Ислам дини » Зекет » Эң үстөм садака




Эң үстөм садака


Суроо: Эң үстөм садака эмне?

ЖООП: Бул садака бергендин же берилгендин жагдайына жараша өзгөрөт. Мисалы, эгер ачка бир адам бар болсо, аны тойгузуу эң үстөм садака болот. Эгер бир адамдын материалдык мүмкүнчүлүгү жок, карызы бар досу бар болсо, ал үчүн эң үстөм садака ошол досун карыздан куткаруу болот. Хадиси шарифтерде мындай деп айтылат:

"Эң үстөм садака – суу берүү.” [Насаи]

"Эң үстөм садака – ачка бир жандыкты тойгузуу.” [Байхаки]

"Эң үстөм садака – эки адамды элдештирүү.” [Табарани]

"Эң үстөм садака – тилине ээ болуу.” [Дайлами]

"Эң үстөм садака – жашыруун берилгени.” [Табарани]

"Эң үстөм садака – илимди жайылтуу.” [Табарани]

"Эң үстөм садака – илимди үйрөнүү жана аны башкаларга да үйрөтүү.” [Ибни Мажа]

"Эң үстөм садака – кек сактаган жакынына берилгени.” [Табарани]

"Эң үстөм садака – ден соолугу чын, байлыкка берилген болуп, байлыкты үмүт кылып, кедей болуудан коркуп турганда берилген садака.” [Муслим]

"Эң үстөм садака – чын сөздү өз ордунда айтуу.” [Хаким]

"Эң үстөм садака – Рамазанда берилгени.” [Тирмизи] 

Садакада биринчилик 

Суроо: Садака берүүдө биринчилик кезеги кандай болууга тийиш?

ЖООП: Бул адамдын жагдайына жараша өзгөрөт. Мисалы, карызы бар адам биринчи кезекте карызын төлөшү керек. Бирок, бөлүп төлөөдөн карызы бар болуп, күнү келгенде төлөй алган адам карызы бүтө электе да садака берсе болот. Зекет карызы бар кезде берилген садака да кабыл болбойт. Имам Раббани хазрети мындай дейт:

"Зекет ниети менен кедейге бир алтын берүү жүз миң алтын садака берүүдөн да сооптуу. Анткени, зекет берүү – парзды орундоо. Садакалар болсо – нафил ибадаттар. Парз ибадаттын жанында нафил ибадаттардын эч кандай баасы жок. Деңиздин жанында бир тамчы да эмес. Шайтан алдап, казаларды кылдыртпайт, зекет бергизбейт, нафилдерди кооз кылып көрсөтөт.” (3/17)

Өзүнүн үй-бүлөсүнүн нафакасын камсыз кылбай туруп башкага садака берилбейт. Садака берип жатканда өз үй-бүлөсүнөн кийин салих болгон кедей туугандарына артыкчылык берүү керек. Бир хадиси шарифтин мааниси да мындайча:

"Кедейге берилген садака бир садака болсо, тууганга берилген садака – садака да жана сыла-и рахим да болуп, эки садака болуп саналат.” [Насаи]

"Жакын тууган жана кошунага берилген садаканын сообу эки эсе көп.” [Табарани]

Бир аял Расулуллахтан: "Эгер кедей жолдошума белек берсем, садаканын ордуна өтөбү?” – деп сураганда, Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай деп жооп берди:

"Эки сооп бар. Бирөө садака, экинчиси болсо сыла-и рахим сообу.” [Бухари]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш