Ислам дини » Адеп-ахлак » Хиджаб жана сатр-и аврат » Хиджаб тууралуу суроолор




Хиджаб тууралуу суроолор


Суроо: Жайында жоолук салынган аялдардын буттарында байпагы жок жүрүшкөнүн көрөбүз. Буттарына байпак кийбестен көчөгө чыгуу жаизби? Ханафи мазхабына карата буттар (томуктан төмөн жагы) ачык бойдон жүрүүгө болобу?

ЖООП

Аял кишинин (күң аялдан башка) колунан (билегинен төмөнкү манжа бөлүгү) жана жүзүнөн башка бардык жери, билектери, чачтары жана таманы намаз үчүн Ханафиде аврат болуп саналат. Колдорунун үстү (б.а., билектен төмөн) аврат эмес деген баалуу китептер көп. Булар боюнча аялдардын билектерине чейин беш манжа колдорунун үстү ачык кылуулары жаиз болот. Бирок, бул маанилүү китептердин бардыгынын билдирүүлөрүнө уйуу үчүн аялдардын колдорун толук жаба тургандай узун колдуу намазга кийчү кийим же кенен жоолук менен колдорду жабуулары жакшы болот.

Аялдардын буттары намазда аврат эмес деген болсо да бул аалымдар да намазда жабуусу сүннөт, ачуусу макрух деп айтышкан. Эркектин же аялдын аврат жерлеринен кайсыдыр биринин төрттө бир бөлүгү бир рукун ачык калса намаз бузулат. Азы ачыла турган болсо бузулбайт. Намазы макрух болот. Мисалы, бутунун төрттө бири ачык болгон аялдын намазы сахих болбойт. "Умдат-ул-исламда” мындай деп жазылган: "Аялдын томугу, билеги, моюну же чачы ачык бойдон окуган намазы сахих болбойт. Кийген же орогон кезде дененин формасы же түсү көрүнө турчу ичке кездеме жок дегенге тете.” [Саадат-и Абадиййа]

Шафииде аялдын эки колунан (билектен төмөн) жана жүзүнөн башка бардык жери бардык убакта аврат. "Халеби-йи кебирде”: "Аялдын (күң аялдан башка) алакан ичи жана жүзүнөн жана буттарынан башка бардык денеси аврат. Буттары да аврат дегендер болду. Нур сүрөсүндөгү аяти кариманын маанисинде: "Аялдар буттарындагы оролгон зыйнаттардын үндөрү угулбашы үчүн буттарын жерге уруп басышпасын”, - деп буюрулду. Буттардын аврат экендиги бул жерден да белгилүү болууда. ”

Көрүнүп тургандай эле аалымдар ар кандай билдиришкен. Намаздын сыртында аврат же аврат эмес дегендер да болгон. Эң жакшысы намазда жана намаздан сырткары бутка байпак кийүү керек. Буттары байпаксыз ачык жүргөндөргө да харам кылып жатат дебеш керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш