, бербеген адамга Аллах дагы ихсанын токтотуп коёт.” [Муслим]

"Ырыскысынын мол болушун каалаган адам садага берсин.” [Дайлами]

"Садага берип, ырыскыңарды мол кылгыла.” [Байхаки]

"Садага мал-мүлктү арттырат.” [Ибни Адий]

"Садага берүүгө шашылгыла. Анткени, балээ садагадан өтө албайт.” [Табарани, Байхаки]

"Садага бергиле. Себеби, садага Тозоктон кутулууңарга себеп болот.” [Табарани]

"Бир хурма дагы болсо, садага кылып бергиле. Анткени, аз дагы болсо ачкачылыкты калтырат жана суу отту өчүргөн сыяктуу күнөөлөрдү жок кылат.” [Ибни Мубарак]

"Күндү садага берүү менен баштоо балээлердин алдын алат.” [Дайлами]

"Садага нафил орозо кармагандан жакшыраак.” [Байхаки]

"Сообун мусулман эне-атага ниет кылып берилген садаганын сообу аларга тийет, өзүнүн сообунан да кемибейт.” [Табарани]

"Садага катары берилген бир бөлүк нан Аллахтын алдында Ухуд тоосундай чоң.” [Табарани]

Пайгамбарыбыз сахабалары менен сүйлөшүп отуруп мындай деди:

-Ар бир мусулман садага берүүсү керек.

-Йа, Расулаллах, садага бергидей акча табалбаган киши кантет?

-Иштеп табат, садага берет.

-Иштей турчу бир иш таба албаса эмне кылат?

-Муктаж болгон бирөөнө кандайдыр бир жардамын көрсөтөт.

-Жардам кыла турчу бирөөнү табалбасачы?

-Кандайдыр бир иш кылуусу (мал-мүлкүм болгондо мен да бермексин деп айтуусу, бирөөнө жол көрсөтүүсү, жолдогу кыйынчылык тарттырып жаткан бир нерсени алып таштоосу, өлүмдү эстөөсү, зыянын тийгизүүдөн сактануусу, илим үйрөнүүсү сыяктуулар) дагы ал адам үчүн бир садага болуп саналат. [Бухари, Муслим, Насаи] []

Садаганы кимге берүү керек

Илим үйрөтүлгөн жерлерге, керек болсо зекет, фытра, атаган мал жана акыйка мал, керек болсо садага түрүндө кылынган жардам адам баласын ар кандай кырсыктан, балээден коргойт. Дүнүйөдө ден-соолукта өмүр сүрүүсүнө себеп болот. Айрыкча парз болгон динге кызмат илим жайуу сообуна жеткирет. Ушундайча жардам көрсөткөн киши дүнүйөдө да, акыретте да чоң соопторго жеткен болот. Илим жайуунун сообун Пайгамбарыбыз мындайча түшүндүрүүдө:

«Бүткүл ибадаттарга берилген сооп Аллах жолунда жихадга берилген сооптун жанында деңиздин жанындагы бир тамчы суу сыяктуу. Ал эми жихад сообу болсо амри маруф жана нахий анилмункар сообунун (диндин буйруктарын жана тыюуларын үйрөтүүнүн) жанында деңизге салыштырганда бир тамчы суудайт.» [Дайлами]  Бул сооптон куру калбоо керек. «Жакшылыкка себепкер болгон адам ошол жакшылыкты кылган адам сыяктуу», - деп буюрулган.

Эмнелер садага болуп саналат?

Аллаху тааланын ыраалылыгын максат кылып орундалган ар нерсе садага болуп саналат.

«Өзүнө жана бала-бакырасына сарптаган нерселердин баары садага» [Байхаки]

«Ар жакшылык садага.» [И.Ахмед]

«Күлүмсүрөө менен салам берүү садага.» [Байхаки]

«Бир мөмө бактан желген же уурдалган нерселер ал бакты тиккен адам үчүн сада болот.»  [Муслим]

«Бирөөнө жакшы нерселерди үйрөтүү, жамандык кылуусуна тоскоол болуу, сураган кишиге жол көрсөтүү, көчөдөгү зыяндуу нерселерди тазалоо садага.»  [Тирмизи]

«Мудара кылуу садага.» [Дайлами]

«Оорукчан адамдын демин алып кайра чыгаруусу садага.» [Хатиб]

«Мечитке баратканда ташталган ар кадам садага.» [И. Ахмед]

«Өлүмдү эстөө садага.» [Дайлами]

«Аласасы бар кедей кишиге төлөп кутулуусу үчүн мөөнөт берген кишинин ар күнү бир садага болот.» [Таберани]

«Жолдон адашкан кишиге жол көрсөтүү садага.» [Ж.Сагир]

«Күйөөсүнө кызмат кылуу садага.» [Дайлами]

«Никелүүсү менен бирге болуу садага.» [Муслим]

«Харамдан сактанган киши менен кеңешүү садага.» [Дайлами]

«Жамандык кылуудан сактануу садага.» [Ибни Абиддунйа]

«Карыз берүү садага.» [Таберани]

«Салам берүү садага.» [Бухари]



Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.