Суроо: Зекеттин пайдалары эмнелер?
Жооп
Курани каримде көп жерде намаз менен зекет бирге
билдирилүүдө. "Намаз окугула, зекет бергиле!” -деп айтылууда.
Зекетин бербеген адамды Аллах лаанат кылат. Жокчулукка дуушар болот, таза
мал-мүлкүн булгаган болот, ал мал-мүлк текке кетет. Хадиси шарифтерде мындай
деп айтылды:
"Эң фазилаттуу ибадат - намаз анан
зекет.” [Табарани]
"Ооруну садага менен, мал-мүлктү
зекет менен коргогула!” [Дайлами]
"Аллаху таала мал-мүлкүңөрдү
тазаланып, жакшы болуусу үчүн зекетти фарз кылды.” [Хаким]
"Зекет бербеген адамдын намазы кабыл
болбойт.” [Табарани]
(Зекет бербөө харам болгондуктан мындай күнөөкөрдүн окуган намазы сахих болуп,
карызынан кутулса дагы намаздан пайда боло турган сооптордон куру калат.)
"Зекет бербеген адам таза мал-мүлкүн
булгаган болот.” [Табарани]
"Зекет бербеген адам кыямат күнү
оттун ичинде.” [Табарани]
"Байлардын зекети кедейлерге жетиштүү
болбогондо Аллаху таала кедейлердин ырыскысын башка жолдордон бермек. Ачка
калган кедей бар болсо байлардын зулумдугунан улам.” [Ал-Аскери] (Колу-буту соо болуп, иштей
алган адамдын зекет талап кылуусу харам. Талап кылбаса дагы өзүнө зекет
берилсе, алуусу күнөө болбойт. Зекет нисабга ээ болбой, иштей албаган оорулуу,
майып жана иштесе дагы кыйын тиричилик өткөргөн кишилерге берилет. Аллаху таала
мындай кедейлерди элдин ичинде кырктан бир деңгээлде жараткан.)
"Зекет бербеген бир жамаат ырайымдан,
жакшылыктан куру калат. Жаныбарлар да болбогондо эч качан ырайым көрүшмөк
эмес.” [Табарани]
"Зекети берилбеген мал-мүлктөр жерде,
деңизде жок болот.” [Табарани]
"Зекетин берген адам ал мал-мүлктүн
жамандыгынан коргонгон болот.” [Байхаки]
Расулуллах алейхиссалам: "Зекети
берилбеген мал-мүлктөр ажыдаар болуп ээсинин моюнуна оролот”, - деп,
ушул маанидеги аяти кариманы окуду:
"Аллаху таала ихсан кылып берген
мал-мүлкүнүн зекетин бербеген адамдар жакшы кылдык, бай болуп калдык деп ойлобосун.
Муну менен алар өздөрүнө жамандык кылышууда. Ал мал-мүлктөр Тозокто азапка
себеп болот, жылан болуп, моюндарына оролуп, бүт жерин чагат.” [Ал-и Имран сүрөсү 180]
Бул катуу азаптардан кутулуу үчүн мал-мүлкүнүн
зекетин, талаадан алган тушумун, жашылча жана мөмө-жемиштин ушурун берүү шарт.
Зекет кыркта бир, ушур ондо бир берилет. Курани каримде:"Мал-мүлктү,
акчаны жыйнап, зекетин бербегендерге жан ооруткан азаптын кабарын бергин!
Зекети берилбеген мал-мүлк, акча, Тозок отуна кызытылып, ээсинин маңдайына,
жамбаштарына, аркасына мөөр сыяктуу басылат.”, -деп айтылды. [Тообо сүрөсү
34, 35]
Намаз окубаган, орозо кармабаган бир мусулмандын
да зекет берүүсү зарыл.
Зекет бербөө жана карызын төлөбөө харам. Дин
китептеринде: "Харам иш кылгандын, харам жегендин дубасы кабыл
болбойт” жана "Фарз карызы болгондун нафил ибадаттары
кабыл болбойт”, - деп билдирилүүдө. Зекет бербеген бай миңдеген
кедейдин акысын жегени үчүн жана Аллаху тааланын буйругун орундабаганы үчүн
анын эч бир кайрымдуулугу, жакшылыгы кабыл болбойт. Мүмкүнчүлүгү болуп туруп
карызын төлөбөгөн адам да ушундай.
Кедейге берилген алтын аны бай кыла тургандай көп
болбошу керек. Карызы жок кедейге нисаб өлчөмүндө же андан көп зекет берүү
макрух, бирок, жаиз. 10 грамм алтын карызы бар болсо 100 грамм алтын алса
макрух болбойт. Алтын менен күмүш эмне ниет менен сакталса да товар болуп
саналат. Нисаб өлчөмүндө болсо зекети берилет.
Бир күндүк жегенге тамагы бардын зекет же садага
талап кылуусу харам. Бирок, өзү талап кылбаган болсо да берилген садаганы,
зекетти алуусу жаиз. Зекетти муктаждарга берүү зарыл.
Суроо: Тообо сүрөсү 34-аятында: "Алтын-күмүштү
жыйнап, Аллаху тааланын жолуна иштетпегендерге жан ооруткан азап бар”, - деп
билдирилүүдө. Бул жерде акча жыйноого тыюу салынуудабы?
Жооп
Пайгамбарыбыз алейхиссалам Курани каримди
түшүндүрүп берген. Бир хадиси шарифтин мааниси төмөндөгүдөй:
"Зекети берилген мал-мүлк
канзэмес.” [Абу
Давуд, Хаким, Хатиб] (Канз бул – жыйнап сакталган, пайдаланылбаган мал-мүлк,
казына.)
Мусулмандын мал-мүлкүндө зекеттен башка эч кимдин
акысы жок. Расулуллах алейхиссалам: "Мал-мүлктө зекеттен башка акы
жок”, -деп билдирди. (Ахкам-ус-султаниййа)
Зекети берилген мал-мүлк
Суроо: Социалист көз караштуу бир исламчы киши: "Зекети
берилген мал-мүлк колдонулбай турган болсо канз болот. Бул мал-мүлктү анын
колунан алып, кедейлерге берүү важиб. Бул маселеде аят жана хадис бар”, - деп
айтууда. Бул маселеде динибиздин өкүмү кандай?
Жооп
Канз – пайдалуу бир максаттын сыртында жыйналган,
сакталган, запас кылынган мал-мүлк дегенди билдирет. Зекети берилген
мал-мүлктөр үчүн эмес, зекети берилбеген мал-мүлктөр үчүн жан ооруткан азап
бар. Мусулмандын мал-мүлкүндө зекеттен башка эч кимдин эч кандай акысы жок. Бул
маселеде бир хадиси шарифтин мааниси:
"Карызын төлө үчүн сактоо же Аллахтын
жолуна сарптоо максатынан башка алтын жана күмүштү жыйнап, сактоо канз
болот.” [Тирмизи, И.
Ахмед]
Умму Салама энебиз айтат: Расулуллахтан
"саллаллаху алейхи ва саллам” алтын жасалгаларым Курани каримде тыюу
салынган канз өкүмүнө кирип калбайбы деп сурадым. "Зекети берилиши
керек болгон өлчөмгө жеткен нерсенин зекети берилсе канз болуп саналбайт”,
- деп айтты. (Абу Давуд, Хаким)