Суроо: "Акча – бул акча. Эмне үчүн кагаз акча
менен зекет берилбейт?” деп айтылып жүрөт. Диндин бул маселедеги өкүмү кандай?
ЖООП: Азыр баары дин жөнүндө кеп кылып, ар ким өз акылына салып сүйлөшөт. Эмнеге мындай болбошу керек,
менимче сонун болот дешет. Аллах эмнени буюрууда, Пайгамбарыбыз эмне дейт,
диний китептерибизде эмне деп жазылган дешпейт. Эгер акыл критерий болгондо
акылдын санына барабар дин болмок. Ошондуктан, динде накыл негиз.
Зекет катары бериле турган мал-мүлктөрдүн ордуна алардын бааларын да берүү
жаиз. Баа (номинал) деп айтылганда алтын менен күмүш түшүнүлөт. Башка мал-мүлктөр
[чек, вексель же акчалар] түшүнүлбөйт. Анткени, нерселердин баасы алтын жана
күмүш менен түшүнүлөт. (Кешфи румуз-и
гурар)
Фулус [жез] тыйындардын баасы нисабга жеткенде зекет катары бул фулустун
баасынын кырктан бирин күмүш менен берүү керек. (Мифтах-ус-саада)
Жез акчанын зекетин бир эле түрдөгү жез акчадан берүүгө болбойт, күмүш
катары берүү керек. Имам Абу Юсуфхазреттери: "Жер ээлеринен ушур жана зекет катары алтын жана күмүштүн ордуна
башка айлануудагы болгон акча [кагаз акча] алуу харам болот. Булар баары кабыл
алган мөөр басылган акча болгону менен алар алтын эмес, жез тыйын”, - деди. (Радд-ул-мухтар)
Алтын же күмүш болбогон жүгүртүүдөгү акча менен зекет берилбейт. Зекет же алтындан
же күмүштөн же соода мал-мүлкүнөн (товарынан) берилет. Имам Насафи хазреттери: "Бай
адам тамак сатып алып кедейге жедирсе зекет берген болбойт”, - дейт. (Захира)
Зекет катары алтын жана күмүштүн ордуна булардын баасына барабар уруз
[соода мал-мүлкү] берүү сахих. Кийим сатуучу же соода кылган кийиминен же анын
баасына барабар алтын, күмүш берет. (Тахтави)
Беш төөсү бар адам бир кой берет. 24кө чейин төрт кой берилет. 25тен 35ке
чейинки төө үчүн эки жаштагы бир ургаачы төө баласы берилет. 36дан 45ке чейин төөнүн
үч жашар ургаачысы төө баласы берилет. 46дан 60ка чейин жүккө жарай турган төрт
жашар ургаачы төө берилет. Мындан көбүрөөгү үчүн болсо белгилүү сандарда
ургаачы төө берилет. Зекет катары эркек төө берилбейт. Эркек төөлөрдүн зекети дагы
ургаачы төө катары берилет. Эгер ургаачы төө жок болсо баасына барабар алтын же
күмүш берилет. Башка мал-мүлк берилбейт. (Хиндиййа)
Эмне үчүн ургаачы төө берилиши керек экенин биле албайбыз. Төө минилет, эти
желет, жүк ташылат. Ургаачы төөнүн эркек төөдөн айырмасы бар, сүт берет, тууйт.
Ал эми ургаачы төө эркек төөсүз тууй албайт. Ошого карабастан динибиз эркек
төөнү зекет катары берүүнү жаиз деп эсептебейт. Бакалея иштеткен адам дүкөнүндө
саткан товарларынан зекет бере алат, бирок, конфекция (кийим-кече) товарынан
зекет бере албайт.
Конфекциячы (кийим сатуучу) да күрмө, костюм, шым сыяктуу саткан
товарларынан зекет бере алат, бирок, күрүч, май сыяктуу дүкөнчү саткан товарлардан
зекет бере албайт. Фармацевт саткан дары-дармектерин гана зекет катары бере
алат же алтын менен бере алат. Кийим-кече же азык-түлүк бере албайт. Килем
сатуучу же эмерек жасоочу өзү соода кылган жана саткан товарларын гана зекет
катары бере алат. Оюнчук саткан адам эмерек бере албайт, эмерекчи оюнчук бере
албайт. Кээ бирөөлөр: "Кедейге эмне берсең алат. Берсең эле болду, кедей ыраазы
болот”, - дешет. Ооба, кедей ыраазы болот. Бирок, эң негизгиси кедейдин ыраазылыгы
эмес, Аллаху тааланын ыраазылыгы. Кумарда да, пайызда да, зынаада тараптардын ыраазылыгы
бар. Бирок, Аллахтын ыраазылыгы жок. Эң маанилүүсү – Аллахтын буйругу.
Динге ылайык чечим
издөө
Хила-и шариййа – харамга түшүп калбоо үчүн кутулуунун чечимин табуу дегенди
билдирет. Харамды халалга, халалды харамга айлантуу үчүн хила-и шариййа
кылынбайт. Же кимдир бирөөнүн укугуна тоскоол болуу, адилетсиз мал-мүлккө ээ
болуу үчүн хила кылуу жаиз эмес. Парздардан качуу (кутулуу) же харам иштерди
кылуу үчүн хила кылуу харам. Бул хила-и шариййа эмес, хила-и батыла деп аталат.
Бир нерсе парз же харам болуудан мурун парз же харам болуусунун алдын алуу
жаиз. Бул хила-и шариййа деп аталат.
Ишенимдүү китептерде айтылат:
Харамдан кутулуу жана халалга жетүү үчүн хила-и шариййа кылуу жаиз жана жакшы.
Мындай хиланын жаиз экендигинин далили Саад сүрөсүнүн 44-аяты. Бул аяти карима Аййуб
алейхиссалам аялын жүз таяк менен урууга ант бергенде, бул анттан кутулуусу
үчүн кылына турган хила-и шариййа тууралуу кабар берет. (Хиндиййа)
Саид бин Сад хазреттери айтат:
"Атам Сад Расулуллахка оорулуу, калтырап-титиреп турган адамды алып келди. Анын
кылмышын айтып, жазасын берилүүсүн сурады. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Аны жүз бүчүрлөрү бар бутак менен бир жолу
ургула!” – деп буюрду. Ушинтип бир жолу уруу менен жүз таяк
урулган, хад жазасы аткарылган болду. (Эшиат-ул-ламаат)
Аяти карима жана хадиси шарифте билдирилген маселелер да хила-и шариййанын
жаиз жана жакшы экенин көрсөтүүдө. Имам Азам хазреттери да хила-и шариййанын
жаиз экенин билдирген эле.
Зарыл жагдай болмоюнча эч бир себеп менен карыз акча алып, пайыз төлөө жаиз
эмес. Зарылдык башка нерсе, муктаждык башка нерсе. Зарылдык – бул өзүнүн же нафакасы
зарыл болгондордун ачка, суусуз, жылаңач же көчөдө калып ооруп калышы дегендик.
Зарылдык пайда болгондо, тагыраагы, өлүмдөн же оорудан бир мүчөсүнөн ажырап
калуудан коркунучу болгондо халал жол табылбаса пайызга (үстөк менен) карыз
алуу аркылуу зарылдык кетирилет.
Нафакага муктаж болуп, эмгектене албаган жана пайызсыз карыз таба албаган
адамдын нафака үчүн пайыз менен карыз алуусу жаиз болгону менен, мындай адамдын
насыяны муамала сатыш жолу менен алуусу жакшы болот. Мисалы, он алтын алып, үч
айдан кийин он эки алтын төлөгүсү келсе он алтын алып жатканда калем, дептер,
китеп сыяктуу кандайдыр бир нерсени да эки алтынга сатып алып, он эки алтын
карыз болот. Ошол сыяктуу эле, харам иштерден кутулуу жолун издөө хила-и
шариййа деп аталат. Зарылдыкка кабылган адамдын ибадатын калтырбоо же харам иш
кылбоо үчүн хила-и шариййа кылуусу зарыл болот. Исламды карманануудан качуу
үчүн чара издөө хила-и батыла деп аталат жана бул харам.
Зекетти кедейге же өкүлүнө алтын катары берип, кийин муну кагаз акчага
айлантуу хила-и шариййа болот. Зекетти, фитр садаканы, назирди жана курмандыкты
каза кылбай кедей болуп калган адам хила-и шариййа деп аталган жеңилдик менен
буларды каза кыла алат.
Жубайы менен үч талак берип ажырашкан адамдын никеси өзүнүн мазхабына
ылайык, бирок, калган үч мазхабдын бирине ылайык эмес болгон болсо ошол
мазхабды таклид кылып жаңыдан никеге турат. Бул да хила-и шариййа болот.
100 граммдык билериги бар муктаж бир аял диний жагынан бай деп эсептелет. Зекет
берүүсү жана курмандык чалуусу керек. Эгер бул муктаж аял курмандык чалбоо үчүн
курман айтта сапарга чыкса, айттан кийин үйүнө кайтып келсе, эми курмандык
чалуусу важиб болбойт. Зекет бербөө үчүн да билериктеринин жарымын баласына
белекке берсе зекет берүүдөн кутулат. Бирок, зекет парз боло электе кылынган
мындай хила Имам Мухаммедге карай макрух, Имам Абу Юсуфка карай жаиз болот.
Кагаз акчалардын
зекетин берүү үчүн хила-и шариййа
Бардык китептерде: "Кагаз акчанын зекети алтын катары берилет. Кагаз катары
берилбейт”, - деп жазылат. Кагаз акчалардын зекетин бере алуу үчүн "Хила-и
шариййа” кылынат.
Карыз алган адамына зекет берип карыздан куткарыш үчүн: "Сага зекет берем.
Бирок, сендеги аласамды алганымды мен бере турган зекетке деп эсептейм. Сен да
кабыл ал!”- деп айтуу жаиз болбойт. Зекетти кедейге берүүсү, кедейдин болсо алганын
байга кайтарып берип карызын төлөөсү керек. Кедейдин кайтарып берүүсүнө көзү
жетпеген аласасы болгон киши тууралуу "Фатава-йи
Хиндиййа”нын алтынчы томунун аягында мындай дейт:
"Аласасы болгон киши өзү карыз берген адамга бирөөнү көрсөтүп, сага бере
турган зекетимди кабыл алуу жана кийин мага болгон карызыңды төлөө үчүн аны
өкүл дайында деп айтат. Кедей адам болсо ал кишини ошентип өкүл дайындайт. Ал
киши зекетти алганда алган мал-мүлк кедейдин мал-мүлкү болот. Кийин аны бай
адамга кайра берип, кедей кишинин карызын төлөгөн болот.
Эки адамдын бир кедейден аласалары бар болсо, алардын бири кедейге аласасы
өлчөмүндө зекет берип, аны өзүнө болгон карызынан куткаргысы келсе кедейге ошол
өлчөмдө зекет берет. Кийин аласасын кедейге садака кылып берет. Башкача
айтканда, халал кылат, багыштайт. Андан кийин кедей колундагы зекетти бул байга
белек кылат. Же кедей киши бирөөнөн карызына барабар алтынды карызга алып,
байга белек кылат. Бай адам муну зекет ниети менен кедейге кайтарып берет.
Андан кийин кедейди карызынан ибра кылат. Тагыраагы, ага багыштайт (тартуу
кылат). Кедей зекет катары алган алтындарды мурда карыз алган адамга кайтарып
берет. Зекет менен [жана назир кылынган мал-мүлк менен] кайрымдуулук жана
жакшылык кылууга болбойт. Кылуу үчүн буларды өзү тааныган бир кедейге берет. Кедей
болсо булар менен ошол кайрымдуулуктарды кылат.”
Булардан белгилүү болгондой, кагаз акча менен зекет бере алуу үчүн бере
турган кагаз акчанын баасындай алтын акчанын салмагындагы алтын зыйнат
буюмдарын жубайынан же бир таанышынан карызга алып турат. Алтындарды өзү
тааныган же туугандарынан бир кедейге зекет ниети менен берет. Ошентип кагаз
акчалардын зекети берилген болот. Андан кийин кедей бул алтындарды бул байга
белек кылат. Бай болсо аны алып, ээсине кайтарып берип, карызын төлөйт. Зекети
берилген болгондуктан бай зекет берүү ниети менен бөлүп койгон колундагы кагаз
акчалардын бир бөлүгүн бул кедейге берет. Калганын ар кандай жакшылыктарга, кайрымдуулуктарга
жумшайт. Ал эми кедей болсо бул кайрымдуулуктардын соопторун алгысы келсе зекет
катары алган алтындарды кайтарып бербейт, бул байга сатат. Андан кийин
кайрымдуулуктардын кылынуусу үчүн байды өкүл кылып дайындап, кагаз акчаларды
байга кайтарып берет.
Төрт мазхаб илимдеринин адиси, улуу аалым, сеййид Абдулхаким Арваси
хазреттери айтат:
"Кагаз акчалардын баасы номиналдуу. Колдонулбай калганда баалуулугун
жоготкондой эле фитра жана зекетти кагаз акча менен берүү жаиз болбойт. Мурда кагаз
акча менен берилген зекеттер алтын менен давр кылынып, казасы орундалууга
тийиш. Ажылыктан башка каржылык ибадаттардын казасы давр жолу менен орундалат.” (Жаннат Жолу Илмихалы)
Бир окурмандын
суроолору
Суроо: Зекетти алтын менен бергенде кедей
барып зергерге алмаштырат. Зергер болсо мындан 10% киреше табат. Биз берген
зекеттин бир бөлүгү зергерге кетет, бул адилетсиздик эмеспи?
ЖООП: Диндин буйругунда жаңылыштык болбойт. Бир
жерден алтын билерик жана башка алтын аласың, зекетти бересиң. Кедейге: "Кааласаң
бул алтынды мага сат, зергер 10% киреше табат, сен 10% зыян тартасың”, -
дейсиң. Ал макул болсо колуңдагы сен бере турган зекеттин акчасы менен бул
алтындарды сатып аласың. Ушундай жол менен зекет динге ылайык берилген болуп,
кедей да бир тыйын да жоготпойт, зергер да 10% алган болбойт. Карызга алган
алтындарды болсо алып барып ээсине бересиң. Динибизде туура эмес эч нерсе жок
жана болушу мүмкүн эмес, ар бир нерсенин жеңил жолу жана чечими бар.
- Экономикалык системанын стандарты алтынга индекстелген 80-90 жыл мурун ушул
сиздин айтканыңыз туура болушу мүмкүн эле. Бирок, азыр ушул сиз айткан нерсеге
ылайык ар ким зекет берсе карызга билерик-алтын таппай калмак турсун, анда
Туркияда алтындын баасы көтөрүлүп, импорт болуп, валютаны жоготуудан банкротко
учурамакпыз. Жүк ташуучу унааларга толо алтынга муктаждык пайда болот. Экономиканы
жакшы билген бир улуу аалымдын ижтихадына муктажбыз! Мындан башка зекетти акча
менен берүүгө болот деген жамааттар да бар.
ЖООП: Намаз окубаган жамааттар бар, аялдары,
кыздары ачык жүргөн жамааттар бар, таптакыр зекет бербеген жамааттар бар. Булар
динде критерий болобу? Биз сизге диндин өкүмүн билдирип жатабыз. Динде менин же
баланча жамааттын пикири критерий болбойт. Критерий - диндеги китептер. Зекет
берип жатканда кантип жүк ташуучу унаага толо алтынга муктаждык болсун? Мынчалык
да апыртууга болобу?
- Толук мусулман коомунда жүк ташуучу унааларга толо алтынга муктаждык
болот. Сиз айткан ыкма толук мусулман өлкөнүн экономикасын кыйратат. Болбойт
дегенден алысмын, балким, кандайдыр бир баланстык система түзүлүшү мүмкүн,
бирок, мага абдан күмөндүү көрүнөт.
ЖООП: Зекет динге ылайык берилгенде бир
өлкөнүн экономикасынын кыйрай турганын айтуу Аллахты жана Расулун жахилдик
менен күнөөлөгөн болот. Кудай сактасын, ушундай бир система түзүп, муну Аллаху
таала билбей калдыбы?
Соода товарларынын зекетин алтын менен берүү шарт эмес. Соодадагы болгон
нерседен зекет берилет. Азык-түлүк менен соода кылгандар азык-түлүк, кийим тиккендер
кийим-кече беришет. Саат саткан адам саат берет.
Жок, мен алтын менен берем деген адам да алтын менен бере алат. Бирок, колунда
кагаз акчасы гана барлар гана (соода товары жок, соодагер эместер) алтын менен
беришет.
Триллионер адамдын да колунда жүк ташуучу унааларга толо алтын сатып
алганга накталай акчасы болбойт. Анткени, заводдор, цехтер, үйлөр, дүкөндөр,
устаканалар зекетке кирбейт. Булар чыкканда ал кишинин колунда эмнеси калат? Соода
буюмуна айланат, анын да зекетин буюм катары берет. Бир да бай адам колунда мынчалык
акчаны кармабайт.
Айталы, Туркиянын эң бай адамдарынын бири зекет бере турган болсо
азык-түлүк саткан маркеттерине азык-түлүк берилүүсүн буюрат. Ар бир кедейге
мынча май, мынча күрүч, мынча жуучу каражат бергиле дейт. Ошентип зекет бир
күндө берилген болот.
Өзүң белгилегендей бай болгон бир бизнесмендин жерлери, квартира, вилла
долбоорлору, унаа заводдору, үй жана офис эмерек фабрикасы, килем фабрикасы,
текстиль фабрикасы, компьютер өндүрүшү, электр үй буюмдары фабрикасы жана башка
ар кандай өндүрүш тармактарында ишканалары жана продукциялар бар. Зекетти сөзсүз
алтын менен берүү шарт эмес. Өндүргөн ушул продукциялардан каалаганын, ал
тургай сатылбай жыйналып калган товары кайсы болсо зекеттин баарын ошондон да
бере алат. Колунда накталай акча кармабайт, кармаса да анын да зекетин соода
кылган каалаган бир товардан бере алат.
Ошого карабастан эч ким зекетин алтын менен бербейт, берүүсүнүн кереги да
жок. Эгер сен айткан сөзсүз алтын болушу керек деген логикага ылайык иш кылсак
анда төмөндөгү мисалдагыдай берет:
Айталы, карыздары, кыймылсыз мүлктөрү, автоунаалары, дүкөндөрү жана соода
товарлары чыккандан кийин колунда накталай 6 триллион лира акчасы бар бир бай
адамды элестеткиле. Бул мүмкүн эмес, анткени, эч бир байдын колунда мынчалык
акча болбойт. Болбойт, бирок, сен айтканың үчүн айтып жатабыз. Бул болжол менен
400 килограмм алтынды сатып ала тургандай кудуретке ээ дегенди билдирет. Мунун
кырктан биринин зекетин бериши керек болуп, бул да 10 килограмм алтынга
барабар. 110 кедейди табат. Бирөөгө 90 граммдык бир алтын берет. Анан кийин
андан аны толук баасына сатып алат. Ошол эле алтынды башка бир кедейге берип,
андан да толук баасына сатып алат. Ошентип 110 кишиге зекетин берген болот.
Кудум Ислам дини жашоого туура келбейт деген сыяктуу чечмелөө Аллахты күнөөлөө
болот.
Эгер зекет динге ылайык берилсе динге амал кылынган да болот, экономика
жандандырылган да болот. Социалдык адилеттүүлүк камсыз кылынат. Мамлекеттин
жүгү да жеңилдейт. Сенин оюң боюнча, менин оюм боюнча дин болбойт? Сага кыйын
көрүнгөн бир нерсе мага балдай оңой көрүнүшү мүмкүн. Дин акылга же адамдарга
жараша өзгөрбөйт. Акыл жана адам динге баш ийүүгө аракет кылат. Муну канчалык
көп аткара алса ошончолук баалуу болот. Бул дүнүйөдө да, акыретте да ырахат
болот.
Кагаз акча менен
зекет
Суроо: Зекет кагаз акча менен берилсе, кедей
болсо бул акчага өзүнө алтын сатып алса зекет сахих болобу?
ЖООП: Ооба, сахих болот.
Кагаз акчанын
зекети
Суроо: Кагаз акчанын зекети эсептелгенде
алтындын грамм баасы кантип табылат?
ЖООП: Кагаз акчанын зекети эсептелген учурда
республика алтыны, Хамит лирасы, Азиз лирасы, Решат лирасы сыяктуу базардагы басма
жана мөөр басылган алтын лиралардын баасы эң төмөн болгону негизге алынат.
Алардын салмагы 7,2 грамм. Эң төмөнүнүн баасы 7,2ге бөлүнүп, алтындын грамм
баасы табылат. Айталы, Азиз лиранын эң төмөн болгону жана баасы да 576 лира
болсо, бир грамм алтындын баасы 576/7,2=80 лира болот.
Акчанын зекети
Суроо: Менде 16 миң лира акчам бар. Мунун
зекети кандай берилет?
ЖООП: Алгач алтындын грамм баасы табылат.
Мисалы, граммы 80 лира болсо 16 миң лира 200 грамм алтынга барабар. 200 грамм
алтындын кырктан бири болсо 5 грамм алтын болот. 5 грамм алтын зекет катары
берилет. Эгер так 5 грамм табуу мүмкүн болбосо үч чейрек алтын берилет.
Алтын жана акчасы
бар адам
Суроо: 70 грамм 14 карат алтыны жана 4000
лирасы бар адам зекетин кантип берет?
ЖООП: Алгач 4000 лирага канча алтын сатып
алына тургандыгы эсептелет. Бир грамм алтынды 80 лира деп кабыл алсак 4000/80=50
грамм алтын болот. Муну 70 граммга кошкондо 120 грамм болуп калат. Мунун
кырктан бири 3 граммды түзөт. Зекет катары 3 грамм алтын берүү керек. Ушул 3
граммды 22 караттан берсе абдан жакшы болот. 18 карат менен берилсе да жаиз
болот. Эгер 70 граммын 14 караттан, калган 50 граммын 22 караттан берсе эч
кандай зыяны жок. Алардын бардыгы 14 караттан берилсе макрух болот.
Ар кандай караттагы
(пробадагы) алтындар
Суроо: 35 грамм 14 карат, 25 грамм 18 карат,
40 грамм 22 карат алтыны бар адам кантип зекет берет?
ЖООП: Алтындын жалпы суммасы 35+25+40=100
грамм. Мунун кырктан бири, башкача айтканда, 2,5 граммы зекет катары берилет.
Алардын баарын 22 караттан берсе жакшы болот. 18 караттан болсо дагы ылайыктуу
болот, бирок, баары 14 караттан болсо макрух болот. Эгер алтындардын баарынын
караты 14 болсо, анда 14 караттан берүү макрух эмес. Башкача айтканда, алтындын
караты кандай болсо ошол караттан же андан жогору каратынан берүү керек.
Кантип эсептелет?
Суроо: Акчанын зекетин кантип оңой эсептесе
болот? Мисалы, 40 миң лиранын зекети кантип эсептелет?
ЖООП: 40 000 лира зекетин берүү үчүн алгач
анын кырктан бир бөлүгүн табуу керек. Бул 1000 лирага барабар. 1000 лирага канча
алтын сатып алынса ошончолук зекет берүү керек. Айталы, бир грамм алтын 33,3
лира болсо 1000 лирага болжол менен 30 грамм алтын сатып алат. Бул 30 грамм
алтын кедейлерге берилсе зекет динге ылайык берилген болот.
"Азыр салт
ушундай” деп айтуу
Суроо: Мурда зекет же соода кылынган товардан
же баасы алтындан берилчү. Бирок, бүгүнкү күндө алтындын ордуна кагаз акча
колдонулат. Эмне үчүн кагаз акча берилбеши керек? Мурда өгүз араба менен
барганыбыз үчүн азыр учакка түшпөйбүзбү? Азыр көпчүлүк адамдар эмне кылса ошол
нерсени кылуу керек. Мурда ушундай болчу деп эски нерселерди кылуу башка жолго
түшүү жана жаңылыш эмеспи?
ЖООП: Бул абдан туура эмес салыштыруу.
Аллаху таала: "Диниңерди толуктадым,
динде кемтик жок”, - дейт. Диний өкүмдөр убакыттын өтүшү менен өзгөрбөйт.
Динди убакыттын өтүшү менен өзгөртүү динде реформа болот. Үрп-адаттар,
каада-салттар өзгөрүшү мүмкүн. Бирок, диний өкүмдөрдө өзгөрүү болбойт. Өгүз
араба, учак үрп-адат, албетте үрп-адатта өзгөрүү болот. Замандын техникасына ылайыкташуу
ансыз да диндин буйругу. Ал эми ибадаттарга жаңылык жасоо – динди өзгөртүү.
Башкача айтканда, Аллах белгилеген ибадат түрүн жактырбоо дегендик.
Динибизге тескери болбосо каада-салтты кармануунун зыяны жок. Эгер
каада-салттар динге тескери болсо, "Азыр
баары ушундай кылып жатат” деп аны кармануу жаиз болбойт. Мисалы, азыр
көпчүлүк аялдар хиджаб кийбейт деп "Баары
ачык жүрөт, мен да ачык жүрсөм эмне болмок?” деп айтылбайт. Көптөр намаз
окубайт деп "Мен да намаз окубасам эмне
бомок эле?” деп айтылбайт. "Азыр ар
ким зекетин соода кылган товарларынан эмес, азык зат катары берет. Мен да
берсем эмне болмок эле? Жыл сайын берем, бирок, эч нерсе болбой эле” деп
айтууга болбойт. Динибиз соода товарынан же алтындан берилет деп жатса бир гана
ошондон берилет. Кийим сатуучу азык зат бере албагандай эле, азык-түлүк сатуучу
да кийим түрүндө зекет бере албайт. Башкача айтканда, диндин буйругу аткарылат,
ар кимдин кылганы критерий эмес.