Ислам дини » Зекет » Кедейге нисаб өлчөмүнөн артык зекет берүү




Кедейге нисаб өлчөмүнөн артык зекет берүү


Суроо: Зекет катары бере турчу өлчөмүм карызы жок бир кедейге нисаб өлчөмүнөн артык болушу мүмкүнбү?

ЖООП

Артык болушу мүмкүн эмес, артык болсо зекет макрух болот. Эгер ал кедейдин баласы, аялы бар болсо, мисалы, бир үйдө үчөө тең кедей болсо, берилген зекет үчкө бөлүнөт, ар бирине берилген өлчөм нисабдан өтпөсө макрух болбойт. Баланын кичине болуусунун зыяны жок, кедей болуусу жетиштүү.

Суроо: Кедейге 100 грам алтын зекет берилсе сахих болобу?

ЖООП

Сахих болот, бирок, карызсыз кедейге нисаб өлчөмү же андан көп зекет берүү макрух болот. Кедейге берилген алтын аны бай кыла турганчалык көп болбоосу керек. Карыздуу кедейге карызын төлөп нисабга жетпегенчелик зекет берүүгө болот. Мисалы, кедейдин 80 грам алтын карызы бар болсо ал кедейге 170 грам алтын берүү макрух болбойт. Себеби, карызын төлөгөндөн кийин колунда нисабга жетерлик акчасы калбайт.

Суроо: Кедейге бере турчу зекет өлчөмүм аны дин жагынан бай кылууда. Эмне кылуум керек?

ЖООП

Кедейдин аялы, балдары дагы кедей болсо ар бирине бай болбой турганчалык өлчөмдө берүүгө болот. Же кедейге бай болбой турганчалык акча бересиз, ал акчаны сарптагандан кийин кайра дагы бересиз.

Суроо: 1 кг алтын карызы бар кедейге 1 кг алтын зекет берүү жаизби?

ЖООП

Ооба.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш