Ислам дини » Зекет » Зекет нисабы деген эмне?




Зекет нисабы деген эмне?


Суроо: Зекет нисабы деген эмне, кандай эсептелет?

ЖООП

1- Зекет нисабы 20 мискал, б.а., 96 гр алтын же анын баасынчалык акча же соода мал-мүлкү болуп саналат. Зекет нисабына ээ болгон адам динибизде бай деп аталат. Динибизде эркек менен аялынын мүлкү өзүнчө-өзүнчө болот. Бири-бирине кошулбайт. Кимиси бай болсо зекетин ошол берет.

2- Аласалар нисап эсебине кошулат. Аласалар жыйналгандан кийин зекеттери берилет. Ала электе да берсе болот. Карыздар колдо бар болгон акча же мүлктөн чыгарылат. Андан калгандын зекети берилет. Он жылдан кийин алына турчу акча зекет нисабына кошулат. Он жылдан кийин төлөнө турчу карыз зекеттен алынат.

3- Соода үчүн болбогон үйлөр, участоктор, унаалар, үй буюмдары зекет нисабына кошулбайт. Соода үчүн алынган буюмдардын, алтын, күмүш жана ар түрдүү акчанын зекети берилет. Үйдүн, машинанын зекети болбойт, бирок, машина, үй жана участок алып саткан адам булардын зекетин берет, себеби, буларды соода үчүн алган болууда. Үй салдыруу үчүн участок алган адам мунун зекетин бербейт. (Дурер)

4- Алтын менен күмүш кандай ниет менен сакталса дагы соода буюму болуп саналат. Калган акча жана соода мал-мүлкү менен нисабга жетсе зекети берилет.

5- Зекетке жаткан мал-мүлктүн же акчанын жыл ичинде азайып же көбөйүүсү маанилүү эмес. Нисабга ээ болгондон бир жыл кийин колдо калган мал-мүлк нисабга жете турган болсо кырктан бири зекет катары берилет. Зекет пайдадан эмес колдо бар болгон акчанын жана колдогу соода мал-мүлктүн бардыгынан берилет.

6- Жоголгон, тартылып алынган, сакталган жери унутулган мал-мүлк жана берүүдөн баш тартылган аласалар нисабга кошулбайт жана колго тийе турган болсо мурунку жылдарынын зекети берилбейт. Далили же эки күбөлүү болгон, моюндалган аласалар банкрот болгон адамда жана кедейде болсо дагы нисабга кошулат. Колго тийгенде өткөн жылдарынын дагы зекети берилет.

7- Карызы бар жана кедей болгон адамга аялы зекет бере алат. Бир аял махр-и муэжжел катары күйөөсүнөн ала турган алтындарды зекет нисабына кошот. Аялдын алтын жана күмүштөрү башка калган зыйнат буюмдары зекетке жатпайт. Жылтырак, алмаз, зумрут сыяктуу зыйнат бумдардын зекети берилбейт. Шафииде болсо аялдын алтын жана күмүш болсо да зыйнат буюмдарынын зекети берилбейт. (Хидая)

8- Нисабдын жок болуусу нөл болуусу же карызга кирип нөлдөн төмөн болуусу дегенди билдирет.

9- Зекет фарз болгондон кийин берилет. Нисабга жеткен адам бай болгон убагын камерий айга карата бир жерге белгилеп жазат. Мисалы, 3-Ражабда бай болгон болсо бир жылдан кийин 3-Ражабга келгенде дагы нисаб өлчөмүндө акчасы жана соода мал-мүлкү болсо зекетин берет. Рамазан айын күтпөйт. Күнү келе электе да зекетин берүүнүн коркунучу жок, өтө жакшы болот, жада калса, келе турчу бир нече жылдын зекетин алдын ала берүу дагы жаиз. Зекетин жаңылыш эсептеп, бир алтын берүүсү керек болгон жерде эки алтын берген адам муну билген кезде экинчи жыл бере турчу зекеттен ушул бир алтынды кемитсе болот.

10- Ишчилердин ала турчу айлыктары колдоруна тийүүдөн мурда нисаб эсебине кошулбайт. Себеби, булар колго тийүүдөн мурда мүлк боло албайт. Айлыктардан кесилген пенсиялык төлөмөлөр зекет нисабына кошулбайт. Бир нече жылдардан кийин топтолуп колго тийсе, бир гана колго тийген акча ошол жылдын зекет нисабына кошулат.

11- Акциялар соода мал-мүлкү сыяктуу зекеттин эсептелген убагындагы базар баасы менен нисабга кошулат.

12- Көлдө чоңойтулган балыктар сатылганда бул акча калган зекетке жаткан мал-мүлк менен бирге нисабга жетсе зекети берилет. Бир нече уйлары болуп көп сүт саткан адам уйлардын зекетин бербейт, бирок, жыл акырында сүттөн түшкөн акча зекет нисабына кошулат.

13- Намаз окубаган, орозо кармабаган мусулман адам да зекет берүүсү керек. Карызы жок кедейге нисаб өлчөмү же андан да көп зекет берүү макрух. Зекет берип жатканда зекет деп айтуунун кажети жок. Хадия (белек) деп айтылса да болот. Зекет сатып жаткан мал-мүлктөн же ошонун баасына тете алтын менен берилет.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш