Ислам дини » Зекет » Зекет качан берилет?




Зекет качан берилет?


Суроо: Зекет качан берилет?

ЖООП

Зекет фарз болгондон кийин берилет. Нисабга жеткен адам бай болгон убагын камерий айга карата бир жерге жазат. Мисалы, 3-Ражабда бай болгон болсо бир жылдан кийин 3-Ражабга келгенде дагы нисаб өлчөмүндө акчасы жана соода мал-мүлкү болсо зекетин берет. Рамазан айын күтпөйт.

Күнү келе электе да зекетин берүүнүн коркунучу жок, өтө жакшы болот, жада калса, келе турчу бир нече жылдын зекетин алдын ала берүу дагы жаиз. Зекетин жаңылыш эсептеп, бир алтын берүүсү керек болгон жерде эки алтын берген адам муну билген кезде экинчи жыл бере турчу зекеттен ушул бир алтынды кемитсе болот.

Зекетти шашылбастан бир жыл ичинде бериш керек деген аалымдар болгону менен тездетип эрте берүү важиб. Себепсиз кечиктирүү макрух болот. Шафии жана Маликиде зекет фарз болгондо дароо берүү фарз. Хадиси шарифте: "Зекет берүүдө шашылгыла!” - деп буюрулду. (Ибни Маже)

Суроо: Зекет Рамазан айында гана берилеби?

ЖООП

Динде ар бир бай болуп эсептелген адамдын зекет берүү айы жана күнү ар кандай болот. Рамазан айын күтпөйт. Эгер Шаввалдын 23дө бай болгон болсо келерки жылдын Шаввалынын 23дө зекет берет. Шавваль айы келе электе Рамазан айында берсе да болот. Бирок, Шавваль айынын 23дө кайрадан мал-мүлкүн эсептейт. Аз берген болсо үстүнө толуктайт. Көп берген болсо артык бергени нафил болот. Б.а., зекетти күнү келе электен мурда берсе да жаиз. Бирок, ошол күн келгенде кайрадан эсептеш керек.

Суроо: Бир устаз: "Зекет бир гана Рамазан айында берилет. Майрамдан мурда бериш керек. Майрамдан кийинкиге таштоого болбойт”, - деди. Зекет күнү толо электер эмне болот?

ЖООП

Бир жаңылыштык бар. Балким фытыр садаканы айткан чыгар. Ар кимдин зекет берүү убактысы ар кандай болот.

Суроо: Мал-мүлкүбүз нисабга жеткенден кийин бир жыл толгондо дароо зекетин берүү жаизби? Бүгүн же эртең зекет берем деп жатып өлсө мурас кылып калтырган мал-мүлкүнөн бериш керекпи?

ЖООП

Зекетти фарз болоору менен дароо бериш керек эмес. Берүүдөн мурда кайтыш болгон болсо мурас кылып калтырган мал-мүлкүнөн берилбейт. Кээ бир аалымдарга карата зекетти кечиктирүү макрух болуп саналат, биринчи мүмкүнчүлүк болор замат берүү керек.
Суроо: Бай болгон күнүбүз белгилүү болбосо, б.а., эстей албасак зекетти качан беришибиз керек?

ЖООП

Кайсы болжол басымдуу ойлонулган (занн-ы галиб кылынган) болсо ошого карап бир убакыт кабыл кылынат. Мындан кийин ошол убакыт негиз кылып кабыл алынат.

Суроо: Нисаб убактым 1-Рамазан. Колумда бар болгон мал-мүлкүм нисаб өлчөмүмдөн ашууда. 1-Рамазан күнү кайсы сааттан тарта зекет мага фарз болот?

ЖООП

Шари күн имсак менен башталат. Имсак убактысынан тарта зекет сизге фарз болот.

Суроо: Зекет бере турган күнү түш ченде акчамды же алтынымды уурдатсам имсак убактысынан кийин зекет берүү мага фарз болгондуктан зекет өлчөмүн кийинирээк колго тийген кезде төлөшүм керекпи?

ЖООП

Жок. Өзүңүз жок кылбагандыктан берүүңүз керек эмес.

Суроо: Зекет күнү келип зекетин бербеген адам кийин кедей болуп, колунда эч акчасы калбаган адамдын зекет карызы кечирилеби?

ЖООП

Мал-мүлктү өзү жок кылса зекет карызы кечирилбейт, акча өзүнөн өзү жок болсо зекет кечирилет. Б.а., мал-мүлктү өзү сарптаса же жок кылса карызы кечирилбейт. Мисалы, биржада акчасын жок кылса же машина, холодильник сыяктуу буюмдарды алып акчасынын бардыгын сарптаса зекет кечирилбейт, зекетин бериши керек болот. Мал-мүлкү уурдалса, жоголсо, өрттөнүп жок болсо же карызга, аманатка берип кайра алалбаса анда зекет бериш керек эмес.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш