Пайгамбарсыз дин болбойт


Пайгамбарсыз дин болбойт

Суроо: Куранда жок экенине карабастан намаздарда "субаханака”, "аттахыййату”, "салли-барик” дубалары эмнеге окулат? Эгер хадистерде бар десеңер мен хадистерге ишенбейм. Себеби, аларды Амавилер ойлоп тапкан. Салли барик окуу менен Расулга сыйынган болуп жатпайбы?

Жооп

Курани карим Расулуллахка түшкөн эмес беле? Расулуллах намаз окуган жок беле? Өмүрү боюнча окуган намазы таватур менен, б.а., ижма менен билдирилген эмес беле? Ал окуган намаз сыяктуу намаз окуу эмнеге жаңылыш болсун? Намаздын кантип окула тургандыгы, канча рекет экендиги, кайсыл убакыттарда окула тургандыгы, намазды эмнелер буза тургандыгы, эмнелер бузбай тургандыгы хадиси шарифтер менен билдирилген.

Хадиси шарифтерге ишенбеген мусулман Куранга дагы такыр ишенбейт. Себеби, Куранды чогултуп, Мусхаф абалына келтирген сахабалар болуп саналат. Алар билдирген аяттарга ишенген адамдын алар билдирген хадиси шарифтерге дагы ишенүүсү зарыл эмеспи?

Хадиси шарифтерди кантип ойлоп табылган деп айтууга болот? Пайгамбарыбыз алейхиссалам 23 жыл бою такыр сүйлөгөн жокпу, такыр бир сөз айтпадыбы, намаз минтип окулат дебедиби? Рукунун, сажданын кантип кылынуусун такыр көрсөткөн жокпу? Дайым намазды үйүндө жашыруун окудубу? Мечитке такыр келген жокпу? Акыркы оорусунан башка бардык намаздарда Аллахтын Расулу жамаатка намаз окуткан эмес беле?

Сахабалар Расулуллахтан көрүп субаханаканы, аттахыййатуну, салли бариктерди окушту. Раббананы окушту. Буларды кантип Амавилер ойлоп тапкан деп айтууга болот?

Макул, Амави дегендердин тарыхта болгонун кимден үйрөндүңөр? Китептерде жазылганбы? Ал китептерде хадиси шарифтер дагы жазылган. Амави дегендердин тарыхта жашап өткөнүн китепте жазылгандыгы үчүн ишенесиң да, бирок, китептерде жазылгандыгы үчүн хадистерге эмнеге ишенбейсиңер? Бул карама-каршылык эмеспи?

Куранда башынан аягына чейин: "Расулума баш ийгиле, Ага моюн сунгула!” - деп буйрук кылынууда. Расулга моюн сунуу ага сыйынуу болсо, Аллаху таала эмнеге: "Расулума моюн сунган мага моюн сунган болот”, - деди? Кудай сактасын, анда "Мени менен бирге Расулума дагы сыйынгыла” деп буйрук кылуудабы?

Пайгамбарсыз дин болобу? Кудай сактасын, анда Пайгамбарды жөн эле жиберди беле? Эгер андай болгондо Аллах эч кандай пайгамбар жибермек эмес, бир гана китеп жиберип, алгыла ушуну менен амал кылгыла деп айтмак. Ар кылымда пайгамбарларды жиберип турду. 124 миңден ашуун пайгамбарды жибергендиги билдирилген. Кудай сактасын, булар жөн эле жиберилгенби? "Жалгыз Курани карим” деп, сүннөттөрдү кабыл кылбагандар - дин душмандары.

Расулга баш ийүү эмне дегенди билдирет?

Суроо: "Расулума баш ийүү Аллахка баш ийүү болуп саналат” деген маанидеги аяттар үчүн "Пайгамбар бизге алып келген Куранга баш ийүү дегенди билдирет, антпесе, анын өзүнө баш ийүү эмес, Пайгамбардын кудайлык касиети жок, ага эмнеге баш ийилсин. Бул жердеги баш ийүү алып келгендерине баш ийүү деген мааниде” деп чечмеленүүдө. Мунун менен пайгамбар бир гана почточу дегенди билдирбейби?

Жооп

Кудай сактасын, Пайгамбарыбыз алейхиссаламга кудайлык касиетти берген ким экен? Бул эмне деген жалаа? Бул миссионерлер тарабынан колдонулуп жаткан 19чулардын жалаасы болуп саналат. Дагы Рашат Халифаны пайгамбар деген 19чу бир капыр ошол пикирди айтканда Садриддин Кожо мындай деген экен:

"Эгер Аллахка баш ийүү, Аллахтын аяттарына баш ийүү, Расулуна баш ийүү да анын Аллахтан алып келген аяттарына баш ийүү болсо, Кудай сактасын, анда аяттын мааниси: "Аллахтын аяттарына жана Аллахтын аяттарына баш ийгиле!” деген болуп калат жана бул абсурд. Кудай сактасын, Аллах абсурд иш кылбайт.”

Кудай сактасын, эгер алар айткан сыяктуу болгондо Аллаху таала эмнеге бул ишке Расулун кайра-кайра аралаштырсын? "Аллахка бай ийгиле” же "Аллах жиберген Куранга баш ийгиле” деп айтмак, Расулуна да баш ийүү деген сөздү эч качан колдонмок эмес. Ахзаб сүрөсүнүн: "Аллах жана Расулу бир ишти өкүм кылса...” деген маанидеги 36-аяти каримасында ушундай. Расулуна мындай укук бербегенде Расулун эч качан айтмак эмес. Расулу бир нерсени харам же халал деген болсо вахийге таянып айтууда. Итти, арстанды, аюуну харам кылуусу, намаздын рекеттерин, намазды, орозону буза турган нерселерди, зекеттин эсебин жана буга окшош нерселерди бул укукка таянып билдирүүдө.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш